Челик: Израиль мамлекети жана калкы Түркиянын досу

Түркияда өкүмдар партия юолуп эсептелген Адилет жана Өнүгүү партиясынын маалымат катчысы Омер Челик “Израиль мамлекети жана калкы Түркиянын досу экендигин айтты. Челик бул тууралуу партиянын жыйынынан кийин айткандыгы жөнүндө “Anadolu” маалымат агенттиги кабар таркатты.

Билдирүү учурунда Израиль жана Түркия ортосундагы мамилелердин изине түшүү жараяны тууралуу айтып өткөн Челик: “Израиль менен анык келишим жок. Бир долбоор үстүндө аракет жүрүп жатат. Израиль мамлекети жана калкы Түркиянын досу экендигине шек-күмөн жок. Биздин ушуга чейинки сындарыбыз Израиль өкмөтүнүн чектен чыккан аракеттерине жана биз мыйзамсыз деп билген иштерине каратылган”, – деди.

Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган да мындан бир аз мурда: “Түркия жана Израиль мамилелеринин жакшырышы регион үчүн пайда алып келет”, –  деген эле. Андан бир нече күн өтүп, Израиль расмийлеринин бири Франциянын “AFP” маалымат агенттигине интервью берип, Түркия менен келишим түзгөндүгү тууралуу айткан эле. Челиктин жогорудагы билдирүүсү Израиль жооптуусу тарабынан жарыя кылынган келишим чын экендигин билдирет.

Челиктин билдиришинче, учурда Түркия Израилден төмөнкү үч нерсени күтүүдө. Биринчиси Мармара окуясы себептүү кечирим сурашы, экинчиси Мармара окуясында Израиль тарабынан өлтүрүлгөндөрдүн жакындарына кун төлөп бериши жана үчүнчүсү Газадан эмбаргону алып таштоо.

“Биринчиси ишке ашты, калган экөө ишке аша элек. Азыркыга чейин бирер чекитте кол коюу болгон жок. Жогорудагы үч шарттын аткарылышы же аткарылбашына карайбыз”, – деди Челик.

2010-жылдын май айында жүз берген Мармара окуясы себептүү Түркия менен Израиль ортосундагы айрым мамилелер талкууга коюлуп, алакалар үзүлгөндүгү тууралуу айтылган болчу. Бирок, эки мамлекет ортосундагы алакалар мурункудан да жакшырганы бир нече жолу тастыкталган.

turkistonkg

Recent Posts

Камсыздандыруу калктын кыжырына тийүүдө

Камсыздандыруу калктын кыжырына тийүүдө Кыргызстанда камсыздандыруу компанияларынын кирешелери акыркы беш жылда эки эседен ашты. Алардын…

1 day ago

Насаат айтууда жек көргөн нерсеге ачуулануу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Насаат айтууда жек көргөн нерсеге ачуулануу Урматтуу бир туугандар…

2 days ago

Жапаровдун Италияга сапарынын максаты эмне?

Жапаровдун Италияга сапарынын максаты эмне? Президент Садыр Жапаров Италияга жасаган расмий сапарынын алкагында өлкөнүн президенти…

2 days ago

Туруктуулук менен ыймандын ортосундагы амал

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Туруктуулук  менен ыймандын ортосундагы амал Урматтуу бир туугандар “Асыл…

2 days ago

Жетим-Тоо кенинде чалгындоо иштери башталат

Жетим-Тоо кенинде чалгындоо иштери башталат 2025-жылы Нарындагы Жетим-Тоо кенинде чалгындоо иштери башталат. Бул тууралуу “Кыргызгеология”…

3 days ago

Эй, мусулман өлкөлөрүндөгү өкүмдарлар, уялбайсыңарбы?

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Эй, мусулман өлкөлөрүндөгү өкүмдарлар, уялбайсыңарбы? Бул дүйнөдөгү жамандыктан жана акыреттеги азаптан…

4 days ago