Жубайр: Эгерде Асад тынч жол менен кетпесе, аскерий план даяр

Саудиянын тышкы иштер министри Адил Жубайр Даниянын премьер-министри Йенс Кристиан менен Эр-Риядда өткөргөн маалымат жыйынында Сирияны Башар Асадсыз мамлекетке айландыруунун альтернативдүү планы бар экендигин, Асадды же тынч жол менен же аскерий жол аркылуу бийликтен четтетүү шарт экендигин баса белгиледи. «Асад режими тарабынан келишимди бузуу абалы жүз берүүдө, бул маселени Сирияны колдоп-кубаттоочу мамлекеттер менен кеңешебиз», – деди Саудиянын тышкы иштер министри. Андан соӊ, «эгерде режим жана анын союздаштары бул маселеге олуттуу карабай турган болсо, Асадсыз Сириянын альтернативдүү планы бар экендигин» кошумчалады. Эгерде «Коалиция Сирияга кургактык күчтөрүн жиберүү чечимин кабыл ала турган болсо, Саудия бул жаатта салым кошууга даяр» экендигин баса белгиледи. (Халиж онлайн).

Роя гезитинин комментарийи:

Саудия тышкы иштер министри да, башка саудиялык жооптуулар да «Сирия келечегинде Асадга орун жок», «Асад тынч жол менен бийликтен кетпесе, аскерий жол менен кетет» деген сыяктуу билдирүүлөрдү көптөн бери кайталап келишет. Бирок ушунча жылдар өтсө да, Шам калкы дагы деле кыргындарга дуушар болуп качкынга айланып жатышат. Саудия өкүмдарлары болсо ушундай маанидеги билдирүүлөрдү берүүдөн чарчабай жатат. Мындан тышкары, эгерде Саудия Сирияга аскерий аралашууну баштаган күндө да, муну Сирия калкын Башар Асаддан жана анын артында турган Россия, Америка сыяктуу мамлекеттердин зомбулугунан куткаруу үчүн кылбайт. Тескерисинче, Батыштын Сириядагы пландарын ишке ашыруу үчүн аралашат. Муну Жубайрдын «Коалиция Сирияга кургактык күчтөрүн жиберүү  чечимин кабыл ала турган болсо, Саудия бул жаатта салым кошууга даяр» деген сөздөрү да тастыктап турат.

Роя гезитинин 2016-жыл, 2-марттагы 67-санынан

turkistonkg

Recent Posts

Кадыр барктуу уурунун колун кесүү тууралуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Кадыр барктуу уурунун колун кесүү тууралуу Урматтуу бир туугандар…

5 hours ago

Казандагы БРИКС саммити жана анын Батыш гегемондугунан чыгуудагы ийгилигинин даражасы

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Казандагы БРИКС саммити жана анын Батыш гегемондугунан чыгуудагы ийгилигинин даражасы  Устаз…

2 days ago

Яхудийлердин Ливанга каршы согушундагы өзгөрүүлөр

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Яхудийлердин Ливанга каршы согушундагы өзгөрүүлөр  Мухандис Муждий Али Болжол менен бир…

2 days ago

Мазаммат кылынган хулктар

 بسم الله الرحمن الرحيم  АДЕП-АХЛАК  Мазаммат кылынган хулктар (момундар жоготушу керек болгон хулктар) Кыянат, бапаасыздык:…

2 days ago

Түрк мамлекеттер уюму кимдин кызыкчылыгына кызмат кылат?

Түрк мамлекеттер уюму кимдин кызыкчылыгына кызмат кылат? Кыргызстанда 6-ноябрда Түрк мамлекеттери уюмунун XI саммити өтөт.…

3 days ago

Силерге аз гана илим берилген

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Силерге аз гана илим берилген Урматтуу бир туугандар “Асыл…

3 days ago