Россия Орто Азияда “Ислам Мамлекети” уюмуна каршы күрөшүү үчүн Кыргызстанды куралдандырууда
2015-жыл, 23-декабрь күнү Россия Коргоо министри Сергей Шойгу анын мамлекети Орто Азия регионунда “Ислам Мамлекети” уюмуна каршы күрөшүү максатында кыргыз армиясын кайрадан куралдандыра тургандыгын билдирди.
Ал Москвада КР Куралдуу күчтөрү башкы штабынын башчысы генерал Жаныбек Капаров менен жолугушуу учурунда «Биз Афганистан тараптан келе жаткан мындай коркунучтарга каршы күрөшүүсү үчүн Кыргызстандын куралдуу күчтөрүн курал-жарак менен камсыздоо планы боюнча колдон келген бардык иштерди кылабыз» деди.
Андан соң «Булардын бардыгы бүгүнкү коркунучтарга каршы турууда оң натыйжа берет деп үмүттөнөмүн» деди. Шойгунун айтымында, кыргызстандык кесиптештери да Афганистандагы террористтик уюмдарга кошумча, жаңы ИШИМ уюму пайда болгонуна күбө болушкан. Анткени, алардын саны аз эмес, максаттары болсо террористтик иштерин улантуу акысына финансылык пайдаларга жетишүү.
Шойгу кызматташтыктагы иш-аракеттер “Кыргызстанга бул коркунучтарга каршы коргонуу түзүмүн жаратуу мүмкүнчүлүгүн беришине” ишене тургандыгын билдирди («Спутник» сайты).
Роя гезитинин комментарийи:
Россия коргоо министринин мындай билдирүүсү Москванын айрым Орто Азия республикаларына Афганистан аркылуу «Ислам Мамлекети» уюмунун киришинен жана Россия ичкерисинде куралдуу операцияларды кылышынан кооптонуп жатканына ишара кылат. Америка “Ислам Мамлекети” уюмунун иш-аракеттеринен айрым региондордо пайдаланышын Россия жакшы билет. Ошондуктан, Американын айрым Россия кызыкчылыктарына сокку беришинен чындап эле кооптонууда. Россиялык бир жооптуунун билдирүүсүнө ылайык, Россия Талибан кыймылы менен эки тараптын ортоктош душманы болгон “Ислам Мамлекети” уюмуна каршы кызматташтыкта күрөшүү үчүн сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Талибан болсо мындай сүйлөшүүлөр болгонун четке каккан.
Роя гезитинин 2015-жыл, 30-декабрдагы 58-санынан
Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…