Бүгүнкү күндөгү Кыргызстандын саясий абалы кандай?
Ассаламу алайкум туркистон редакциясы. 1-суроом: Бүгүнкү күндө телевидениеде көп айтылып жаткан тема Ислам коркунучу болуп калды. Бул сөз канчалык акыйкатка жакын жана мамлекет муну менен эмнени көздөп жатат? 2-суроом: Бүгүнкү күндөгү Кыргызстандын саясий абалы кандай?
Жооп: Ва алайкум ассалам, Исламий мухит Кыргызстанда эле эмес бүткүл исламий жана кайрыисламий жерлерде абдан тез өнүгүп барууда. Исламий өлкөлөрдөгү өкмөттөр болсо, исламий мухит менен бирге болуудан баш тартышып, куфр көрсөтмөлөрү жана басымы астында, Ислам жана мусулмандарга каршы ар түрдүү туура эмес саясат жүргүзүүдө. Натыйжада ушул өлкөлөрдүн аймактарында, акимдерге каршы исламий мухит күчөп барууда.
Куфр дүйнөсүндөгү жетекчи мамлекеттер болсо, өкмөт менен калк ортосундагы жараканы кеңейтүү үчүн, айрым учурда белгилүү бир мамлекетке басым өткөрүү максатында, ошол өлкөнүн мусулмандарына өздөрү курал-жарак жеткирип берет. Эгер бул куфр мамлекеттер согушчан жамааттар менен алака орното алышпаса, өздөрү алардын атынан көптөгөн иштерди уюштуруп жиберишет.
Бул эки абалда тең натыйжа бирдей. Тагыраагы куфр мамлекеттер өз кызыкчылыктары жолунда ушул иштерин түзмө-түз же кыйыр түрдө ишке ашыруу менен коркутат. Исламий өлкөлөрдөгү акимдер болсо, ушулардан кабардар болуп туруп, кайрадан эле мусулмандарды жазалоого чектелип, чыныгы кылмышкерлер менен кызматташууга умтула беришет.
Кыргызстан да кудум жогорудагы айтылган исламий өлкөлөрдүн бири. Бул жерде да бир нече куфр мамлекеттеринин кызыкчылыктары бар. Алардын ар бири Кыргыз өкмөтүнө басым өткөрүп келишет. Муну жакшы түшүнүп жеткен өкмөт, куфр ойлоп тапкан исламий жамааттардын ишмердүүлүгү, алар тынчсызданып жаткан деңгээлде эмес экенин жакшы билишет. Бирок, куфр кубатынын канчалык күчтүү жана таасирдүү экенин о.э Кыргызстандын канчалык алсыз экенин жакшы билгендиктен, жеңил гана бардык айыпты Ислам жана мусулмандарга оодарып коюу саясатын жүргүзүүдө.
Бул Исламга каршы күрөш, оболу маалымат каражаттары менен башталат. Кийин кайрадан эле маалымат каражаттары аркылуу идеологиялык күрөш күчөтүлөт. Албетте, эгерде алардын идеологиясы бар болсо. Бирок учурда, Кыргыз өкмөтүнүн өз идеологиясы жок. Ошондуктан ал бузукулукту күчөтүүгө аракет кылды. Бузукулук дегенде (нооруз, жаңы-жыл, валентин күнү… сыяктуу) исламдан тышкары болгон бардык иштер назарда тутулуп жатат. Ушуну менен катар, исламий баалулуктарды (хижаб, сакал, нике, намаздан кайтаруу… сыяктуу) коомубуздан ажыратуу үчүн бир катар аракеттерди да алып барууда.
Бирок исламий коркунуч алар айтып жаткандай эмес. Туурараагы куфр тарабынан же ага сүйөнгөн өкмөт тарабынан алып барылып жаткан саясий оюндар акыбетинде келип жаткан кооп-коркунучтар күчөп барууда.
Ислам, мусулмандарды бири-бирине каршы курал көтөрүүдөн кайтарат. А бирок, өкмөт өкүлдөрү өздөрү мусулман болгон абалда башка мусулмандарды өлтүрүп, аларды кыйнап, камап, үй-бүлөсүн кыйын абалга салып, шаръий өкүмдөрдү тебелеп-тепсеп жатышат. Натыйжада куфрдун “эми мусулмандардан этият бол, алар сенден өч алышат” дегенине ишенип коркууга түшүп калууда. Негизи зулумдук бир гана мазлумдар тарабынан кайтып келишине себеп болот.
Ал эми Кыргызстандын саясий абалы тууралуу макалаларда жеткиликтүү эле келип жатат.
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Исламдагы сыпааттардын негизи Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?! Мусулман болбогон адамдар да…
Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы? Кыргызстан президенти Садыр Жапаров 4-февралда Кытай лидери Си Си Цзиньпиндин чакыруусу…
﷽ Мына ошентип, яхудийлер Газада жасаган үрөй учурган массалык кыргындан жана ойрондулуктардан кийин, мусулман акимдери…
Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу? Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда көз…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу Суроо: “Аль-Жазира” 2025-жылдын 26-январында өзүнүн сайтына төмөнкү…