Президенттик аппараттын маалымат кызматы кабар беришинче, Алмазбек Атамбаев 2-март күнү иш сапар менен Россияга жөнөп кетти. Сапардын алкагында Атамбаев РФ президенти Владимир Путин менен жолугушуп, Кыргызстан-Россия кызматташтыгынын маанилүү маселелерин талкуулашат.
Маалымат кызматынын билдиришинче, аэропортто Алмазбек Атамбаевди Россия Федералдык бажы кызматынын жетекчиси Андрей Бельянинов тосуп алды.
Туркистон:
2010-жыл, апрел айындагы мамлекеттик төӊкөрүштөн кийин бийликке келген убактылуу өкмөт да, кийинчерээк президентикке келген Алмазбек Атамбаев да Россия басымы астында Кыргызстанда АКШ таасирин азайтууда чоӊ кызмат көрсөттү. Алгач, “Манас” аэропортунан АКШ аскерий базасы чыгарып жиберилген болсо, өткөн жылы 1993-жылы түзүлгөн өкмөттөр аралык кызматташтык келишим жокко чыгарылды жана АКШ каалоосуна тескери көрүнүштө Кыргызстан Россия жетегиндеги Евразия экономикалык биримдигине мүчө болуп кирди. Кыргызстан бийлиги бул иштердин бардыгын Россия тараптан боло турган колдоо жана экономикалык жардамдан үмүттөнүү менен кылган эле. Бирок, Кыргызстан күтrөн натыйжа жүз бербеди. Крым баскыны себептүү Россияга каршы колдонула баштаган санкциялар жана дүйнөлүк базарда нефтинин баасы кескин түшүп кетүүсү анын экономикасын оор абалга кептеп койду. Россия өзүнүн аскерий жардамынан башка Кыргызстанга дээрлик эч кандай жардам бере албай турган абалга түшүп калды. Басым жана үмүттөр астында өкмөт мамлекетти ЕАЭБге алып кирген болсо да, бүгүнкү күнгө чейин бул биримдиктин зыянын гана көрүп жатабыз. Кыргызстан өкмөтүнө болсо азыркы экономикалык кыйынчылыктар учурунда материалдык жардам көрсөтүүчү өнөктөш керек. Анын ким болушу маанилүү эмес.
Ошол себептен да Кыргызстан өкмөтү АКШ менен бузулган алакаларды кайрадан тикелөө жолунда иш-аракеттерди баштап жиберди. Алгач Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбеков 10-февраль күнү АКШнын Кыргызстандагы элчиси Шейла Гуолтни менен жолугушуп, өткөн жылы бир тараптуу жокко чыгарылган өкмөттөр аралык кызматташтык келишимин кайрадан тикелөө жолундагы алгачкы кадамды таштады. 24-февраль күнү болсо Кыргызстандын премьер-министри Темир Сариевдин Шейла Гуолтни менен жолугушканы кабарланды, а бирок, жолугушууда кандай маселе каралгандыгы жана кандай тыянакка келишкендиги кабарланбады. Ошондой болсо да бул жолугушууда да АКШ менен кызматташтыкты жаӊыдан жолго коюу жана аткарылышы керек болгон шарттар каралган болушу мүмкүн.
Кыргызстан өкмөтүнүн мындай кескин манёвр кылышы болсо Россия назарынан четте калбастыгы анык. Ошол себептен да Атамбаев алдын ала пландаштырылбаган чакыруу боюнча Москвага жөнөп кетти. Атамбаевди аэропортто Федералдык бажы кызматынын жетекчиси Андрей Бельянинов тосуп алганы болсо анын сапары канчалык даражада болушун жана Путин менен боло турган жолугушууда аны олуттуу суроолор күтүп турганын билдирип турат.
Ажырым күчөгөн Америкадагы шайлоо Дүйнөгө лидерлик макамын сактоо үчүн жан аракетин көрүп жаткан Америка Кошмо…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Кадыр барктуу уурунун колун кесүү тууралуу Урматтуу бир туугандар…
بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Казандагы БРИКС саммити жана анын Батыш гегемондугунан чыгуудагы ийгилигинин даражасы Устаз…
بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Яхудийлердин Ливанга каршы согушундагы өзгөрүүлөр Мухандис Муждий Али Болжол менен бир…
بسم الله الرحمن الرحيم АДЕП-АХЛАК Мазаммат кылынган хулктар (момундар жоготушу керек болгон хулктар) Кыянат, бапаасыздык:…
Түрк мамлекеттер уюму кимдин кызыкчылыгына кызмат кылат? Кыргызстанда 6-ноябрда Түрк мамлекеттери уюмунун XI саммити өтөт.…