Расмий каттоодон (ЗАГСтан) өтпөй туруп нике кыюуга тыюу салуу сунушталууда

Расмий каттоодон (ЗАГСтан) өтпөй туруп нике кыюуга тыюу салуу сунушталууда

  Акыркы кездерде Кыргызстандагы бирер саясатчы же коомдук ишмер атын чыгарууну кааласа же иштеп жаткандай болуп көрүнгүсү келсе, мунун эң оңой жолу катары Ислам динине жана анын баалуулуктарына каршы пикир билдириши адатка айланып барууда.

 Президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы маалымат катчысы болуп иштеген Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Кыргызстанда башка чечилиши зарыл болгон проблемалар калбагансып, парламенттин имаратында намазкана болушуна каршы пикир билдирүү менен белгилүү болду жана өзүн “элдин кызыкчылыктары жолунда күйүп-жанган депутат катары көрсөттү”.

 Бүгүнкү күнгө келип, дагы эки депутат Жанар Акаевден “эстафетаны” өткөрүп алышты.

 Кыргызстандын мурдагы баш прокурору, учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянова жана анын кесиптеши Эльмира Жумалиева расмий каттоодон өтпөй туруп диний каада-салтка ылайык нике кыюуга тыюу салуу демилгесин көтөрүп чыгышты. Алар иштеп чыккан мыйзам долбоору коомдук талкууга сунушталды.

“Үй-бүлө кодекси” жана “Админстративдик жоопкерчилик туурасындагы кодекске” киргизилген өзгөртүүлөр нике жана үй-бүлө институттарын бекемдөөгө каратылганы айтылууда. Мыйзам долбоорунда расмий каттоодон өтпөгөн жана балагат жашына жетпегендерди никелеген диний кызматкерлерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу көздөлгөн.

 Салянова жана Жумалиевалар расмий каттоодон өтпөгөндөрдү никелеген диний кызматкерлерди 3 жылга чейин, балагат жашына жетпегендерди никелегендерди болсо 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазалоону сунуштап жатышат.

turkistonkg

Recent Posts

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

3 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

6 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

1 week ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

1 week ago