Атамбаев Путин менен учурашыштан эмнелер күтүлүшү мүмкүн

 Туркистон:

Жогорудагы жолугушуу эки мамлекеттин теӊ экономикалык проблемаларын чечүү үчүн салмактуу үлүш кошо албайт. ЕАЭБ өзүнүн өтө начар жана пайдасыз уюм экендигин көрсөтүп болду. Путин бул уюмду реформа кыла албайт. Атамбаев Назарбаевдин үстүнөн Путинге Казакстандан транзит болуп өтүп жаткан жүктөргө жеӊилдик бербей жатканынан, фито-санитария лабороториясын курал кылып алып, Кыргызстандын  продукцияларын Россия жана Казакстандын базарларына өткөрбөй жатканынан арызданышы  мүмкүн. Бирок, Путин бул тармактарда азыр Атамбаевге эч кандай жардам бере албайт.

Путин Кыргызстан үчүн болгону бир тармакта жардам берүүнү сунуш кылышы мүмкүн. Т.а. кыргыз режимин бийликте кармап калууда, ыпылас ыкмалардан пайдаланууда кызматташууну сунуш кылышы мүмкүн.

Алар “ырасында экономикалык кризистин алдын алуу мүмкүн болбогон соӊ, демек мамлекеттин бул оор абалынан пайдаланып калышы мүмкүн  болгон күчтөрдөн тазалануу керек” деген логикага негизделишет. Путиндин адистиги ушул болгондуктан, бул операцияларды ишке ашыруу боюнча дүйнөдө алдыӊкы орундарды ээлеп келет.

Путин Москвада “жаш баланын башын көтөрүп жүргөн аял” операциясын уюштуруу менен, коомчулукту улутчулдук жана расалык проблемаларга тарта баштады. Эми кырдаал курчуп бара берет. Путин болсо, өзүнө ыңгайлуу учур пайда болушу менен бул ыпылас кырдаалды ишке салып, улутчулдук жана расачылык согуштарын пайда кылат.

Путин Атамбаевди Кыргызстандагы абалдан коркутуп, күтүлүп жаткан жаңы революциялардын алдын алуу үчүн чараларды сунуштайт. Дагы улуттук жана диний кескиндиктерди пайда кылып турууну сунуштайт. Убагы келгенде орустун атайын күчтөрү ишти колуна алып, кырдаалды курчутуп жиберүүдө жардам бериши мүмкүн экендигин билдирет. Россия үчүн бул иштер кыйын эмес.

Бирок, Кыргызстан Россия эмес. Атамбаев бийлигин сактап калуу үчүн кыргыз элин курмандыкка чалып жиберүүдөн баш тартат деген үмүтүбүз азырынча үзүлө элек. Азыр Россия менен жакын турууга болбойт. Ал жалаӊ гана өз күчү менен иш кылуудан башка мүмкүнчүлүктөргө ээ болбой калды.

Путин Атамбаевди – эгерде анын сунуштарын четке какса – оппозициялык күчтөргө ушул сунуш менен чыгып, натыйжада Кыргызстанды экиге бөлүп жибериши мүмкүн экендиги менен коркутууга аракет кылат.

Бирок, Россия басым өткөрүп жаткан бул ыпылас операциялардын бардыгын – эгерде исламий чөйрө сакталып турса – Россия ишке ашыра албайт. Себеби, Ислам дини улуттук, расалык жана башка адамдар бири-бирин кемсинтүүчү бардык бөлүнүүлөрдү четке кагат. Ислам дини өзүнүн табиятынан келип чыгып, бул ыпылас элементтер менен күрөшөт. Мусулмандар да, өз ишениминен келип чыгып, бул сыяктуу шариятка тескери көрүнүштөргө каршы күрөшүүгө мажбур болушат. Ошондуктан, Путин Атамбаевден диний адамдарды жана исламий чөйрөнү жок кылууну талап кылат.

Биз Атамбаевден Ислам жана мусулмандар тарапка кеӊири кулач жаюуну сурайбыз. Бул куфр күчтөрүнө каршы сокку болуп, алар мамлекетибизде уюштурууну көздөп жаткан ар түрдүү фитнакечтик операциялары үчүн өтө күчтүү коргонуу каражаты болот эле.

turkistonkg

Recent Posts

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…

1 day ago

Адам досунун динине ээрчийт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам  досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

1 day ago

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

5 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

1 week ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago