Кылмышкерлердин абактан качуусу УКМКнын атайын операциясы болгон

330
0

 2015-жылдын октябрында №50-абактан 9 кылмышкердин качуусу УКМК тарабынан пландаштырылган атайын операция болгон. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) отставкадагы полковниги Эрнст Исаев 26-январь күнү болуп өткөн маалымат жыйынында билдирди.

 Анын айтымында, №-50 абактын башчысы Иманкул Телтаев өлүк абалда табылган соң, ал ЖАМКнын жетекчиси Алик Мамыркуловдун алдына кирген. Мамыркулов болсо бул УКМКнын атайын операциясы болгону себептүү ЖАМК кызматкерлери бул ишке эч кандай таасир өткөрө алышпагандыгын билдирген.

 “Кылмышкерлер качкандан кийин абактын жетекчилигинин белгилүү милдеттери бар эле, мен бул ишке аралашпадым. А бирок, абактын башчысы өлтүрүлгөн соң мен ЖАМКнын ардагери катары болуп жаткан иштерден кабардар болуу максатында А. Мамыркуловдун алдына кирдим. А бирок, генерал Алик Мамыркулов мага №-50абактан кылмышкерлер качкан убакта ЖАМК кызматкерлери эч нерсе кыла алышпагандыгын, себеби бул УКМКнын атайын операциясы болгондугун айтты. Эгерде керек болсо офицерлер менин сөзүмдү тастыкташы мүмкүн, Мамыркуловдун бул иштерге мамилеси ушундай болгон”, – деди Исаев.

 О.э. качуу жүз беришинен бир нече күн мурда А.Мамыркуловго кылмышкерлер качууга даярдык көрүп жатканы жөнүндөгү маалымат менен УКМКдан кат келгенин айтып өттү.

 “Качуу жүз беришинен бир нече күн мурда генерал Алик Мамыркуловго УКМКдан кылмышкерлер качууга даярдык көрүп жатканы тууралуу кат келген. А бирок, ЖАМК жетекчилиги тарабынан буга эч кандай чара көрүлбөгөн, ЖАМК кызматкерлери бул тууралуу эскертилбеген”, – деди Исаев.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here