Экстремисттик сайттарга бөгөт коюлат

 Ушундай мыйзам долбоору 9-март күнү Жогорку Кеңештин отурумунда биринчи окууда каралды. Транспорт жана байланыш министринин орун басары Улан Уезбаев экстремисттик материалдарды камтыган сайттарга прокуратуранын көрсөтмөсү менен 3-5 күндүн ичинде чектөө киргизилишин айтты.

 “Экстремисттик материалдарды камтыган сайттар прокурордун көрсөтмөсү менен сотко чейин министрлик тарабынан өчүрүлөт. Эгерде сот экспертиза туура эмес чыкканын айтса, сайт кайрадан жанданат”, – деди Уезбаев.

 Депутаттардын көпчүлүгү “экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору бүгүнкү күндө зарыл экендигин айтып, экинчи окууга дагы толуктап алып келүү зарыл деген пикирлерин билдиришкен.

Туркистон:

Кыргызстан парламенти да, өкмөтү да мамлекетте башка проблема калбагандай негизги көӊүлүн “терроризм” жана “экстремизм”ге каршы күрөшкө каратып келүүдө. Мамлекетти “экстремисттик” жана “террористтик” коркунуч каптап алгандай кылып көрсөтүү аркылуу чет өлкөлөрдөн жардам жана садага акчаларын алуу үмүтүндө жок эле коркунучту өздөрү пайда кылып жатканы белгилүү.

 Эми болсо жогорудагы мыйзам долбоору тастыктала турган болсо өкмөт өзүнө жакпаган сайттарды – алар диний болобу же оппозициялык болобу, айырмасыз – эч бир кыйынчылыксыз чектеп коюу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Түпкүлүгүндө, Кыргызстан парламенти да, өкмөтү да бирер мыйзам долбоорун иштеп чыгууда баш оорутуп отурушпайт т.а. Россия Думасы жана өкмөтү кандай мыйзам кабыл алса, булар да ойлонуп отурбастан ошону көчүрүп алууга аракет кылып калышат. Бул мыйзам долбоору да Россиянын талабы менен иштелип чыгууда.

 Муну айтышыбыздын себеби, мындан бир аз убакыт мурда Евразия киберкоопсуздук уюму (Москва) өзүнүн веб-сайтында  Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаевге жана КМШ мамлекеттеринин жетекчилерине жолдонгон кайрылуусунда: “Евразия мамлекеттери менен виртуалдык чегараларды жабуу, Батыштын Google жана Facebook сыяктуу ири сайт жана социалдык тармактардын ишмердүүлүгүн чектөөнү” сунуштаган, Viber, WhatsUp жана Telegram интернет-телефон кызматтарын болсо Skype сыяктуу укук коргоо органдары менен кызматташууга чакырган эле.

turkistonkg

Recent Posts

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

3 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

4 days ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

4 days ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

4 days ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

4 days ago

Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады

Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…

5 days ago