Америкалык жооптуу: Кытай Түштүк Кытай деңизинде көзөмөл орнотушу мүмкүн

Америкалык бир аскерий жооптуунун билдиришинче, эгерде Кытай өзү пайда кылган бардык жасалма аралдарды куралдандырууну уланта берсе, ал стратегиялык мааниге ээ Түштүк Кытай деңизи аймагында көзөмөл орнотушу мүмкүн. Америка аскерий деңиз Флотунун Тынч Океан боюнча командачысы адмирал Гарри Харрис: «Акыры келип, Кытай эл аралык соода үчүн негизги аймак болуп эсептелген ушул аймакта деңиз жана аба коридорлорун көзөмөл кылуу мүмкүнчүлүгүнө жетишүүсү мүмкүн», – деди. Анын айтымында, Түштүк Кытай деңизи аркылуу бир жылда 5300 миллиард доллар өлчөмүндө товар өтөт, бул деңиздин түбүнөн өтө көп байланыш кабелдери өткөн. Пекин Түштүк Кытай деңизинин негизги бөлүгүнө өкүмдарлык кылууну каалап жатат. Ал региондогу аралдарда өздөштүрүү иштерин жүргүзүп, портторду жана учактар конуучу майдандарды о.э. түрдүү инфраструктураларды курууга аракет кылып жатат. Ошондуктан, Кошмо Штаттар ушул аймактын аскерийлешип жатканын каралады. Жакында ал Парасел Архипелагында ракета батареялары, Спратли Архипелагында жаӊы үлгүдөгү радарлар бар экендигин ачыктады. Харрис Кошмо Штаттар Түштүк Кытай деңизинде кемелердин эркин сүзүшүн камсыздоо максатында аймактагы аскерий бөлүктөрүн көбөйтө тургандыгын баса белгиледи. (Ал-Жазира нет).

Роя гезитинин комментарийи:

Америкалык жооптуунун бул билдирүүсүнөн, анын ушул аймакта Кытайдын ролун кыскартуу максатында жүргүзүп жаткан саясатын түшүнүүгө болот. О.э. анын бул саясатынан көпчүлүк Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттерине Кытай жана анын ачкөздүгүнө каршы күрөштө Америкага муктаж экендиктерин сездирмекчи болуп жатканын да түшүнүүгө болот. Мына ошондо Американын региондогу аскерий вужуду бекемделет жана бул мамлекеттер анын өкүмдарлыгына дагы да көбүрөөк моюн суна турган болот. Дагы бир эскерте кетүүчү нерсе, америкалык жооптуунун билдирүүлөрү жаңырып, Кытайдын ушул Архипелагдарга ракета батареяларын жайгаштырып жатканына Америка нааразылык билдиргенден кийин, ишемби күнү «Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттери уюму» (АСЕАН) Түштүк Кытай деңизиндеги талаштуу суулар маселесинде мамлекеттер аралык келишпестиктердин күчөп бара жатканынан тынчсыздануусун билдирди. О.э. «мындай жерлерди өздөштүрүү иштери жана күн өткөн сайын күчөп бара жаткан иш-чаралар кескиндиктин ого бетер күчөшүнө алып барышын жана бул регион тынчтыгы, коопсуздугу, туруктуулугуна коркунуч туудурушу ыктымалынан алыс эместигин» да кошумча кылды.

Роя гезитинин 2016-жыл, 2-марттагы 67-санынан

turkistonkg

Recent Posts

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

3 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

4 days ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

4 days ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

4 days ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

4 days ago

Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады

Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…

5 days ago