Казакстан Коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, Казакстанда куралдуу күчтөрдүн бардык түрдөгү кошуундары окуу тревогасы боюнча бутка тургузулду…
“Казакстан куралдуу күчтөрү жогорку аскерий даярдык деңгээлинде. Окуу сигналы негизинде бардык түрдөгү кошуундар бутка тургузулду”, – деп айтылат кабарда.
Айтылышынча, кургактык кошуундары топтору окуу борборлорунда жана полигондордо окуу тапшырмаларын аткарууга киришишкен. Окууларда авиация да катышууда.
Өткөн жылы Казакстанда аскерий бөлүктөрдүн даярдыгы 170 жолу пландуу негизде текшерүүдөн өткөрүлгөн.
Туркистон:
Казакстанда акыркы жылдарда орус менталитетине каршы мамлекеттик масштабдагы күрөш жүрүп жатат.
Россиянын Украинага каршы колдонгон ыкмасы Назарбаевдин да тынчын алып койду. Себеби, Казакстан да Украина сыяктуу эле улуттук менталитетин дээрлик жоготуп бара жаткан мамлекеттерден болуп эсептелет. Ал Россия менен чектеш мамлекет болуп, анын түндүк жана түндүк-батыш аймактарында дээрлик орусча менталитет калыптанган. Мындан тышкары, мамекетте орус улутундагы жарандар өтө көп. Бул нерсе Украинанын чыгыш чегарасындагы абалга окшойт.
Бирок, Украинанын артында Европа мамлекеттери турган болсо, Европанын артында АКШ туруп берди. Ошону менен Россия украиндерден жеңилди. Ал эми Казакстандын артында ким бар? Кыргызстанбы?
Проблема мындай, Россиянын жакынкы айларда өтө жаман кризиске дуушар болушу күтүлүп жатат. Путин жана анын режими болсо бул кризис келишинен өтө катуу тынчсыздана башташты. Алардын кээ бирлери ал тургай чет өлкөлөргө чыгып кетүү үчүн азыртадан даярдыктарды көрө башташты. Россия чачыранды абалга дуушар болору менен менен режим ар тарапка кача башташын Путин жакшы билет. Россиядагы жетекчи топ болсо режим алсырашы менен Путиндин башына да кудум Хурушёвдин же Бериянын күнүн салышы мүмкүн.
Ошондуктан, Путин бирер региондо өзүн орус улутунун коргоочусу катары көрсөтө турган согуш чыгарууга аракет кылып жатат. Муну менен ал орус улутунун улуттчулдук жана мекенчилдик туйгуларын козгоп, өзүнүн улуттук маалымат армиясы менен өтө чоң маалыматтык согуш баштамакчы болот.
Башка тараптан Путин режиминин ач көздүгүнөн жана Путин аларды тыя албастан Россияны талатып жибергендиктен пайда болуп о.э.. күчөп бара жаткан оппозициялык пикирий жетекчиликке Путин эч кандай тосмо коё албайт. Ал бир гана согуш аркылуу чалгытуучу жана пикирлердин күчөшүнө тоскоолдук кылуучу чөйрө пайда кыла алышы мүмкүн.
Путин аскерий адам болгону себептүү бир гана ыкма менен иш жүргүзөт. Ал бир проблеманы –андан да жаманыраак жана коркунучтуураак экинчи проблеманы пайда кылуу менен – жаап алууга аракет кылат. Чеченстан согушуна киришүүдөн мурда алардын атынан Россиянын борбордук бөлүктөрүндө көптөгөн террордук операцияларды уюштурду, Украинада жеңилгендигин Сирияны бомбалоо менен жаап-жашырды, чечендерден Дагестанды ажыратып алуу максатында Дагестанда чечендердин атынан бир катар террордук жана диверсиялык операцияларды уюштурду ж.б.у.с…..
Путин үчүн Казакстандан ыңгайлуураак регион жана шарт жок экендигин Назарбаев түшүнүп жетти. Путин жакында Россия кризиси күчөй башташы менен кудум кутуруп бара жаткан келемиштей өзгөрө баштайт. Ал өзүнүн өмүрү үчүн эч кимди аябайт жана ар кандай жийиркеничтүү ишти кылууга даяр болуп калат. Көңүл бурган болсоңуз, орус элитасынын өкүлдөрү акыркы билдирүүлөрүндө Россия курал чыгарууну дээрлик эки эсеге көбөйтүп жибергенин айта башташты.
Мындан тышкары, Россиядан курал сатып алуучу бир катар ири мамлекеттердин, ошону менен бир катарда Сириянын да, курал сатып алуусу өтө эле азайып барууда. Бул нерсе да Россияда чыгарылып жаткан куралдар мамлекеттин ичинде топтолуп жаткандыгын түшүндүрөт.
Ири мамлекеттер бири-бири менен дүйнөлүк кызыкчылыктарды талашып согушат. Бирок, натыйжалары жана бардык зыяндары ошол талаш болуп жаткан Казакстан сыяктуу алсыз мамлекеттеринин мойнуна түшөт. Бул Казакстан тандап алган, дүйнөлүк демократияга негизделген капиталисттик системанын кесепети деп айтсак туура болот. Бул системада мындан башкача болушу мүмкүн эмес. Бул кризистен кутулуу үчүн алсыз мамлекеттерди жутуп жиберүү, аларды кыйратып жиберүү ушул системанын табиятында бар болуп, система өнүгүшү менен анын бул ыпылас табияты да өнүгүп бара берет.
Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…