Мурда кабар бергенибиздей, Кыргызстан ИИМинин 10-башкармалыгы жана УКМК биргеликте 30-31-декабрь күндөрү Жалал-Абад шаарында, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунда о.э. Арстанбап айылында атайын операцияларды өткөрүп, 17 үйдө тинтүү жүргүзүшкөн эле.
Күч түзүмү кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттерине нааразы болгон Арстанбап айылынын калкы 5-январь күнү айылдын борборуна чогулушту. Бул акцияга 500гө жакын адам чыкканы айтылууда. Чогулгандар милиция кызматкерлери тарабынан үйлөр эскертүүсүз тинтилгенин айтышып, тинтүү иштерин токтотууну талап кылышкан.
Мындан тышкары, 4-январь күнү 100дөн ашуун адам дал ушундай талап менен Базар-Коргон райондук админстрациясынын алдына чогулушкан. Чогулгандар район акимине кайрылып, милициянын бул аракеттерине укуктук баа берүүнү талап кылышкан.
Туркистон: Кыргызстандагы ИИМдин жана башка күч түзүмдөрү кызматкерлеринин арасында да демократиялык жараян бар. Алардын ар бири өз аймагында туруп, борбордук бийликке моюн сунбастык же өзүм билемдик кыла алышат. Бул нерсе өкмөттүн алсыздыгын билдирет.
Президент А. Атамбаев 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча өткөрүлгөн маалымат жыйынындагы билдирүүсүндө Кыргызстан кошуна мамлекеттердин жолунан ээрчибейт деген эле. Ал: “Алардагы мусулмандарга карата катуу саясат, терроризмди жана Сирияга жарандардын чыгып кетишин токтото албады. Тескерисинче, бизге караганда алардан көбүрөөк адам чыгып кетти”, – деген эле.
Жалал-Абаддагы күч түзүмүнүн кызматкерлери бул стратегиялык маааниге ээ болгон билдирүүнү көрүшпөгөн же түшүнө алышпаган. Балким, өкмөт башчы жана анын өкүлдөрү атайылап бул стратегияга каршы иш кылуу менен Россия, Кытай жана Өзбекстандын алдында өзүн келечектеги президент катары көрсөтүп коймокчу болгондур. Же Жалал-Абаддагы күч түзүмүнүн жетекчилери Бишкектин буйруктарын четке кагышкандыр.
Кандай болгон күндө да, иш Өзбекстандын ыкмасы негизинде аткарылган. Демек, Кыргызстандагы орган кызматкерлери саясатчылар тарабынан өз менталитетинен келип чыгып, өз калкынын коопсуздук жана башка кызыкчылыктарынан келип чыгып сызып берилген стратегиялык долбоор негизинде иш кыла алышпайт. Же бул өтө маанилүү стратегиялык долбоордун өзү жок. Кандай болгон күндө да, алар ээси жок дөбөттөр сыяктуу, ар бири өз амбициясынан келип чыгып иш кыла беришет.
Түпкүлүгүндө, аскерийлер – ИИМ кызматкерлери болобу же аскерийлер болобу, айырмасыз – бийликтеги саясий топтун кызматында болушу керек. Алар өз раъйлары менен мамлекетти башкарышы, бул аскерий саясий мамлекеттин кулашына алып барат. Кыргызстанда акыркы кездерде ушуга окшогон же ушул кооптуу абалга шарт түзүп берүүчү абал негизиндеги башкаруу саясаты жүрүп жатат. Анда кандайдыр генералдар белгилүү бир аймактарда королдор сыяктуу ыйгарым-укукка ээ болуп бара жатышат. Алар кандайдыр тышкы күчтөр менен тил бириктиришип, белгилүү бир кызыкчылыктары үчүн ошол тышкы мамлекеттин күчтөрүнөн Кыргызстан мусулмандарына каршы буйрутмаларды ала башташты.
Жалал-Абадда болуп өткөн иш-аракеттер да Кыргызстандын Россия менен кызматташтыктагы стратегиясы негизинде уланып жаткандыгын көрсөтөт. Демек, бул кимдир-бирөөлөр тарабынан бир аз мурда алынган буйрутма болгон. Стратегиялык багыттар өзгөрүшүнө карабастан, алынган буйрук баары бир аткарылды. Себеби, бул операциялар Кыргызстан кызыкчылыктарына тескери аракеттер болуп, тышкы үчүнчү күчтөр үчүн гана т.а. Кыргызстанда мамлекет менен мусулмандардын ортосуна фитна уругун себүүгө гана пайдалуу болушу мүмкүн.
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…