Тажикстан бийлиги 2015-жылы 13 миӊ кишинин сакалын алдырып, 1700 аялдын хижабын чечтирди.
Тажик бийлиги өзүнүн бул аракеттерин «экстремизмге каршы күрөштүн алкагында ишке ашырылып жаткан ш-чаралар” деп түшүндүрдү. Бул кампания өткөн жылы май айында башталып, ал тургай, ажылыкка баруучуларга да чектөөлөрдү киргизди.
Тажикстан калкы сегиз миллиондон көбүрөөк болуп, алардын 90 пайызы мусулмандар. 1994-жылдан бери өлкөнү Эмомали Рахмон жетекчилиги астындагы светтик өкмөт башкарып келе жатат. Тажик милициясынын тастыкташынча, учурда милиция сакал койгондорду «тартипке салууда».
Жаңы төрөлгөн балдарга «Мухаммад» деген ат коюу кеӊири жайылгандыктан, тажик парламенти өткөн аптада арабча аттарды коюуга тыюу салган мыйзамды бир добуштан макулдады. Тажикстан конституциясыда дин тутуу эркиндиги жазылгандыгына карабастан, өкмөт диний иштерди катуу көзөмөл кылып келет.
Өкмөт диний тармакты мечиттер жана чиркөөлөрдү көзөмөл кылуучу дин иштери комитети аркылуу башкарып келет. Уламалар комитети көз карандысыз деп эсептелсе да, бул комитет өкмөт тарабынан расмий түрдө уруксат берилген маърузаларды гана кабыл алат. Өкмөт окуучу кыздардын хижаб кийүүсүнө тыюу салган. 18 жашка чыкпаган жаштардын – жаназадан тышкары – диний ырасымдарга катышуусуна да тыюу салган. О.э. 17-18деги жаштардын – үй-бүлөсүндөгүлөр жазуу түрүндө уруксат бермейинче – диний билим алышына да тыюу салынган. Бул диний билимдин мектептерден башка жерлерде жана сабак учурунан тышкары убактарда алынышын шарт кылат. (Хурра сайты).
Роя гезитинин комментарийи:
Бийликке Кремлдеги кожоюндарынын жардамы менен келген тогут Эмомали Рахмон Исламдын мусулмандар жашоосундагы ар бир көрүнүшүнө каршы күрөшүп жатат. Ал Тажикстан мусулмандарынын Исламга ыктагандыгын көрүп турат. Ошондуктан да Ислам жана мусулмандарга каршы токтом жана мыйзамдарды иштеп чыгуу менен аларды Исламдан алыстатууга аракет кылууда.