Палестина Азаттык уюмунун башкы катчысы Соиб Арикоттун айтымында, Палестина жетекчиси Махмуд Аббас Америка тышкы иштер министри Жон Керри менен жолугушуусу учурунда бир нече маселелерди көтөргөн. Алардын негизгиси, эл аралык тынчтык конференциясын өткөрүүгө байланыштуу француз идеялары. Соиб Арикот Палестина тарап бул идеяларды Араб мамлекеттери менен бир катарда колдоп-кубатташын да баса белгиледи.
Арикоттун билдиришинче, Американын тышкы иштер министри Жон Керри өткөн жекшемби күнү Амманда Палестина жетекчиси Махмуд Аббас менен жолугушкандан кийин турак жай куруу иштери Америка тарабынан караланып, мыйзамсыз деп эсептелишин баса белгилеген. Арикоттун айтымында, Керри Аббаска “Америка 67-жылдагы чегаралар негизинде эки мамлекет чечими варианты ишке ашырылышын коргоону уланта беришин” да баса белгилеген.
Керри Амманга болгоy сапары учурунда Махмуд Аббас менен жолугушуу өткөрүп, аны менен учурдагы абалга байланыштуу бир нече маселелерди талкуулашты жана «Израиль» менен палестиналыктар ортосунда түздөн-түз тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайрадан баштоо жөнүндө сүйлөштү. (Арабийя нет).
Роя гезитинин комментарийи:
Американын Палестина калкына ушунча душмандык кылганына жана яхудийлер мамлекетин курал-жарак, каражат менен колдоп-кубаттаганына карабастан, Палестина режиминдеги малайлар америкалык жооптуулар менен жолугушуп жатат о.э. кудум бул жооптуулар бейтарап же калыс ортомчулар сыяктуу алардан ортомчулук кылып беришин талап кылып жатышат.
Мына ушулардан кийин да бул жетекчилерди Палестина калкынын өкүлү жана алардын кызыкчылыгын коргоочулар деп айтууга негиз барбы? Азыр да Палестина калкы жана башкалар арасында ушул жетекчилерге алданып, алардан Палестинанын бирер карыш жерин яхудий вужуду баскынчылыгынан азат кылып беришин же тартып алынган укуктарды өз ээлерине кайтарышын үмүттөнө турган адамдар табылабы? Акыры, бул жетекчилер алда качан эле алардын бардык акы-укуктарын сая кетирип, бардык ыйык нерселерден баш тартып болушкан го!
Роя гезитинин 2016-жыл, 24-февралдагы 66-санынан
Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады Экономика жана коммерция министрлиги мамлекеттик мейманканалардын ичинде казино жана…
بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу Устаз Асъад Мансур Ар кандай…
بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды…
بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү Устаз Ахмад Таий –…
بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача Мухандис Муждий Али 2024-жылы 27-сентябрда Нетаняху,…
بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя…