Путин Атамбаевдин үмүтүн үздү

 

 Бир нече жылдардан бери Путин Кыргызстанга колдоо көрсөтүп,Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын каскадын куруп берүүгө Атамбаевди ишендирип келе жаткан болчу. Бирок, 21-декабрь күнү ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышуу шылтоосу менен Москвага барган соң, биротоло Путин менен да бетме-бет  маектешкен Атамбаев, анын алдынан үмүтсүз болуп кайтты. Алгач башында чоң-чоң убадаларды берген расмий Москванын бул долбоорлорду аткаруу мүмкүнчүлүгү жок экендигин айтканы буга себеп болду.

Ошол себептен да Алмазбек Атамбаев 24-декабрь күнү жыл жыйынтыгы боюнча өткөргөн маалымат жыйынында Камбар-Ата -1 жана Жогорку Нарын ГЭСин куруу боюнча келишимдеги милдеттенмелерди аткаруудан баш тартып жатканын билдирди.

 Атамбаевдин айтымында, Россия экономикасынын азыркы абалы буга жол бербейт.

 “Чынын айтайын, эгер күтө берсек бул долбоорлор бир нече жылдарга токтоп калчудай. Мен Орусиянын президенти Путин менен да, энергетика министри менен да сүйлөштүм. Жазында ал бир жүйө айтты эле, жайында башкача айтты. Азыр андан башка сөздү сүйлөп атат. Ошон үчүн Путинге ачык айттым, таарынбагыла, бирок биз башка өнөктөш издешибиз керек деп. Бул эми Орусияга деле жеңил, милдеттенмелеринин биринен кутулат эле. Бул ГЭСтерге инвестор табылат деп ойлойм”, – деди Атамбаев.

 Ошондой эле президент муну моюнга алуу оор экенин, бирок, абал ушундай экени анык болуп турганын кошумчалады.

Буга чейин маалым болгондой, Камбар-Ата-1 ГЭСи менен 8 чакан ГЭСтен турчу Жогорку Нарын каскадынын курулушуна болжол менен эки миллиард доллардан ашуун каражат жумшалары айтылган. Россия кызматташтыгында курулушу пландаштырылган Камбар-Ата -1 ГЭСин куруу жөнүндөгү келишимине 2009-жылы, Жогорку Нарын ГЭС каскаддары келишимине 2012-жылы кол коюлган. Жогорку Нарын ГЭСинин биринчи гидроагрегаты 2016-жылы ишке түшүүсү планлаштырылган болчу.

Туркистон:

Акыры Атамбаев абалга туура баа бере баштаган окшойт. Россия чындап эле алдан тайып бара жатат. Анын Кыргызстан мамлекетинин байлык булактары болгон бир нече тармагын жипсиз байлап алып, өзү менен бирге жарды көздөй тартып бара беришине кимдир-бирөө чек коюшу керек. Атамбаевдин жогорудагы сөздөрү, мамлекеттин кызыкчылыктарын өз кызыкчылыктарынан жогору коюп, Россиянын өткөрүшү мүмкүн болгон кээ бир ыктымалдуу басымдарына карабастан калыстык менен айтылган болсо ажеп эмес.

Кыргыз калкын глобалдашкан дүйнөлүк система өз чеңгелинде кармап келе жаткан учурда эч кандай күч аны чыныгы жыргалчылыкка чыгарып жибере албайт. Бирок ошого карабастан, мамлекет жана калктын чыныгы жетекчиси жана коргоочусу болушу керек.

Дүйнө калктары жетекчилеринен мисал келтирсек, Уругвай президенти Хосе Альберто Мухика,Венесуелланын маркум президенти Уго Чавес. Булар өз калкынын раъйынан жана алардын ишенимдик көз карашынан келип чыгып, жарандарын коргошот жана мамлекетинин кызыкчылыктарын ушул калкы үчүн эң пайдалуу тарапка карай мүмкүнчүлүгү болушунча жылдырууга аракет кылып келишет. Алар анчалык көп же кубаттуу болбогон калкын бириктире алышты. Ал тургай, Америка сыяктуу кубаттуу мамлекеттер бул президенттер менен эсептешүүгө мажбур болушту. Себеби, алар өз калкы ичинде өтө чоң абройго жетишип, куфр дүйнөсү каалаганда да ал президенттердин ордуна башка бирер күчтү алып келе албайт эле. Ар кандай жетекчи таянышына татыктуу болгон чыныгы кубат –бул өз калкынын колдоосу.

Ал тургай, Халифалик мамлекети да башталышында бекем коомдук ыймандуу чөйрөгө муктаж болот. Бул дегени мамлекетте мамлекет менен калк, бир ишенимде бекем жана пикирлеш болушун түшүндүрөт. Алардын кызыкчылыктарды өлчөө туурасындагы түшүнүктөрү да, ишенимден келип чыгып амал кыла турган мыйзам-эрежелери да бир болушу шарт. Эң маанилүүсү, жарандардын көпчүлүк бөлүгү исламий идеологияны акылы менен кабыл алган адамдар болушу керек. Антпесе, жарандардын раъйы мамлекеттин раъйына тескери келишинин натыйжасында мамлекет чачыранды болуп кетет же жарандардын раъйы мамлекетке басым өткөрүп, мамлекет дагы кайрадан куфрга кайтып кетет. Ар кандай улуу мамлекет өз жарандары менен бир идеологияда пикирлеш болушу керек. Ал идеологиянын тууралыгы же кубаты ошол мамлекеттин багытын белгилейт. Бирок, бул башка тема. 

turkistonkg

Recent Posts

Камсыздандыруу калктын кыжырына тийүүдө

Камсыздандыруу калктын кыжырына тийүүдө Кыргызстанда камсыздандыруу компанияларынын кирешелери акыркы беш жылда эки эседен ашты. Алардын…

18 hours ago

Насаат айтууда жек көргөн нерсеге ачуулануу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Насаат айтууда жек көргөн нерсеге ачуулануу Урматтуу бир туугандар…

1 day ago

Жапаровдун Италияга сапарынын максаты эмне?

Жапаровдун Италияга сапарынын максаты эмне? Президент Садыр Жапаров Италияга жасаган расмий сапарынын алкагында өлкөнүн президенти…

1 day ago

Туруктуулук менен ыймандын ортосундагы амал

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Туруктуулук  менен ыймандын ортосундагы амал Урматтуу бир туугандар “Асыл…

1 day ago

Жетим-Тоо кенинде чалгындоо иштери башталат

Жетим-Тоо кенинде чалгындоо иштери башталат 2025-жылы Нарындагы Жетим-Тоо кенинде чалгындоо иштери башталат. Бул тууралуу “Кыргызгеология”…

3 days ago

Эй, мусулман өлкөлөрүндөгү өкүмдарлар, уялбайсыңарбы?

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Эй, мусулман өлкөлөрүндөгү өкүмдарлар, уялбайсыңарбы? Бул дүйнөдөгү жамандыктан жана акыреттеги азаптан…

4 days ago