Суроого жооп
Нефти баасынын кескин түшүп кетүүсү!
Суроо: Нефтинин баасы күндөн-күнгө түшүп баратат. Учурда бир баррелдин баасы 40$дан да ылдый болуп атат. Ал эми ОПЕКтин негизги өндүрүүчүсү болгон Сауд Арабия абалды турукташтыруу үчүн нефти өндүрүүнү кыскарткан жок. Бул 4-декабрда ОПЕКтин отурумунда да белгилүү болду. Буга кошумча, бул жактан баа арзандап жатса, тияктан Америка ага жараша нефти өндүрүүнү кыскартуунун ордуна, кайра көбөйтүп жатат. Деги нефтинин арзандоо себеби эмнеде? Аллах сизден ыраазы болсун!
Жооп: Абалды терең түшүндүрүү үчүн, өткөн жылкы нефтинин арзандашын карап чыгуу керек. О.э. баанын төмөндөп же кымбаттаганын билүү үчүн, ушул убакыт ичинде болгон саясий окуяларды жана ар кандай өзгөрүлмө факторлорду карап чыгуу зарыл:
1 – Король Абдуллах ибн Абдул-Азиз башкарган убакта, анын өлүмүнөн бир аз мурда, нефтинин баасы кескин түшүп кеткен эле. Ал король Британия малайы болгондуктан, Американын сланец нефтисин өндүрүү кызыкчылыктарына сокку берүү үчүн Британия ал аркылуу саясат жүргүзгөнүн (2015-жылдын 7-январындагы суроо-жоопто) айтып өткөнбүз. Нефтинин баасы Абдуллах ибн Абдул-Азиздин өлүмүнө чейин, анын ордуна 2015-жылдын 23-январында Америка малайы Салман ибн Абдул-Азиз келгенге чейин түшүп олтурду. Саудия нефти министринин “мамлекет нефти багытындагы саясатын өзгөртпөйт” деген билдирүүсүнө карабай, реалдуулукта Салмандын такка отурушу менен нефти баасы көтөрүлө баштады. 2015-жылдын май айында баррел баасы 60$ болуп калды. Бул тууралуу 2015-жылдын 25-январындагы суроо-жоопто да айтканбыз: «Иштердин мындай бөлүштүрүлүүсү Саудия менен Американын ортосундагы чыңалууну басаңдатат. Белгилүү бир чекте нефтинин баасы төмөндөшүн токтотуусу да мүмкүн. Анткени, мурунку король жана анын аркасындагы англичандар нефти баасын түшурүү менен Американын сланц нефтисин өндүрүүсүнө сокку урууну көздөшкөн».
2 – 2015-жылдын июнь айынын аягында нефти баасы кайрадан төмөндөй баштады. Августтун ортосунда баррел баасы 40$га чейин түштү. Бул учур Иран менен ядролук программа боюнча келишимге туура келди. Көрүнүп тургандай, Америка сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан убакта нефтинин баасы төмөндөшүнө кызыкдар болду. Мындай абал өз малайлары болгон Иран жетекчилеринин чегинүүгө баруусуна, келишимге кол коюусуна шылтоо болуп бермек. Себеби, нефтинин арзандашы Иран экономикасына басым өткөрмөк жана калктын астында экономикалык кыйынчылыктардан улам чегинүүгө бардык деп актанууга шарт түзүлмөк. Бул келишимдер өткөндөн кийин, сентябрдын аягына чейин баалар көтөрулө баштады. Баррел баасы 50$га жетти.
3 – Октябрдын башында баа төмөндөп, 18-декабрда баррел баасы 34$га чейин түштү. Бул кескин түшүү мурунку нефтинин баасы төмөндөгөнүнөн айырмаланат. Ал төмөнкүдөй түшүндүрүлөт:
2008-жылдагы Америкадагы финансылык кризис аны жумшак саясат жүргүзүүгө мажбур кылган. Себеби, өлкөнү толугу менен камтып алган финансылык кризистен чыгуу керек эле. Ал финансылык системасын сактап калуу үчүн долларды үлкөн көлөмдө басып чыгарды. Натыйжада доллар алсырай баштады, буга карабай саясат ушул нукта уланды. Бирок мурунку жылдын ортолорунда Америка мындай саясаттын тескери таасирлерин байкады. Бул тескери таасирлер төмөнкүлөр:
Дүйнө өлкөлөрү Американын бул саясатынан жабыркады, айрыкча – Кытай, доллардын кунсузданышынан үлкөн капиталын жоготту. Натыйжада доллардан баш тартууга жана жаңы финансылык система түзүүгө болгон чакырыктар башталды. Мындай чакырык Европада таасирлүү болуп, Франция финансы министри Мишел Сапена «Financial Times» гезитиндеги (06.07.2014) «Франция доллардын үстөмдүгүнө каршы турат» деп аталган («France hits out at dollar dominance») макалада: «Биз Европалыктар да бири-бирибиз менен болгон соодада долларды колдонуп жатабыз. Мисалы, учакты доллар менен сатабыз. Зарыл беле? Зарылдык бар экенине ишенбейм. Мен балансты өзгөртүү мүмкүн жана ал тез арада болушу керек деп эсептейм. Бул еврого гана тиешелүү эмес. Өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн валюталарына да тишелүү. Негизи, бул өлкөлөрдө дүйнөлүк сооданын көпчүлүк бөлүгү жүргүзүлот…», – деди. Сапен интервьюсунда, бул маселени дүйшөмбүдө Брюсселде боло турган Еврозонанын финансы министрлеринин жолугушуусунда кабыргасынан коёрун жана долларга альтернативдүү системага муктаждык бар экенин айтарын убада кылды. Бирок иш жүзүндө кандай кадамдарга барары тууралуу деталдуу ачыктоодон баш тартты. Европанын артынан Кытай да ээрчиди. «Синьхуа» маалымат агентсттигине берген интервьюсунда, Россиянын кредит берүү боюнча экинчи турган банкы «ВТБ»нын президенти Андрей Костин: «Дүйнөлүк финансы системасы мурдагыдай эле Америка долларынын өкүмдарлыгына баш ийүүдө. Тез арада бир валютанын үстөмдүгүнөн чыга турган көп тараптуу механизмди иштеп чыгуу зарыл», – деди. Ал “Кытай экинчи дүйнөлүк экономика катары бир нече мамлекеттер менен жаңы системаны түзүү максатында кызматташса болот. Россия Кытайдын финансылык аренада жетекчилик ролун колдоого даяр” деп кошумчалады. («Жэньминь жибао» онлайн 10.11.2014).
Мындай чакырыктарга карабай, Америка мурунку саясатын улантып, доллардын курсу түшө берди. О.э ал нефтинин баасын көтөрүүгө чара көрө баштады. Себеби, нефтинин баасы көтөрүлсө, доллардын курсу дагы да түшмөк. Муну менен Америка өзүндөгү финансылык кризистин таасирлерин жоюу аракетин көрдү. Ошону менен бирге, эгер нефти баасы көтөрүлсө, анын өзүндөгү сланц нефтисин өндүрүү да көтөрүлмөк. Анткени, көтөрүлгөн баа сланц нефтисинин өздүк наркынан ашып түшүп, пайда бермек. Дал ушул себептен улам, мамкатчы Керри (11.09.2014) Саудияга визит менен барып, король Абдуллахка жолукту. Нефтинин баасын көтөрүү үчүн өндүрүштү азайтууну сунуштады. (Бул тууралуу 2015-жылдын 7-январындагы суроо-жоопто кенен баяндаганбыз)
Америка ушул жылдын акыркы айларында, доллардан баш тартуу демилгеси колдоо таап иш жүзүнө аша баштаганын байкап калды. Доллар капитал сактоочу статусунан айрылып, анын ордун алтын ээлей баштады. Кытай өзүнүн капиталындагы төрт триллион долларды алтынга алмаштырды. Кытайдын Борбордук Банкы өзүнүн резервине ай сайын 14-19 тонна алтын сатып алууда («Рейтер» 01.12.2015). Айрым Россия маалымат булактарынын жазышынча, Кытай Борбордук Банкындагы резервге жакынкы жылдарда 10 миң тонна алтын чогултуп, АКШны басып өтүүнү көздөп жатат. АКШнын алтын резерви учурда 8 миң тоннаны түзөт. Ал эми Кытайдыкы учурда 1.700 тоннадан ашат. О.э Россия да алтын сатып алууну күчөтүп жатат. Учурда алтын резерви 1.275 тоннага жетет. Россия 2015-жылдын экинчи жарымында 67 тонна алтын сатып алды. Мындай аракеттер Американын тынчын алып, коркунучка салды. Себеби, доллар анын дүйнө үстүнөн өкүмдарлыгын кармап турган бирден-бир түркүк болуп эсептелет. Америка доллардын нефти соодасындагы тарифти өлчөөчү негизги бирдик болуу менен бирге, финансылык эсеп-кысаптар жүргүзүлүүчү валюта боюнча сакталып калуусун каалайт. Башкача айтканда, долларга ким көбүрөөк ээ болсо, ал нефти баасына жана дүйнөлүк соодага таасир эте алат.
4 – Америка ушундайча доллардын курсун көтөрүп, нефти баасын төмөндөтүп жатат. Ал бул үчүн бир нече иштерди жасады:
а) Нефтини мүмкүн болушунча көп өндүрүү саясатын жүргүздү:
– Америка менен Канада нефти өндүрүүнү күчөттү. 2005-жылы күнүнө 10,3 млн. баррел өндүрүлсө, учурда күнүнө 18 млн. баррел өндүрүлүп жатат.
– Америка таасири астындагы, ОПЕКтин негизги мүчөлөрү болгон – Сауд Арабия, Иран жана Ирак да нефти казып алууну көбөйттү:
Сауд королдугу ОПЕК өлкөлөрүнө нефти өндүрүүнү 2015-жылдын сентябрынан баштап күнүнө 100 миң баррел өндүрүү тапшырмасын берди («Аль-Жазира» 10.10.2015). Саудия бийлиги өзүндөгү нефти өндүрүү бул жылы күнүнө 10,1 млн. баррелге чейин көтөрүлөрүн белгиледи («Аль-Арабий аль-Жадид» 14.12.2015).
Иранга келсек, «Reuters» маалымат агенттигинин кабарына ылайык, ОПЕК төмөнкүдой билдирүүлөрдү жасады: «Бул айда Иран чийки нефти экспортун күнүнө 1,26 млн. баррелге жеткирет. Бул сан акыркы эки айдагы эң жогорку көрсөткүч болуп эсептелет» («Аль-Араби аль-Жадид» 14.12.2015). Айрым эксперттердин белгилешинче, Иран мындан да көбүрөөк экспорт кылары күтүлөт. «Ас-Сабах аль-Жадид» сайтында: «Экономикалык санкциялардын токтошу жана Ирандын нефтини экспорт кылышына жол ачылганы дүйнөлүк нефти өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтөт. Учурда Иран күнүнө 3.7 млн. баррел өндүрөт, мунун 1.7 млн. баррели экспортко чыгат. Иран нефти өндүрүүнү 2015-жылдын аягына чйин күнүнө 600 миң баррелге көбөйтүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Ушуну да эске алуу керек, учурда нефти базарындагы артыкбаш көлөм күнүнө 1,5-2 млн. баррел ортосунда термелип турат» («Ас-Сабах аль-Жадид» сайты, 09.12.2015).
Иракка келсек, нефти министринин орун басары Файяд аль-Нима айтат: «Учурда «Румайла» кенинде күнүнө 1,35 млн. баррел нефти өндүрүлөт. Бул Ирактын нефти өндүрүшүнүн 40%ын түзөт». Анын айтымында, «министрлик өндүрүштү күнүнө 2,1 млн. баррелге жеткирүүнү пландаштырып жатат». «Reuters» агенттиги Ирак «сентябрга карата «Басра» маркасындагы чийки нефтинин экспортун күнүнө 3,017 млн. баррелге белгилегенин жазып чыкты. Бирок мурунку айда күнүнө 2,52 млн. баррел гана өндүрүлгөн» («Ас-Сабах аль-Жадид» 15.08.2015).
– Америка өзүндөгү нефти экспортуна карата салынган тыюуну алып таштады. «АКШ өкүлдөр палатасы жаңы мыйзам долбоорун кабыл алып, кырк жылдан берки, чийки нефтини экспорттоого тыюу салган мыйзамды жокко чыгарды… Президент Барак Обама 18 декабрда бул долбоорго кол койду» («BBC» 19.12.2015).
Сланц нефтисине келсек, Америка бул маселени чече алды. Сланц нефтисин өндүрүүдө доллардын курсун көтөрүп, нефтинин баасын түшүрүп жаткан Американын жаңы саясатына сланц өндүрүшчүлөр каршы турушпады. Айрым инвестициялык компаниялар бул тармактагы ишмердүүлүктөн баш тартышты. Өздүк наркты актабагандыктан, көптөгөн нефти скважиналар жабылып калды. Арзан баага туруштук бере алган жана заманбап технологиялар жардамы менен үнөмдүү иштегендер гана сакталып калды. Андан соң алар сланц нефтисинин өндүрүшүн көбөйттү. Экспорт багыты ачылгандан кийин дагы да мүмкүнчүлүктөр пайда болду… АКШ энергетика департаментинин отчётуна ылайык, («Realist Market» сайты) АКШ чийки нефти өндүрүү боюнча бул жумада, тагыраагы, 11-декабрда туруктуу абалды сактап турат. Мурунку айда өндүрүш күнүнө 9,17 млн. баррелге жеткен. Бул сланц нефтисинин наркы төмөндөшүнө жана тоңдурулган скважиналардын ишке киришүүсүнө байланыштуу. Америкалык аналитик «Citigroup» Эрик Ли бул тууралуу: «Түндүк Дакотадагы сланц нефтисин өндүргөн «Баккен» кенинде өндүрүштүн өздүк наркы 20$га чейин түштү. Минералдык ресурстар боюнча министрликтин мурунку айда билдиришинче, Дунн шаарында өндүрүлгөн сланц нефтисинин бир баррели 24$га барабар болгондо, ал пайда алып келген. Ал эми мурунку жылдын октябрь айында баррел баасы 29$ болгон» («CNBC» 20.08.2015).
Ушундайча Америка жана анын малайлары нефти өндүрүүнү көбөйттү. Натыйжада нефти базары артыкбаш нефтиге толуп кетти. Айрым отчеттордо, учурда нефти базарына күнүнө 4–5 млн. баррел ашыкча келип жатканы айтылууда» («Бета Альфа» сайты 15.12.2015). Буга кошумча түрдө, бардык жайларда нефтиге болгон талап азайып жатканы байкалууда. Эл аралык Валюта Корунун билдирүүсүнө ылайык, ички дүң продукциянын глобалдык төмөндөшү күтүлөт. Тагыраагы, 3,4% – 3,3% төмөндөп, айрыкча Европа өнүккөн өлкөлөрүндө жана Японияда о.э нефти колдонуу жагынан экинчи орунда турган Кытайда да азаюуда. Абал финансы базарындагы толкундоолор жана юандын курсу төмөндөгөнү себептүү дагы да тереңдейт. Ушул себептен улам, Кытайда нефтиге болгон талап азайды. Ушулар чогулуп келип, нефти баасын кескин төмөндөтүп, доллардын курсун көтөрүүдө.
б) Нефти баасын төмөндөткөн дагы бир фактор бар. Бул ФРСтин пайыздык ставканы жогорулатуусу. АКШнын экономикалык көрсөткүчтөрү реалдуу экономикалык абалын жашырганына карабай, ФРС 2015-жылдын 16-декабрында берген билдирүүдө, пайыздык ставка 0,25% көтөрүлгөнүн билдирди. Белгилүү болгондой, Америкада пайыздык ставка 2008-жылы болгон финансылык кризистин айынан “нөлгө” түшүп калган. Тагыраагы, 0,25% тегерегинде болчу. Капиталисттик экономикада эгер пайыздык ставка төмөн болсо, кризистин дагы деле жашап жатканын, экономиканын айыкпаганын, алып сатуу, инвестиция жана жумуш күчү менен камсыздоо жолго коюлбаганын билдирет. Себеби, капитализмде ушул пайыздык ставкадан киреше табышат. Пайыздык көрсөткүчтүн көтөрүлүүсү менен банктар жана компаниялардын да кирешеси артат, анткени, адамдар пайда көрүү үчүн акчаларын банктарга салат. Бул өз кезегинде, Америка экономикасы глобалдык финансы кризисинин кесепеттеринен кутулду деген элести берет.
Пайыздык ставканын жогорулашы артынан нефти баасы кескин түрдө 3% арзандады. Мындай абал Америка экономикасына болгон ишенимди бекемдейт жана финансы кризисинин кесепеттеринен кутулганын көргөзөт. О.э саясий таасири дүйнө бойлоп өсүп жатканын айгинелейт. АКШ Борбордук банкы пайыздык ставканы көтөргөндөн кийин «Wall Street» фонддук биржасында акциялардын баасы 1,28%га чейин көтөрүлдү. «Standard & Poor’s» 1,45% жана «Nasdaq» 1,52% көтөрүлдү.
5 – Ушундан кийин, Америка доллардын курсун жана пайыздык ставканы көтөрүүдө ыңгайлуу учурдан пайдаланууда. Ушуну да белгилеп өтүү керек, пайыздык ставканын көтөрүлүшү алтын резервин сактоо чыгымын да көбөйтөт. Анткени доллардын курсу көтөрүлсө, алтындын баасы түшөт. Бул болсо капиталын доллардын ордуна алтынга толтуруп жаткан өлкөлөргө зыян алып келет. Америка долларды дүйнөлүк валюта жана башка өлкөлөрдүн алтындын ордун ээлеген резерви катары сактап калышын каалайт. Ушундайча алтын менен болгон соода операцияларын зыяндуу кылып, алтын резервди туруксуз кылып көрсөтөт. Ал өзүнүн да, башка өлкөлөрдүн да финансы тармагы алтын системасына өткөрүлүшүн каалабайт. Анткени, бул система аны кайра бутка турууга болбой турган даражада кулоого алып келет. Негизи, Американын кагаз валютасы сыяга да арзыбайт. Бирок, ал ушуну менен дүйнө жүзүнүн байлыгын сатып алууда, өлкөсүнүн аскердик тармагын каржылоодо. Буга кошумча, “финансылык жардам” деген нерсе менен адамдарды жана өлкөлөрдү сатып алып, башка өлкөлөрдүн экономикасына сокку урууда. Доллардын жардамы менен Америка бардык мамлекеттердин үстүнөн экономикалык өкүмдарлыгын жүргүзүп келет.
6 – Жогорудагылардан келип чыгып айта алабыз, нефти баасынын кескин түшүүсү Американын ички жана тышкы саясатына байланыштуу. Бул төмөнкү багытты өз ичине алат:
а) Өлкө ичинде пайыздык ставканы көтөрүү. Бул Америка үчүн тагдырый маселе. Себеби муну менен, дүйнө жүзүнө финансылык кризистен кутулганын жар салат. Ошентип, экономикасы күчтүү болуп, саясий таасири дүйнө бойлоп жайылып баратканы тууралуу толук ишеним жараткысы келет.
б) Конкуренцияга туруштук бере алышы үчүн долларга болгон ишенимди жогорулатуу. Себеби доллар эл аралык соода валютасы жана башка өлкөлөрдүн резервдик валютасы катары сакталып калышы керек. Америка дүйнөнүн долларга болгон муктаждыгын сактап калгысы келет жана башка өлкөлөрдүн алтын резервге өтүүсүнө жол бергиси келбейт. Айрыкча, муну менен, доллардын өкүмдарлыгынан баш тартып, алтынга ашыгып жаткан Кытай жана Россияга сокку урат.
إِنَّهُمْ يَرَوْنَهُ بَعِيدًا * وَنَرَاهُ قَرِيبًا
«… алар аны узак деп билишет, Биз болсо анын жакындыгын билебиз!» [70:6-7]
12-робиул-аввал, 1437-х.
23-декабрь, 2015-м.
Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…