“Центерра”нын Бишкектеги сүйлөшүүлөрү аяктады

“Центерра Голд инк” корпорациясынын директорлор кеңешинин кыргыз тараптан мүчөсү Кылычбек Шакиров бул күндөрү “Центерранын” өкүлдөрү иш сапарын жыйынтыктап, Кыргызстандан кеткенин билдирүүдө. Алар директорлор кеңешинин мүчөлөрү менен жолугуп, кендеги абал, жыл жыйынтыгы туурасында маалымат беришкен. Шакиров кыргыз өкмөтү менен кандай өңүттө сүйлөшүүлөр болгону тууралуу кабары жок экенин кошумчалады.

18- январда Бишкекке келген “Центерра Голд инк.” компаниясынын президенти Фрэнк Херберд жана ишкананын аткаруучу директору Скотт Перрини өкмөт башчы Темир Сариев 19-январда кабыл алган эле.

 Премьер-министр Темир Сариев Кыргыз Республикасынын өкмөтү 2014-жылдын 18-январындагы “Кумтөр” долбоорун реструктуризациялоо шарттары жөнүндө келишимди ишке ашыруу боюнча сүйлөшүү процессинен чыгуу чечими кабыл алынганын билдирди. Бул долбоор алкагында “Центерра Голд инк.” компаниясы берген сунуштар Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп бербей турганын айтты. Муну менен катар Темир Сариев “Центерра Голд инк.” компаниясынын директорлор кеңешинин 4,6 млн даана акция кошумча эмиссия чыгаруу тууралуу чечими Кыргызстандын кызыкчыгына дал келбесин жана ал айрым процедураларды бузуу менен жасалганын эскертти, – деп маалымдады өкмөттүн басма сөз катчысы Бакыт Асанов.

 Туркистон:

Кыргызстан өкмөтү “Кумтөр” алтын кени боюнча Канада менен түзүлгөн келишимди жокко чыгарууга канчалык аракет кылбасын, баары бир муну ишке ашыра албайт. Себеби, АКШ башчылыгында түзүлгөн БУУ чоң мамлекеттердин гана кызыкчылыктарын коргоочу эл аралык мыйзамдарды кабыл алуу менен Кыргызстан сыяктуу “үчүнчү дүйнө” мамлекеттерин саясй, экономикалык жактан көз каранды кылуу, жакырчылыктан чыгарбастык жана бул сыяктуу мамлекеттерди сырьё базасы катары кармап турууга кызмат кылып келет.

 Кыргызстан бийлиги да жаңы эгемендүүлүккө жетишкен жылдары ири мамлекеттер берген болор-болбос акчаларды алуу үмүтүндө ушундай эл аралык мыйзамдарга жана эл аралык келишимдерге – алардын маани-маңызын карап отурбастан – кол коё берген эле. Ошол келишимдер бүгүнкү күнгө келип “жемишин” берип жатат.

 “Кумтөр” алтын кени боюнча түзүлгөн келишим да Кыргызстан бийлиги кетирген каталардын бири болуп, бүгүнкү күнгө чейин бул келишимдин кесепетинен кутула албай жатышат. Мындан тышкары, дагы башка бир катар компаниялар Кыргызстандын үстүнөн эл аралык сотторго кайрылышып, кыргыз өкмөтү чет өлкөлүк компанияларга 1 миллиард доллар штраф төлөшү туурасында өкүм чыгарылган.

 Кыргызстан эле эмес, колонизатор мамлекеттердин зулуму астында эзилип жаткан исламий өлкөлөр үчүн бул проблемалардан кутулуунун бирден-бир жолу – бузуку капиталисттик түзүмдүн кишендерин үзүп таштап, колонизатор мамлекеттер тарабынан коюлган ар кандай эл аралык мыйзамдарды четке кагуу менен мындай бузук түзүмдүн ордуна бардык адамзатты кадыржамдык жана жыргалчылыкка алып чыгуучу Халифалык мамлекетин тикелөөдө.

turkistonkg

Recent Posts

Исламдагы сыпааттардын негизи

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Исламдагы сыпааттардын негизи Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

7 hours ago

Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?!

Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?! Мусулман болбогон адамдар да…

1 day ago

Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы?

Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы? Кыргызстан президенти Садыр Жапаров 4-февралда Кытай лидери Си Си Цзиньпиндин чакыруусу…

1 day ago

Трамп ок атууну токтотуу туурасында кырсыктуу абстрактуу планды жолго коюуда

﷽  Мына ошентип, яхудийлер Газада жасаган үрөй учурган массалык кыргындан жана ойрондулуктардан кийин, мусулман акимдери…

3 days ago

Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу?

Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу? Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда көз…

4 days ago

Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу Суроо: “Аль-Жазира” 2025-жылдын 26-январында өзүнүн сайтына төмөнкү…

5 days ago