Путиндин жаңы коопсуздук стратегиясы: Америка Россияга болгон коркунучтардын бири
Россиянын коопсуздукка байланыштуу жаңы стратегиясында биринчи жолу “АКШ орус улуттук коопсуздугуна коркунуч” деп бааланды. Бул болсо, акыркы жылдарда Россия менен Батыш ортосундагы алакалар бузулгандыгынын белгиси.
Россия президенти Владимир Путин «Россия Федерациясынын улуттук коопсуздук стратегиясы боюнча» деп аталган жаңы стратегиялык документке жаңы жыл күнү кечинде кол койду.
Бул жаңы стратегия 2009-жылы кол коюлган стратегиянын ордуна кабыл алынды. Ошол кездеги Россиянын президенти Дмитрий Медведев кол койгон стратегияда АКШ коркунучу да, НАТО коркунучу да айтылбаган.
Документте келишинче, Россиянын эл аралык проблемаларда жана мамлекеттер аралык күрөштөрдү чечүүдө ролун күчөтүүсү Батыштын реакциясына себеп болду.
Документте дагы «улуттук коопсуздукка карата… жаңы коркунучтар пайда болгон соң, Россия өз стратегиясын күчөттү» деп жазылган.
Андан соң документте көз карандысыз саясат жүргүзүү «эл аралык же ички саясатта болобу айырмасыз, АКШ жана анын союздаштарында каршы реакция пайды кылганы, себеби алар эл аралык маселелердеги өкүмдарлыгын сактап калууга аракет кылып жаткандыгы» да кошумча кылынды.
Документте бул нерсе Россияга карата саясий, экономикалык, аскерий жана маалыматтык басымдарды алып келиши мүмкүн экендиги да айтылды (Рейтер маалымат агенттиги).
Роя гезитинин 2016-жыл, 6–январдагы 59-санынан
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Исламдагы сыпааттардын негизи Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?! Мусулман болбогон адамдар да…
Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы? Кыргызстан президенти Садыр Жапаров 4-февралда Кытай лидери Си Си Цзиньпиндин чакыруусу…
﷽ Мына ошентип, яхудийлер Газада жасаган үрөй учурган массалык кыргындан жана ойрондулуктардан кийин, мусулман акимдери…
Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу? Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда көз…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу Суроо: “Аль-Жазира” 2025-жылдын 26-январында өзүнүн сайтына төмөнкү…