Ливия өкмөтү Америка чабуулдарын суверенитетти бузуу деп эсептеп жатат
Эл аралык масштабда тан алынган Ливия өкмөтү ишемби күнү Триполиге жакын жердеги Сабрата шаарында ИШИМ уюмунун штабына кылынган Америка чабуулдарын каралады. Өкмөттүн билдиришинче, аны менен ылайыкташпаган абалда ишке ашырылган ушул чабуул Ливия суверенитетин «одоно көрүнүштө бузуу» болуп эсептелет.
Өкмөт өзүнүн Фейсбук баракчасында жарыя кылган билдирүүдө келишинче, ал «АКШ аба күчтөрүнүн Сабрата шаарындагы белгилүү бир объекттерге кылган авиа соккуларына нааразы жана аларды каралайт». Бул шаар борбордон батышты карай 70 км. аралыкта жайгашкан.
Өз штабын Ливия чыгышындагы Байзо шаарында жайгаштырган ушул өкмөттүн баса белгилешинче, Америка бул кадамын аны менен «ылайыкташпаган же кеӊешпеген абалда» таштаган. Өкмөттүн билдиришинче, «бул сыяктуу ар кандай аскерий аралашуу Ливия мамлекетинин суверенитетин да, эл аралык конвенцияларды да ачык-айкын жана одоно көрүнүштө бузуу» болуп эсептелет.
Ушул өкмөткө тарапкер болгон күчтөр Ливия чыгышындагы көпчүлүк шаарларды көзөмөлдөйт. Бирок, өлкөнүн батышындагы шаарларды болсо, ошону менен бирге, Сабрата менен борбор Триполини бир жыл, бир жарым жылдан бери «Фажри Ливия» деген аталыштагы куралдуу жамааттар коалициясы көзөмөлдөйт.
Жума күнү Сабратанын борборунан 8 км. алыстыктагы ИШИМ уюмунун лагери бутага алынган Американын авиа соккуларында 49 адам өлдү. Өлгөндөрдүн арасында өткөн жылдын ноябрь айында уурдалып кеткен эки серб жараны да бар. (Франс 24).
Роя гезитинин комментарийи:
Америка бардык мыйзамды тебелеп-тепсеп, эч бир баалуулукту этибарга албастан, өзүнүн колонизаторлук кызыкчылыктарын ойлоп аракет кылууда. Анын ушул агрессивдүү аракеттери күчөшүнө исламий өлкөлөрдөгү малай өкүмдарлар себепкер. Себеби, алар Америкага каршы турууга батына алышпайт.
Ливия өкмөтүнүн билдирүүсүнө келсек, бул коркок өкмөт ушул авиа чабуулду Ислам жана мусулмандарга каршы душман мамлекеттин бүтүндөй четке кагыла турган чабуулу деп эсептебей жатат. Тескерисинче өзү менен алдын-ала ылайыкташпаган абалда ишке ашырылганы үчүн четке кагып, каралап жатат… Ушундай көрүнүштө, Ислам жана мусулмандардын душмандары менен ылайыкташууга даяр экендигин көрсөтүп коюуда.
Роя гезитинин 2016-жыл, 24-февралдагы 66-санынан
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Исламдагы сыпааттардын негизи Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?! Мусулман болбогон адамдар да…
Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы? Кыргызстан президенти Садыр Жапаров 4-февралда Кытай лидери Си Си Цзиньпиндин чакыруусу…
﷽ Мына ошентип, яхудийлер Газада жасаган үрөй учурган массалык кыргындан жана ойрондулуктардан кийин, мусулман акимдери…
Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу? Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда көз…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу Суроо: “Аль-Жазира” 2025-жылдын 26-январында өзүнүн сайтына төмөнкү…