Афганистан багытында «ИШИМ» жана башка террористтик уюмдарга каршы күрөшүү үчүн Россия Кыргызстанга аскерий-техникалык жактан жардам берип келе жатат. Бул тууралуу Россия коргоо министри Сергей Шойгу Кыргызстан куралдуу күчтөрү башкы штабынын башчысы Жаныбек Капаров менен Москвада болуп өткөн жолугушуу учурунда билдирди.
“(Афганистан багыты боюнча) жүз берип жаткан коркунучтарга каршы турушу үчүн Кыргызстан куралдуу күчтөрүн кайрадан жабдуу боюнча пландарды аткаруу үчүн колубуздан келген бардык чараларды көрүп жатабыз”, – деди Шойгу.
Шойгу: “Коркунучтар чындап эле бар”. “Биз аларды көрүп жатабыз. Менин оюмча, силер да (көрүп турасыңар)”, – деди.
Шойгунун айтымында, Россия “Россиядагы аскерий окуу жайларда Кыргызстан куралдуу күчтөрүнүн адистерин даярдоо, Россия аскерий базасын күчөтүү, авиациялык топтор, курал-жарак жана аскерий техникаларды жеткирип берүүгө байланыштуу бардык милдеттерди толук аткарып келе жатат”.
“Булардын бардыгы бүгүнкү коркунучтарга каршы турууда оң натыйжа берет деп үмүттөнөмүн”, – деди Шойгу.
Шойгу кызматташтыктагы иш-аракеттер “Кыргызстанга бул коркунучтарга каршы коргонуу түзүмүн жаратуу мүмкүнүчүлүгүн беришине” ишене тургандыгын билдирди.
Туркистон:
Кыргыз армиясы өзүнүн аскерий кубатын Россия техникаларын сатып алуу менен бир нече эсеге кубаттандырган күндө да, тышкы коркунучтардан өзүн коргой албайт. Россия ага дүйнөлүк талаптарга жооп бере турган жаңы техникаларды бербейт. Тескерисинче, арзан, эски жана запаста туруп пайдалануу мөөнөтү өтүп кеткен техникаларын кымбат баа менен өткөрүп, Кыргызстандын карызына дагы кошумча карыз жазып коёт.
Афганистан жөнүндөгү коркутуулары болсо жалган. Ал жердеги исламий күчтөр эгерде биз тарапка аракеттенишсе да – Кыргызстанда орус күчтөрү бар болгондуктан же Кыргызстан Россияга аскерий шарттарды кеңири түзүп берип жаткандыктан – Кыргызстанга чабуул кылуу менен Россияга сокку берип жатабыз деген түшүнүк аларды биз тарапка провокация кылышы мүмкүн.
Ошондуктан, учурда Россиядан алына турган ар кандай аскерий жардам мусулман дүйнөсүн Кыргызстанга каршы провокация кыла берет.
Камсыздандыруу калктын кыжырына тийүүдө Кыргызстанда камсыздандыруу компанияларынын кирешелери акыркы беш жылда эки эседен ашты. Алардын…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Насаат айтууда жек көргөн нерсеге ачуулануу Урматтуу бир туугандар…
Жапаровдун Италияга сапарынын максаты эмне? Президент Садыр Жапаров Италияга жасаган расмий сапарынын алкагында өлкөнүн президенти…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Туруктуулук менен ыймандын ортосундагы амал Урматтуу бир туугандар “Асыл…
Жетим-Тоо кенинде чалгындоо иштери башталат 2025-жылы Нарындагы Жетим-Тоо кенинде чалгындоо иштери башталат. Бул тууралуу “Кыргызгеология”…
بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Эй, мусулман өлкөлөрүндөгү өкүмдарлар, уялбайсыңарбы? Бул дүйнөдөгү жамандыктан жана акыреттеги азаптан…