Анкарада Халифалык урааны жаӊырды

Хизб ут-Тахрир – Түркия вилаяты тарабынан Анкарада уюштурулган “Халифалык куру кыялбы же жакынкы келечекпи?” деген аталыштагы эл аралык конференцияга өтө көп адам катышты. Түз эфир аркылуу бүт дүйнөгө көрсөтүлүп турган конференцияга дүйнөнүн түрдүү аймактарынан күтүлгөндөн да көбүрөөк адамдар келишти.

Саат 13:30да башталышы пландаштырылган конференция кээ бир себептерден улам (т.а. полиция  күчтөрүнүн коопсуздук көзөмөлдөрү себептүү) 14:15те Куран Карим кырааты менен башталды. Бирок, уюштуруучулардын (Аллах алардан ыраазы болсун) олуттуу аракеттери себептүү конференция эч бир кемчиликсиз, татыктуу көрүнүштө өз убагында аяктады.

Конференция Хизб ут-Тахрир – Түркия вилаяты басма сөз бөлүмүнүн жетекчиси Махмуд Кар мырзанын кайрылуусу менен башталды. Андан соӊ сөзгө чыккан Акса мечитинин имам-хатиби Шайх Иссам Амира Ислам мамлекетинин кулоосу себептүү бир кылымга жакын яхудийлердин таманы астында калып кеткен Палестина проблемасына токтолду. Австралиядан келген устаз Исмаил Вахвах болсо Халифалык мамлекети тикелениши менен мусулмандар эле эмес, капитализмдин зулумунан азап тартып жаткан бүтүндөй адамзат нажат табышына басым жасады. Хизб ут-Тахрир – Индонезия вилаятынын расмий сүйлөөчүсү Исмаил Юсанто биринчи Халифалык мамлекети Перс империясын жана Византияны жеӊгени сыяктуу эле, экинчи рошид Халифалык мамлекети да Америка менен Европага чегин көрсөтүп коё тургандыгын айтып өттү.

О.э. бардык сөзгө чыккандар үммөттүн негизги проблемаларын айтып өтүштү. Алар конференцияга катышкандарга жана дүйнөдөгү бардык мусулмандарга, айрыкча аскерийлерге кайрылышып, аларды экинчи рошид Халифалыкты тикелөө үчүн салым кошууга чакырышты. Конференция катышуучулары дароо бийик жаӊырыктар менен буга даяр экендигин билдиришти.

Конференция Абдуллах Имамогулунун кызуу кайрылуусу жана таасирдүү дубалары менен аяктады.

turkistonkg

Recent Posts

Кадыр барктуу уурунун колун кесүү тууралуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Кадыр барктуу уурунун колун кесүү тууралуу Урматтуу бир туугандар…

11 hours ago

Казандагы БРИКС саммити жана анын Батыш гегемондугунан чыгуудагы ийгилигинин даражасы

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Казандагы БРИКС саммити жана анын Батыш гегемондугунан чыгуудагы ийгилигинин даражасы  Устаз…

2 days ago

Яхудийлердин Ливанга каршы согушундагы өзгөрүүлөр

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Яхудийлердин Ливанга каршы согушундагы өзгөрүүлөр  Мухандис Муждий Али Болжол менен бир…

2 days ago

Мазаммат кылынган хулктар

 بسم الله الرحمن الرحيم  АДЕП-АХЛАК  Мазаммат кылынган хулктар (момундар жоготушу керек болгон хулктар) Кыянат, бапаасыздык:…

2 days ago

Түрк мамлекеттер уюму кимдин кызыкчылыгына кызмат кылат?

Түрк мамлекеттер уюму кимдин кызыкчылыгына кызмат кылат? Кыргызстанда 6-ноябрда Түрк мамлекеттери уюмунун XI саммити өтөт.…

3 days ago

Силерге аз гана илим берилген

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Силерге аз гана илим берилген Урматтуу бир туугандар “Асыл…

3 days ago