Путин: Сириядагы күчтөрүбүз Россия кызыкчылыктарын жана ал жердеги карапайым калкты коргоп жатат!!!

Путин: Сириядагы күчтөрүбүз Россия кызыкчылыктарын жана ал жердеги карапайым калкты коргоп жатат!!!

Россия президенти Владимир Путин Кремлде ишемби күнү кечинде «Мекен сакчыларынын күнүнө» байланыштуу өткөрүлгөн салтанаттуу жыйында «Биздин куралдуу күчтөр Сирияда Россиянын улуттук кызыкчылыктарын коргоп жатат о.э. ал жердеги карапайым калкты терроризмден коргоодо жардам берип жатат» деди.

Путин Сириядагы Россия куралдуу күчтөрүнүн операцияларын жогору баалап: «Сирия кризисин саясий жана дипломатиялык жолдор менен чечүүгө аракет кылабыз», – деди.

Ал дагы: «Бүгүн аскерлерибиз Сирияда аскерий операцияларды жүргүзүп жаткан соӊ, алардын согуштук жөндөмү күчөп жатат. Ушул Жакынкы Чыгыш регионунда согушуп жаткан жоокер жана офицерлерибиз Россия Федерациясынын кызыкчылыктарын коргоп жатышат о.э. мамлекетибизди түздөн-түз душман деп атап, Россияга жана КМШ мамлекеттеринин аймагына чейин жайылуу планын жашырбай жаткан согушкерлерди жок кылып жатышат», – деди.

Владимир Путин Россиянын Сирия кризисин саясий жана дипломатиялык жолдор менен чечүүгө аракет кылып жатканын баса белгилеп: «Биз ар кандай талаштуу проблемаларды саясий жана дипломатиялык ыкмалар менен чечүүгө ар дайым умтулуп келгенбиз жана түрдүү мамлекеттерде туруктуулукту кайрадан тикелөөгө салым кошконбуз, кескин кризистер отун өчүрүүгө жардам бергенбиз. Мындай абалдарда ушуга аракет кылабыз», – деди. (Россия сегодня).

Роя гезитинин комментарийи:

Россиянын Сирия кризисине тумшугун тыгып, Шам калкына каршы Башар Асад режимин колдоп-кубатташы башынан эле белгилүү болчу. Бирок, орус президенти Россиянын Шам калкына каршы агрессиясын «карапайым калкты коргоо үчүн» деп сыпаттоо менен өз элин алдап жатат!

Ко-ош, Россиянын Америка коргоосу астында Сирияда ачыктан-ачык ишке ашырып жаткан террорчулугунан да жаман террорчулук барбы? Ушундай болушуна карабастан, Россия ар кандай талаштуу проблеманы саясий жана дипломатиялык жолдор менен чечүүгө аракет кылып келе жатканын айтып жатат. Демек, Россиянын Чеченстанда, Орто Азия республикаларында ишке ашырган жана бүгүнкү күндө Сирияда ишке ашырып жаткан кылмыштары проблеманы саясий жана дипломатиялык жолдор менен чечүү экен да? Россия Ислам жана мусулмандарга каршы мына ушундай агрессивдүү саясат жүргүзүп келе жаткан болсо да, Путин мусулмандардын Россияны душман деп эсептебестигин каалап жатабы?

Роя гезитинин 2016-жыл, 24-февралдагы 66-санынан

turkistonkg

Recent Posts

Исламдагы сыпааттардын негизи

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Исламдагы сыпааттардын негизи Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

12 hours ago

Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?!

Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?! Мусулман болбогон адамдар да…

1 day ago

Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы?

Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы? Кыргызстан президенти Садыр Жапаров 4-февралда Кытай лидери Си Си Цзиньпиндин чакыруусу…

1 day ago

Трамп ок атууну токтотуу туурасында кырсыктуу абстрактуу планды жолго коюуда

﷽  Мына ошентип, яхудийлер Газада жасаган үрөй учурган массалык кыргындан жана ойрондулуктардан кийин, мусулман акимдери…

3 days ago

Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу?

Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу? Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда көз…

4 days ago

Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу Суроо: “Аль-Жазира” 2025-жылдын 26-январында өзүнүн сайтына төмөнкү…

5 days ago