Ушул күндөрдө Иран Ислам республикасынын борбору Тегеран шаарында “Исламий биримдик” – “Ислам дүйнөсүнүн алдындагы чакырыктар” деген ураан астында 29-конференция болуп өтүүдө.
Тажикстандын дин иштери боюнча комитети Иран Ислам республикасында өтүп жаткан конференцияга нааразы экендигин билдирди. Бул нааразылыкка Тажикстанда тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын жетекчиси Мухиддин Кабиринин ушул конференцияда катышып жаткандыгы себеп болду. Тажикстан өкмөтүнүн алдындагы каада-салт жана диний ырасымдарды тартипке салуу комитетинин жетекчиси Абдугаффар Юсупов ушул маселе боюнча билдирүү берди. Анда келишинче, комитетти Ирандагы кесиптештеринин иштери таң калтырды. Анткени, Тажикстан өкмөтүнүн токтомуна тескери түрдө, ирандыктар Кабирини дос катары кабыл алышууда.
“Исламий биримдик” конференциясы 27-декабрда башталды. Конференциянын ачылышында Иран президенти Хасан Роухани сөз сүйлөдү. Тажикстандын атынан өкүл катары дин иштери боюнча жетекчи Сулаймон Давлатзода, ислам таануу борборунун директору Файзулло Баротзода жана Тажикстан Ислам борборунун жетекчиси Саидмукаррам Аблукодирзодалар катышышты.
Юсуповдун айтымында, тили жана дили бир болгон ирандык боордоштордун Мухиддин Кабири сыяктуу мамлекет душманын жылуу тосуп алып, достук мамиле билдирүүсү Тажикстандын дин иштери боюнча комитетин тынчсыздандырды.
Үстүбүздөгү жылдын 29-сентябрында Тажикстан Жогорку соту Тажикстан Исламий кайра жаралуу партиясын терористтик жана эктремисттик уюмдардын тизмесине киргизген.
Юсупов билдирүүсүндө төмөнкүлөрдү кошумчалады: “Иран тарап бардык иштерден кабардар болуп туруп, конференцияга Тажикстанда тыюу салынган партиянын жетекчисин кандай максатта чакырды? Дал ушул нерсе бизди таң калтырды жана тынчсыздандырууда. Акыйкатта болсо, Кабириге тажик өкмөтүнүн талабына ылайык эл аралык издөө жарыя кылынган”, “Иран ар дайым Тажикстанды өзүнүн диндеш жана үрп-адат, каада-салты бирдей мамлекет катары тан алып, мунун баса белгилеп келген. Ошондой болгон соң, алардын бул кылмышын кандай түшүнүүгө болот? Кантип эле ирандыктар биздин мыйзам жана позициябызды кыпындай урматтабаса? Кабири эл аралык издөөдөгү адам болушуна карабастан ирандык досторубуз ага сый көрсөтүштү. Бул абал көптөгөн суроолорго себепкер болууда”.
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…