Асад күчтөрү жана Хизбулланын аскерлери тарабынан курчоого алынган Сириянын Мадая шаарчасында ачкалыктан өлүп жаткан мусулмандардын саны көбөйүп барууда.
Жарандардын укугун коргоо уюмунун бир өкүлү Абдуллах Хафинин билдиришинче, Мадая шаарчасында 40 миң адам ачарчылыктан өлүү коркунучуна дуушар болгон. Асад жана Хизбулла күчтөрү 194 күндөн бери ал жерге гуманитардык жардам киргизүүгө уруксат бербей жатышат.
Шаар тургундарынын бири “ачкалыктан ит жана мышыктарды жеп жатабы, алардын укуктарын коргобойсуңарбы” деп жаныбарлардын укугун коргоочу уюмдарга кайрылды.
Жергиликтүү булактардан алынган маалыматтарга ылайык, шаарда жокчулук себептүү азык-түлүк продукциялары 15-20 эсеге кымбаттап кеткен. Шаарда медициналык жабдыктар жана дары-дармектер таңкыс экендигин айтып өткөн булактардын билдиришинче, эл аралык коомчулук аймакка гуманитардык жардамды киргизиши үчүн Асад режимине басым өткөрүшү керек.
Бүгүнкү күндө бир килограмм кумшекер 60 миң Сирия лирасына (болжол менен 150 АКШ доллары), бир литр өсүмдүк майы 70 миң Сирия лирасына (болжол менен 175 АКШ доллары), бир килограмм күрүч 40 миң Сирия лирасына (100 АКШ доллары) сатылууда. Электр энергиясы үзүлүп калган аймактарда өлкөнүн калкы кыйрандыга айланган үйлөрдөн алынган жыгачтар менен жылынып жан сактоого мажбур болушууда.
Мадаядагы мусулмандардын курчоого алынышына жана ачтыктан өлүшүнө бүт дүйнө калктарынынын көңүлүн буруу үчүн Чыгыш Гута жана Халаб калкы акцияларды өткөрүүдө . Акцияга чыккандар “Ачкөз калктардын чириген азык-түлүгү бизге керек эмес”,“Тизелегенден көрө өлгөнүбүз жакшы”, “Биз Мадая калкы менен биргебиз”, “Курчоо, ачкалык жана жакырчылык бизди бириктирет” деп жазылган баннерлерди көтөрүп чыгышты.
Туркистон:
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) мактаган Шам аймагынын борбору болгон Сирия мамлекетинин мусулмандары “роббибиз Аллах” дегени үчүн гана азапталып жатышат.
Кутурган куфр дүйнөсү Сирия ынкылабын биротоло сындырып жиберүү үчүн бүт дүйнөнү бир тарапка сүрүп алды. Исламий мамлекеттерди болсо кың дебей турган коркок жана манқурт мусулмандарга айландырып алды.
Сирия мусулмандарынын бүгүнкү абалы Пайгамбарыбыз (С.А.В.)дын Меккеде өз уруулаштары менен курчоого алынып турган абалын эске түшүрөт. Ошондо да куфр жетекчилери Пайгамбарыбыз (С.А.В.)ды ээрчиген мусулмандарды куфрга кайтаруу үчүн, ал тургай Ислам динине кирбеген уруулаштары менен бирге курчоого алып коюшкандыктан, алардын көпчүлүгү ачарчылыктан кырылып кетишкен эле.
Сирияда да куфр дүйнөсү өзүнө караштуу болгон согушкер топторду жана башка мусулмандар жашаган аймактарды бир нече бөлүккө бөлүп алды. Алардын өзүнө караштуу болгондорун ар тараптан камсыздап, аларды ар түрдүү жолдор менен азык-түлүк, курал-жарак үй-жай жана ал тургай миллиарддаган долларлар менен камсыздап келе жатат. Кийинки тайпанын өкүлдөрүн т.а. ачык кыянат кылышпаган, бирок саясий каталарды кетирүү менен ыктыярсыз түрдө куфрдун бир катар проблемаларын чечип келе жаткан топтордун да негизги муктаждыктары кандырып турулат же ушуга мүмкүнчүлүк түзүп берилет.
Бирок, жогорудагы эки тайпага кирбеген Шамдагы исламий ынкылаптык аракетти улантуунун тарапкери болгон бир тайпа бар. Аллах алардан ыраазы болсун. Куфр дүйнөсү мына ушул чыныгы мусулмандар тайпасынан коркот. Алар болсо, Аллахтан гана коркушат жана Ага берген убадасына бекем турушат.
Куфр дүйнөсү бул тайпадагы мусулмандарды алгач идеологиялык жактан чалгытууга аракет кылышса, бул нерсе колунан келбеген соң, жок кылып жиберүү үчүн жогорудагы сыяктуу ар түрдүү ыкмалар менен бир катар аракеттерди кылып жатышат. Бирок, ушул жырткычтык аракеттерди кылып жатып, Туркияда чогулган АКШчыл коалициялык уюм жана Саудияда түзүлгөн исламий өлкөлөр коалициясы сыяктуу мусулмандар ыйманы үчүн тузак болгон бир катар уюмдарды ачып коёт. Кайсы адам же топ ушул коалицияга кошулууну кааласа же алар менен жашыруун жана ашкере иштерди жүргүзсө, жогорудагы сыяктуу өтө кыйын абалынан чыгып алышына мүмкүнчүлүк беришет.
Ошондо ал региондогу кырылып бара жаткан мусулмандарга исламий мамлекеттер жетекчилеринин олуттуу көңүл бура баштаганын көрөбүз. Себеби, ал күндө куфр системасы аларга “тайпаңарга кирген жаңы бир топту кабыл алгыла” деп буйрук кылат. Бирок, ушул күндөрдө үстүбүздөгү жетекчилер, алардын кол астындагы маалымат каражаттары, алардын башчылыгындагы армиялардын бардыгы сүкүт сактап тура беришет.
Бул жетекчилерге бийликти кош-колдоп тапшырган биз мусулмандар өз катабызды оңдоо үчүн бийликке жана армиядагыларга басым өткөрүшүбүз важиб. Себеби, алар жогорудагы аймактарга жарып өтүп болсо да жардам беришсин. Антпесе, биз сүкүт сактоо аркылуу ыраазылык билдирген болобуз (Аллах сактасын)! Куфр дүйнөсү бизден кудум мына ушундай сүкүт сактоочу мусулмандар болушубузду талап кылууда. Аны алар “муътадил исламчылар” деп атап алышты. Түпкүлүгүндө, бул “унчукпоо ыраазылыктын белгиси” деген эрежеге ылайык, бизден куфрдун ар бир аракетине ыраазы болуучу эки жүздүүлөрдөн болушубузду талап кылып жатышат. Ыймансыз адам гана жогорудагы абалдарга кайдыгер болушу мүмкүн (мындан Аллах сактасын).
Бирок, куфрду ыраазы кылуу менен акыретке зыян жеткирип алуудан коркуп, үлкөн балээлерге сабыр кылып келе жаткан мусулмандар үчүн албетте Аллахтын нусраты келет. Бул абал алар үчүн да, дүйнө мусулмандары үчүн да Аллахтын катуу сыноосу болуп жатат.
Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…