Израиль: Региондогу кырдал маанилүү маселелерде келишүүгө мажбур кылууда

Түркия жана Израиль ортосунда кызуу сүйлөшүүлөр уланууда. Бул тууралуу Израилдин премьер-министри Бенямин Нетаняхунун атайын өкүлү жана Тышкы иштер министрлигинин башкы директору Доре Голд билдирди. Голддун башкы офиси Лондондо жайгашкан “Suudi Elaph” интернет сайтына интервью беришинче, Түркия менен сүйлөшүүлөр оң тарапка карай өзгөрүүдө.

“Өз ара келишилген жана сүйлөшүүлөр уланып жаткан маселелер бар, бирок, (эмнеси болгондо да) иштер туура багытка карай бара жатат”, – деди Голд.

Региондо жүз берген өзгөрүштөр себептүү эки мамлекеттин коопсуздук, экономикалык жана региондук кызыкчылыктары кагышып калгандыгы тууралуу сөз кылган Голд өз ара келишүү жүзөгө чыгышына ишене тургандыгын билдирди. Себеби Голддун айтымында, региондо жүз берип жаткан өзгөрүштөр эки мамлекетти келишүүгө мажбур кылууда.

“Мен ортодо бир келишүү жүзөгө чыгышы аз калгандыгына ишенемин. А бирок, келишүү үчүн бир убакыт белгилеген жокпуз. Региондогу абал бизге маанилүү маселелерде келишүүдөн башка тандоо калтырбай жатат. Биздин дипломаттарыбыз ушул негизде иштеп жатышат”, – деп кошумчалады Нетаняхунун атайын өкүлү.

Түркия президентинин маалымат катчысы Иброхим Калин да кечээ Түркиянын Израиль менен мамилеси жакшыруусу үчүн Израиль тарап Мармара окуясында өлтүрүлгөн шейиттер үчүн кечирим сурашы шарт экендигин дагы бир жолу кайталады. Калиндин айтымында, кечирим суроодон тышкары Израиль шейиттердин үй-бүлөсүнө кун төлөө жана Газа курчосун алып таштоо шарттарын да аткарышы керек.

turkistonkg

Recent Posts

Исламдагы сыпааттардын негизи

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Исламдагы сыпааттардын негизи Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

4 hours ago

Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?!

Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?! Мусулман болбогон адамдар да…

1 day ago

Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы?

Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы? Кыргызстан президенти Садыр Жапаров 4-февралда Кытай лидери Си Си Цзиньпиндин чакыруусу…

1 day ago

Трамп ок атууну токтотуу туурасында кырсыктуу абстрактуу планды жолго коюуда

﷽  Мына ошентип, яхудийлер Газада жасаган үрөй учурган массалык кыргындан жана ойрондулуктардан кийин, мусулман акимдери…

3 days ago

Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу?

Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу? Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда көз…

4 days ago

Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу Суроо: “Аль-Жазира” 2025-жылдын 26-январында өзүнүн сайтына төмөнкү…

5 days ago