Режимди сактап калуу үчүн кандуу жиптер

Америка, кийин Россия режимди сактап калуу үчүн кандуу жиптер менен токуган тынчтык келишими козголоңчуларды аман калтырбайт, тескерисинче, аларды тогутка каршы согуштурбастан, террорчу деген шылтоо менен бири-бирине каршы согуштурат

Бир катар маалымат каражаттары 2016-жылы 22-февралда Америка менен Россия тынчтык келишими жөнүндө чыгарган ортоктош билдирүүсүн маалымдашты. Билдирүүдө мындай делген: «… Кошмо Штаттар жана Россия – Сирияга жардам көрсөткөн эл аралык топтун жана ок атууну токтотуу жумушчу тобунун негизги катышуучусу катары – 2016-жылы 22-февралда Сирияда согушту токтотуу жөнүндөгү тынчтык келишиминин шарттары кабыл алынганын жарыялады. Бул билдирүүгө тиркелип, бул эки мамлекет согуштук амалияттарды токтотууну 2016-жылы 27-февралда Дамаск убагы менен саат 00:00дө баштоону сунуштады… Согуштук амалияттарды токтотуу Сирия күрөшүндөгү тараптарды т.а. бул тынчтык келишимине амал кылууну жана анын шарттарын кабыл алууну жарыялаган тараптарды камтыйт… Бул тараптар тынчтык келишиминин шарттарын кабыл алышын жана бул шарттарга амал кылышын Россия Федерациясына же Кошмо Штаттарга 2016-жылы 26-февраль Дамаск убагы менен саат 12:00дөн кечиктирбестен билдириши керек. Тынчтык келишиминин шарттары ушулар: Коопсуздук Кеңешинин №2254-резолюциясын толук аткаруу, БУУ башчылыгындагы саясий сүйлөшүүлөр амалиятына катышууга даярдык көрүү, ар кандай түрдөгү курал-жарактар, ракеталар, минометтер, танктарга каршы ракеталар менен жасалган чабуулдарды токтотуу… Ок атууну токтотууда катышкан тараптардын аймактарын басып алууну же ага аракет кылууну токтотуу…». («Арабийя нет», 2016-жыл, 22-февраль).

Андан кийин Рияз оппозициясы буга макулдук берди «… Американын Сириядагы өкүлү Майкл Ратни тынчтык келишиминин негизги пунктуларын жана бул пунктуларды аткаруу жараяны 27-февралда т.а. ишемби күнү башталышын билдирди. Ал өз кезегинде, сүйлөшүү өткөрүү жогорку кеңешинин төрагасы Рияз Хижаб бул кеңеш тынчтык келишиминин пунктуларына эл аралык кепилдиктер берилгендиктен макул болгонун жарыялады…». («Арабий Жадид», 2016-жыл, 22-февраль). Ошондон кийин тогут режим да макулдук берди: «… Сирия араб республикасы – Россия-Америка билдирүүсүнө ылайык «ИШИМге», «Жабхатун Нусрага» о.э. «ал-Каидага» алакадар башка террорчу уюмдарга каршы күрөшүүдө аскерий аракеттерди улантуу негизинде – согуштук амалияттарды токтотууну кабыл алганын жарыялады». («Русиял Явм», 2016-жыл, 23-февраль)… «Америка мамлекеттик департаментиндеги жооптуулардын бири маалым кылгандай, Керри 2016-жылы 22-февраль күнү самолётто Вашингтонго кайтып жатып Британия, Франция, Германия, Саудия Арабстан, Катар, Түркия министрлерин бул келишимден кабардар кылды». («Шаркул Авсат», 2016-жыл, 24-февраль).

Эй мусулмандар! Бул тынчтык келишиминин тексти, киришүүсү жана акыбеттери жөнүндө терең ой жүгүрткөн киши Америка менен Россия бул тынчтык келишимин моюнга алдыруу үчүн чоң аракет кылганын көрөт. Анткени, 2016-жылы 12-февралда Вена жолугушуусунда тынчтык келишимине бир апта арасында макулдук берилди, бирок бир апта өтсө да эч нерсе жүзөгө чыкпады… Ошондон кийин Керри жана Лавров дагы байма-бай жолугушууларды өткөрүп, 2016-жылы 27-февралда тынчтык келишиминин жаңы мөөнөтүн белгилешти… Америка оппозицияга тынымсыз басым өткөрдү, жада калса, Американын Сириядагы өкүлү Майкл Ратни дээрлик алардын (оппозициячылардын) алдында – макулдугун алуу үчүн – жашап калды. Ошентип, макулдук да алынды! Бул тынчтык келишиминин киришүүсүнө жана акыбеттерине терең назар салсак, анын артында кыйратуучу жар турганын көрөбүз. Бул эки жарга көзү жана жүрөгү сокур кимсе гана алданып түшөт. Бул жардын биринчиси ушул: бул тынчтык келишими ага кошулган ар бир кимсеге душмандык амалияттарын токтотууну, Сирия кризисин режим менен биргеликте кор, шерменде болуп чечүүгө макулдук берүүнү шарттайт… Экинчи жар: бул тынчтык келишими анын шарттарына кирбеген ар бир кишини террорчу деп эсептейт, террорчу деп жарыяланган «Мамлекет уюмун» жана «Жабхатун Нусраны» гана террорчу деп эсептеп калбастан, тогут режим менен келишимге барбаган ар бир кишини террорчу деп эсептейт. Түпкүлүгүндө, режим менен бул кор кылуучу келишимге макул болбогон башка топтор да бар. Келишимдин текстине ылайык, алардын баары бомбаланат жана өлтүрүлөт. Белгилүү болгондой, бул кордоочу шерменде келишимди катъий четке кагуу – Шам калкынын көпчүлүгүнүн жүрөгүндөгү каалоо. Андыктан, Америка жана Россия назарында о.э. бул кылмышта ушул эки колонизаторго жардам берип жаткан кимселердин назарында Шам калкы же алардын абдан чоң бөлүгү террорчулар эсептелет!

Терроризм – Америка жана Россия Сирия калкына каршы жырткыч чабуулдарды жасоо үчүн жүйө катары карманган шылтоо. Америка өзүнүн Сирияга чабуулдарын 2014-жылы 23-сентябрда Америка коалициясы деген аталышта баштады жана дале улантып келет… Андан кийин Обама жана Путин эки расмий делегациянын катышуусунда өткөргөн жолугушуудагы ыплас келишимге ылайык Америка Россияны жардамга чакырды. Нью-Йоркто 2015-жылы 29-сентябрда өткөрүлгөн ушул жолугушуу 90 мүнөткө созулду. Жолугушууда Обама жана Путин Сирия кризисин талкуулашты, Украина кризисине да токтолуп өтүштү. Путин басма сөз конференциясында бул жолугушууну «конструктивдүү жана олуттуу» деп атады. Путин «согуш майдандарында террорчуларга каршы согушуп жаткандарга жардам берүү үчүн Россия Сирияда аба соккуларын бериши үчүн мүмкүнчүлүк туулганын» маалымдады. Ал эми, Америка мамлекеттик катчысы Жон Керри Кошмо Штаттар менен Россиянын Сирия боюнча «айрым негизги принциптерге» келишип алышканын билдирди…. Дагы бир Америка жооптуусу Обама менен Путин Сирияда күтүлүп жаткан амалияттарда ар кандай күрөштүн алдын алуу үчүн эки мамлекеттин армиялары ортосунда сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө келишип алышканын айтты». («Русиял Явм», «АФП», «Рейтер», «АП», «Сафир», 2015-жыл, 30-сентябрь).

Обама менен Путиндин жолугушуусунан кийин 2015-жылы 30-сентябрда Россия ракеталары жана самолёттору менен согушка кирди. Россия согушка кирип режимге куралдуу каршылык көрсөтүп жаткан бардык кишилерге террорчу деген тамганы жабыштырган Америка уруксаты менен террорго каршы согуш жарыялады. Азыр Америка уруксатты кеңейтти, натыйжада режим менен корлорчо шерменде келишимге каршы чыккан ар бир кишиге террорчу деген тамга жабыштырыла турган болду. Колонизаторлор бүгүн муну жашырбай эле, тескерисинче, бул жырткыч согуштар ушул уу-заар, кандуу келишимге кошулуу үчүн басым өткөрүү каражаттары экенин ачык айтышууда… «Орус тышкы иштер министрлиги Москванын Сирия багыты боюнча таштай турган бардык кадамдарынан максат бул мамлекеттеги саясий чечимге салым кошуу экенин баса белгиледи…». («Русиял Явм», 2015-жыл, 10-август). «Орус тышкы иштер министрлиги «Орус аба күчтөрүнүн соккулары терроризмге каршы күрөшүү үчүн, арийне Сирия-Сирия сүйлөшүүлөрү үчүн жакшы шартты  даярдайт» деп билдирди». («Русиял Явм», 2016-жыл, 10-февраль).

Эй мусулмандар! Америка өз табакташы Россия менен биргеликте Шам калкына каршы, бүткүл мусулмандарга каршы кылмыш тузактарын коюшуна таң калуунун кажети жок. Анткени, бул колонизаторлор – Ислам жана мусулмандардын душманы. Бирок, режимге каршы оппозиция деген аталышта, Шам калкынын атынан, а түгүл, исламий аталыштар менен айрым бир адамдардын бул кылмышта катышып жатканы таң калычтуу. Бул кимселер Хижаб тарабынан жана башкалар тарабынан берилген макулдук менен бул кордук шерменде тынчтык келишимине шаша макулдук беришүүдө! Түпкүлүгүндө, бул тынчтык келишими режимдин тынчтыгын коргоп, аны белгилүү бир убакытка чейин аман сактап турат. Америка Башардын – ага окшоп Америка кызыкчылыктарына кызмат кыла турган жана ага окшоп Америка таасирин коргой турган дагы бир саткын малайды табышынан мурун – кетишин каалабай жатат… Ошондуктан, Америка бул тогутту өзүнүн бүткүл ыплас каражаттары менен колдоп-кубаттап, өзүнүн малайларынын көмөгүндө алдоо жана адаштыруу менен бул тогутка жардам көрсөтүүдө. Демек, Америка мусулман өлкөлөрүндөгү баскынчылыкка жетекчилик кылууда. Америка Шамда, биз, мусулмандарга, каршы түздөн-түз согушуп гана калбастан, өзүнүн түрдүү жүгүртөк куралдары жардамында: жергиликтүү, регионалдык жана эл аралык жүгүртөктөрүнүн жардамында да согушууда. Мисалы, Америка Шам тогутунун жана анын жүгүртөктөрүнүн жардамында согушту. Бул тогут кулоого жакын калганда Америка аны региондогу жүгүртөгү Иран жана анын Ливандагы Хизби о.э. Ирактан келген малайлары менен колдоп-кубаттады. Бул пайда бербеген соң, Америка эл аралык майданда бир ыплас келишимди түздү. Натыйжада, Россия бул зыян келишим боюнча Американын этегин кармап ал үчүн согуша турган болду. Путин Сирияда Америкага кызмат кылуу менен Америка аны Украина жаатында Россиянын түштүк чегараларындагы проблемалардан тынч коёт деп куру кыялданды. Бирок, бул иш башка жана тигил иш башка! Анткени, Россиянын мусулмандарга каршы согуш иримине кириши Россияга көптөгөн кырсык ызааларын тарттырды. Бул кырсыктардын жанында Украина проблемалары жана кошумча проблемалар мусулмандардын Россияга каршы кыжыры деңизиндеги бир кичине чекит болуп калат. Эртеңки күн, аны күтүп жаткан үчүн жакын…

Америка чакан тынчтык келишимдеринин тизмеги башталгандан бери чоң тынчтык келишимин даярдап келе жаткан. Ошол чакан тынчтык келишимдери 2012-жылы 10-апрелдеги Кофи Аннан тынчтык келишиминен башталып Ахзар Иброхимий тынчтык келишими, Барза району тынчтык келишими, Кабун району тынчтык келишими, Түндүк Идлиб тегерегиндеги эки шаар: Куфрия жана Фавъа тынчтык келишими, Дамаск тегерегиндеги эки шаар: Забаданий жана Мадая тынчтык келишими, 2015-жылы декабрдагы Ваър (Ваер) районунун тынчтык келишимине чейин жетти. Америка президенти бул тынчтык келишимдерин алкыштап – ошол кезден тартып азыркы чоң тынчтык келишимин пландап жаткандай – аларды чоңураак көлөмдө кеңейтүүгө чакырды. Анткени, Обама ошол кезде Ваър тынчтык келишими жөнүндө мындай деди: «… ал – дал ушундай региондорго киргизиле турган тынчтык келишимдеринин үлгүсү». «Обама бул тынчтык келишими Сирияда дагы да чоңураак көлөмдө ишке ашырылышы мүмкүн деди…». («Рейтер», 2015-жыл, 9-декабрь)… Тынчтык келишимин бузуу тогут режимдин ишиндеги жаңылык эмес. Анткени, бул режимдин өз убадаларынан кайтышы ага көз ачып жумгандан да жеңил экенин ар бир акыл жүгүрткөн киши жакшы билет! Ошондуктан, бул режим өзү түзгөн ар бир тынчтык келишимин бузуп келди. Акылдуу киши бир тешиктен эки жолу чактырбайт. Андыктан, көп жолу жана кайра-кайра чактырган кимсеге кандай баа берүү мүмкүн?! Набий A:

«لاَ يُلْدَغُ الْمُؤْمِنُ مِنْ جُحْرٍ وَاحِدٍ مَرَّتَيْنِ»

«Мумин бир тешиктен эки жолу чактырбайт» деди. (Бухарий риваяты).

Түпкүлүгүндө, бул тынчтык келишими аскерий топторго, жада калса муътадилдерге да эч качан амандык алып келбейт. А түгүл, Сирия калкы арасындагы катардагы жарандарга да амандык алып келбейт. Анткени, Америка менен Россия терроризм деген сөздүн мазмунун кеңейтти. Натыйжада, бул колонизаторлордун кордоочу кыянатчыл чечимин четке каккан ар бир киши бул кылмышкерлердин назарында террорчу болот… Бул кылмышкерлер террордун негизи жана булагы өзүлөрү экенин унутушту же өздөрүн унутканга салышты… Себеби Япониядагы, Вьетнамдагы, Ирактагы, Афганистандагы кыргындарды жасаган, Баграмда, Абу Гурайбда, Гуантанамодо… жырткыч кыйноолорду жасаган кылмышкерлер – ушул колонизаторлор өзүлөрү. Грозныйдагы, Крымдагы, Чыгыш Европадагы кыргындарды жасагандар – ушул колонизаторлор. Кылмышкерлер – ушул колонизаторлордун өзүлөрү! Аллахтын изни менен, алардын кылмыштары бир аз убакыттан кийин болсо да өздөрүнө шексиз тийет.

سَيُصِيبُ الَّذِينَ أَجْرَمُوا صَغَارٌ عِنْدَ اللَّهِ وَعَذَابٌ شَدِيدٌ بِمَا كَانُوا يَمْكُرُونَ

«Жакында мындай кылмышкерлерге жасап өткөн айла-амалардары себептүү Аллах алдынан кордук жана катуу азап жетет»   [6:124]

Демек, бул тынчтык келишими режимди аман сактап калуу үчүн түзүлдү. Ал эми, аны кабыл алгандарга ал кырсык гана алып келет. Жада калса, «Жайшул Ислам» жана «Ахроруш Шам» да – эгер, бул эки топ бул тынчтык келишими деген кылмыш күнөөсүнөн арылбаса – бул тынчтык келишиминин жамандыгынан таптакыр аман калбайт. Ал кезде өкүнүч пайда бербейт. Анткени, кафирлер эч качан эч бир мусулмандан ыраазы болушпайт, мусулмандын өз дининин бирер нерсесинен баш тартуусуна гана чектелип калышпайт. Тескерисинче, кафирлер мусулмандын өз дининен бүтүндөй баш тартуусун каалашат. Аллах Субханаху:

وَلَنْ تَرْضَى عَنْكَ الْيَهُودُ وَلَا النَّصَارَى حَتَّى تَتَّبِعَ مِلَّتَهُمْ

«Яхудий жана насронийлер алардын динине кирмейинче эч качан сенден ыраазы болушпайт»  [2:120] деп хак айтты.

Эй мусулмандар… Эй куралдуу бөлүктөр… Эй Дарул Ислам борбору болгон Шам калкы

Америка жана анын жүгүртөктөрү, Россия жана Батыш, алардын баары – өздөрү каалаган өзгөрүүнү жасай албаган жана өздөрү каалаган илманий башкарууну орното албаган коркоктор. Алар араңардан аларга кызмат кыла турган, динин арзыбаган, өткүнчү нерсеге сата турган малай саткындарды табышса гана аракеттери оңунан чыгуусу мүмкүн… Америка Афганистанда кандай абалга түшкөнүнө карагыла. Эгер, Пакистандагы жана Афганистандагы саткындар болбогондо колонизаторлор бул өлкөгө таптакыр орношо албайт эле… Американын Ирактагы абалына да карагыла. Эгер, Америкага тыштан танктары менен шерик болгон малайлар болбогондо жана ичкеридеги саткындар болбогондо ушул колонизаторлор бул өлкөнү тебелеп-тепсей албайт эле… Шам жеринде да абал ушундай. Демек, колонизатор кафирлердин жеңилүүсү – эгер, алар араңардан саткын жана малайларды табышпаса – абдан жеңил. Ошондо алар артына качышат – Аллахтын изни менен – эч бир байлыкты олжо кылып алышпайт… Андыктан, ушул колонизаторлордун улоосу болуудан да төмөн алсыз кимселер каршысында бекем тосмо болгула, бул малайларды колунан кармап тыйып койгула. Анткени, силер чыныгы эр кишилерсиңер. Аллахтын изни менен, силер акыйкат роясын бийиктикке көтөрө турган жана батыл байрагын жок кыла турган чыныгы эр кишилерсиңер.

إِنَّ الْبَاطِلَ كَانَ زَهُوقًا

«Анткени, батыл – жоголуучу нерсе»    [17:81]

Мунафыктарга кулак салуудан абдан этият болгула. Анткени, алар куфр калкынан – алардын эл аралык майдандагы кубатын себеп кылып көрсөтүп – жардам суроо зарылдыгын күнү-түнү сайрашууда. Бүткүл күч-кубат Аллахка гана таандык.

أَيَبْتَغُونَ عِنْدَهُمُ الْعِزَّةَ فَإِنَّ الْعِزَّةَ لِلَّهِ جَمِيعًا

«Алар ошол кафирлердин алдынан күч-кубат издешеби?! (Убара болушат!) Анткени, бардык күч-кубат Аллахка таандык» [4:139]

Абу Давуд өзүнүн сунанында Аиша Iдан чыгарган сахих хадисте энебиз мындай дейт: Расулуллах A айтты:

«إِنَّا لاَ نَسْتَعِينُ بِمُشْرِكٍ»

«Биз эч бир мушриктен жардам сурабайбыз». Ушуну жакшы билип алгыла, мунафыктардын турган турпаты өтө чоң зыян. Ошондуктан Алим, Хабир Аллах азаптоодо мунафыктарды кафирлерден мурун айтты.

إِنَّ اللَّهَ جَامِعُ الْمُنَافِقِينَ وَالْكَافِرِينَ فِي جَهَنَّمَ جَمِيعًا

«Албетте, Аллах бардык мунафык жана кафирлерди жаханнамга жамдоочу»      [4:140]

Ахмад өзүнүн муснадында Умар ибн Хаттаб Gдан чыгарган сахих хадисте Расул A мындай дейт:

«إِنَّ أَخْوَفَ مَا أَخَافُ عَلَى أُمَّتِي كُلُّ مُنَافِقٍ عَلِيمِ اللِّسَانِ»

«Мен Үммөтүм үчүн эң корккон нерсе – тили билгич ар бир мунафык».

Эй Шам калкы, өз калкын алдабаган жетекчи Хизб-ут-Тахрир силерге кайрылат: акыйкат үстүндө бекем тургула, силер ушул акыйкат үчүн көтөрүлүп чыктыңар. Малайларга, мунафыктарга алданып калбагыла. Бул мунафык, малайлар кафирлерден жардам суроону «коалиция» деп атап кооздоп көрсөтүүгө урунушууда, кафирлерден ыплас акчаларды алууну болсо «бири-бирине белек кылуу» деп көрсөтүшүүдө, кафирлер каршысында чөгөлөөнү болсо «айкөлдүк» деп аташууда.

كَبُرَتْ كَلِمَةً تَخْرُجُ مِنْ أَفْوَاهِهِمْ إِنْ يَقُولُونَ إِلَّا كَذِبًا

«Алардын ооздорунан чыккан сөз оор сөз. Алар жалаң гана жалган сүйлөшөт»   [18:5]

Шам – Дарул Ислам борбору. Ал жакында – Аллахтын изни менен – ушундай болот… Анткени, залим падышалык акыркы демин тартууда. Андан кийин Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык болот.

وَاللَّهُ غَالِبٌ عَلَى أَمْرِهِ وَلَكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ

«Аллах Өз ишинде үстөмдүк кылуучу, бирок адамдардын көпчүлүгү (муну) билишпейт»  [12:21]

 

Хизбут-Тахрир  

15жумадул-аввал, 1437-х.

24февраль, 2016м.

turkistonkg

Recent Posts

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…

2 days ago

Адам досунун динине ээрчийт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам  досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

2 days ago

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

5 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

1 week ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago