Сириянын борбору Дамашкта өкмөттүк күчтөр менен ИШИМдин ортосунда келишим түзүлдү. Ал келишимге ылайык, ИШИМ күчтөрү оппозициялык күчтөрдөн тартып алган аймактардан чыгып кетет. Бул тууралуу Сирия адам укуктары уюму билдирди.
Борбору Британияда жайгашкан Сирия адам укуктары обсерваториясынын (SOHR) негиздөөчүсү жана президенти Рами Абдурахман тарабынан бейшемби күнү берилген билдирүүдө айтылышынча, региондогу ИШИМ согушкерлери жана алардын үй-бүлөлөрү о.э. айрым жарадар согушкерлер ишенимдүү коридор аркылуу региондон чыгып кетет.
Билдирүүгө ылайык, БУУнун ортомчулугунда ишке ашырылган келишимге ылайык Дамашктын айланасындагы аймактар ИШИМ согушкерлеринен тазаланышы көздөлгөн. Рами Абдуррахман өзүнүн билдирүүсүндө ИШИМдин Ярмук качкындар лагеринен жана Хажарул Асваттан да чыгып кетиши күтүлүп жатканын да айтып өттү.
Акыркы маалыматтарга ылайык, келишимдин тафсилаттары ИШИМ жана Асад режими ортосунда жашыруун кармалууда. Региондогу ишенимдүү булактар Сирия адам укуктары обсерваториясына берген маалыматта айтылышынча, ИШИМ согушкерлери жүктөлгөн автобус ал-Кадам аянтына жетип барган.
Сирия улуттук келишүү министри Али Хайдар да мындан бир аз мурда ушул маселе тууралуу айткан эле. Ярмук качкындар лагеринде орношуп алган ИШИМ согушкерлерин өз ара келишим аркылуу чыгарып жиберүү тууралуу план түзүлүп жатканын айткан Али Хайдар бул тууралуу кеңири токтолгон эмес.
Камсыздандыруу калктын кыжырына тийүүдө Кыргызстанда камсыздандыруу компанияларынын кирешелери акыркы беш жылда эки эседен ашты. Алардын…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Насаат айтууда жек көргөн нерсеге ачуулануу Урматтуу бир туугандар…
Жапаровдун Италияга сапарынын максаты эмне? Президент Садыр Жапаров Италияга жасаган расмий сапарынын алкагында өлкөнүн президенти…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Туруктуулук менен ыймандын ортосундагы амал Урматтуу бир туугандар “Асыл…
Жетим-Тоо кенинде чалгындоо иштери башталат 2025-жылы Нарындагы Жетим-Тоо кенинде чалгындоо иштери башталат. Бул тууралуу “Кыргызгеология”…
بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Эй, мусулман өлкөлөрүндөгү өкүмдарлар, уялбайсыңарбы? Бул дүйнөдөгү жамандыктан жана акыреттеги азаптан…