«Бекем негиздер»Шам калкы берген курмандыктарга карата кайдыгерлик

Эр-Рияд конференциясынын катышуучулары кабыл алган «бекем негиздер»: козголоңдун бекем негиздерине о.э. Шам калкы берген курмандыктарга карата кайдыгерлик

Америка бардык ыкма жана каражаттары жардамында Сирияда жүргүзүп жаткан саясатты күзөтүп жаткан адам шек-күмөнсүз төмөнкүлөргө күбө болот:

Америка регоиндогу көптөгөн малайларын ачыктоого мажбур болду. Себеби, мубарак Шам козголоңу анын саясий чечимине каршы чыкты. Натыйжада Америка өзүнүн максат жана пландары жөнүндө ачык айтууга мажбур болуп, Сирия келечегин демократиялык илманий режимде көрүп жатканын билдирди. Буга болсо, Шам калкынын жана ал жердеги исламий козголоңдун Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты көздөй бара жатканы себеп болду. Мисалы, Американын тышкы иштер министри Жон Керринин 2015-жыл, 22-октябрдагы билдирүүсү жаңырды. Анын бул билдирүүсү регоиндогу Түркия жана Саудия сыяктуу малайлары о.э. Россия сыяктуу союздаштары тарабынан колдоого алынды. Керри өз билдирүүсүндө эл аралык төрттүк мамлекет Сириянын бүтүндүгүнө, ал жердеги көп партиялуу демократиялык илманий түзүмдү сактап калууга о.э. «Сириядагы тынчтык чечимине каршы чыккан топторго каршы күрөштү» күчөтүүгө келишип алгандыгын баса белгиледи. Андан соң, Вена конференциясы болуп өттү. Анда Американын саясий чечими үчүн жол картасы иштелип чыкты. Т.а. катышуучулар Сирияда алты айдын ичинде өткөөл мезгил өкмөтүн түзүүгө, он сегиз айдын ичинде БУУнун көзөмөлү астында шайлоолорду өткөрүүгө келишип алышты.

Вена конференциясынын катышуучулары Сириядагы оппозициялык жамааттар менен тезинен сүйлөшүүлөрдү баштоого жана алар менен кылмышкер режим ортосунда алгачкы жолугушуу өткөрүүгө каратылган аракеттерди баштоого токтом кылышты. Саудия режими аткарууга шашылып жаткан иш мына ушул. Т.а. 2015-жыл, 9-10-декабрда Эр-Рияд конференциясы болуп өттү жана анда топтор, уюмдар жана жеке адамдар катышты. Мына, биз алардын жыйынтыктоочу билдирүүлөрүнө күбө болуп турабыз. Алар  өздөрүнүн бул билдирүүлөрүндө кабыл алган «бекем негиздерин», максаттарын жана булардын эң негизгиси Сириядагы мамлекет жарандыкка негизделген мамлекет болушун айтышты. Башкача кылып айтканда, ушунча төгүлгөн кандар жана берилген курмандыктардан кийин Шам жеринде мусулмандар үстүнөн өкүм жүргүзө турган режим Исламды турмуштан ажырата турган демократиялык илманий режим болушун о.э. – билдирүүдө айтылгандай – терроризмдин ар кандай көрүнүшүнө каршы күрөшө тургандыгын билдиришти. Бул болсо, алар кечээ күнү биргеликте, жанма-жан согушкан башка топторго каршы Асад режими менен бир фронтто туруп согуша тургандыктарын жана бул топтор терроризм тизмесине киргизилишин түшүндүрөт. Белгилүү болгондой, Иордания режими 2015-жыл, 18-декабрда өткөрүлүшү белгиленген Коопсуздук Кеңешинин жыйынына сунуштоо үчүн террористтик топтор тизмесин даярдоо менен алектенип жаткан эле. Конференциянын катышуучулары Сириядагы чет элдик согушкерлердин бардыгына т.а. Шам калкына нусрат-жардам берүү жана ал жердеги аялдар намысын коргоо үчүн кирген топторго каршы экендиктерин баса белгилешти. О.э. аялдар, жаш балдар жана карыларды өлтүргөн канкордун өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөргө даяр экендигин да билдиришти. Буга 2012-жыл, 30-июндагы Женева билдирүүсүнө о.э. ушул сүйлөшүүлөрдү багыттоочу эл аралык токтомдорго негизделген абалда токтолушту. Акыйкатта болсо, бул сүйлөшүү токтомдорунда Шам калкы үчүн эч кандай рол берилбеген, тескерисинче, ал БУУ жетекчилиги жана кепилдиги менен баарына мажбурлап тыгыштырылган. Ооба, Эр-Рияд жыйынына катышуучулар БУУ жана эл аралык коомчулуктун ок атууну токтотууну көзөмөл кылуудагы ролуна ыраазылыктарын жана аны колдоп-кубаттай тургандыктарын билдиришти… Алар кабыл алган «бекем негиздер»дин айрымдары мына ушулар. Бир назар таштаган адам бул «бекем негиздер» Батыш мамлекеттеринин каалоосуна, негизинен, Америка каалоолоруна толук шайкеш келгенине, Америка каалап жаткан нерсенин дал өзү экенине күбө болот. Америка өзүнүн союздаштары жана малайлары менен биргеликте мамлекеттин жарандыкка негизделишине токтом кылган. Тынчтык чечимине ыраазы болбогон, өзү аларды террористтик уюмдар деп атаган о.э. жыйындын катышуучулары – терроризм тизмесине киргизиле турган топтор кайсы топтор экени белгилүү болбой туруп – шашылыш түрдө четке каккан топторго каршы күрөшүүгө да Америка токтом кылат. Ооба, өткөөл мезгил өкмөтүн түзүү, конституция иштеп чыгуу жана шайлоолорду өткөрүү, булардын бардыгы Американын ыраазылыгы менен жана БУУ чүмбөтү астында өткөрүлөт. Ал эң жаман менен андан да жамандын ортосун тандоо ыктыярын бере турган демократиялык оюндарда катышууга мажбурлайт. Ошентип, Эр-Рияд конференциясынын катышуучулары өз иштеринен бирер ишти өз алдынча чече албастыгын көрүп турабыз. Анткени, алар конференцияга өздөрүнөн талап кылынган нерселерди аткаруу үчүн терроризм шылтоосунда барышты. Мында алар шейиттердин канын да ишке ашырылган ушунча ачкачылык, кыргын, куугунтук жана курчоолор… натыйжасындагы курмандыктарды да эсепке алышпады. Бул болсо, ыпылас саясий ыкманын о.э. кафир Батыштын этегине жабышуунун натыйжасы. О.э. бир жолу назар таштаган адам бул «бекем негиздер» Аллах Субханаху ва Тааланын шариятына тескери экендигине да күбө болот. Анткени, алардын бул бекем негиздери динди турмуштан ажыратуу ишенимине о.э. ушул ишенимден балкып чыккан кайры илахий түзүмдөргө негизделген болуп, мына ушул жагынан да шариятка тескери келет. О.э. анда пенденин өкүмү Аллахтын өкүмүнөн абзел көрүлгөн. Аллах Субханаху ва Таала айтат:

﴿أَفَحُكْمَ الْجَاهِلِيَّةِ يَبْغُونَ وَمَنْ أَحْسَنُ مِنَ اللَّهِ حُكْمًا لِقَوْمٍ يُوقِنُونَ﴾

«Динсиздик өкүмдар болушун каалашабы, ыйманы толо болгон коум үчүн Аллахтан да чырайлуураак өкүм кылуучу ким бар?!»                                                                         [5:50]

Аллах Субханаху ва Таала бизге адамдын напис-каалоосуна моюн сунбай турган бекем негиздерди түзүп берген. Алар ла илаха иллаллах Мухаммадур Расулуллах акыйдасынан балкып чыккан шаръий өкүмдөр. Алардын эң биринчи жана негизгиси, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө аркылуу Аллах түшүргөн өкүм менен башкаруу. Анткени, бул башкарууну Шам калкы талап кылып, анын жолунда шейиттерди берип жатат. Аллах Таала айтат:

﴿إِنِ الْحُكْمُ إِلَّا لِلَّهِ أَمَرَ أَلَّا تَعْبُدُوا إِلَّا إِيَّاهُ ذَلِكَ الدِّينُ الْقَيِّمُ وَلَكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ﴾

«Өкүм-өкүмдарлык Аллага гана таандык. Ал Зат силерди жалаң Өзүнө гана ибадат кылууга буюрган. Эң туура дин мына ушул. Бирок, адамдардын көбү муну билишпейт»                               [12:40]

Бул өкүмдөрдүн экинчиси, кафир мамлекеттерден кутулуу, алардын таасирлерин жок кылуу. Анткени, Аллах Субханаху ва Тааланын

﴿وَلَنْ يَجْعَلَ اللَّهُ لِلْكَافِرِينَ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ سَبِيلًا﴾

«Алла эч качан капырлар үчүн момундар үстүнөн жол бербейт»                                           [4:141]

деген буйругу ушуга далалат кылат. Үчүнчүсү, режимди бардык аркан жана жүздөрү менен кулатуу. Расулуллах A мындай деген:

«سَتَكُونُ أُمَرَاءُ فَتَعْرِفُونَ وَتُنْكِرُونَ فَمَنْ عَرَفَ بَرِئَ وَمَنْ أَنْكَرَ سَلِمَ وَلَكِنْ مَنْ رَضِيَ وَتَابَعَ»

«Келечекте амирлер болот, силер (уларнинг маъруф жана мункар амалдарын өтө жакшы) билесиңер жана (мункарларын) четке кагасыңар. Анан ким (алардын мункар иштерин) билип, (жаман көрсө) таза болот, ким (алардын мункар иштерин) четке какса саламат болот, бирок кимде-ким (мункарга) ыраазы болуп, ээрчисе….!». (Имам Муслим риваяты). Демек көрүп турганыбыздай, мубарак Шам козголоңунун бекем негиздери Аллах Субханаху ва Таала бардык мусулмандардын мойнуна жүктөгөн шаръий өкүмдөр. Бул токтомдор өзгөрбөйт жана Батыш каалоолоруна моюн сунбайт. Ошол себептен, Аллах Субханаху ва Тааланын нусратын каалаган ар бир адам Анын өкүмүнө моюн сунушу жана Ислам Үммөтүнө каршы токулуп жаткан фитнада катышуудан тыйылышы о.э. Ислам душмандарынын мубарак козголоңду муунтуу жана анын курмандыктарын бейпайда кетирүү максатында иштете турган куралына айланып калбашы керек. Биз аларды Аллахтын каары жана азабынан эскертебиз. Шам жериндеги мусулмандар ушунча берген курмандыктарынан кийин эми бир гана нерсеге ыраазы болушат, ал да болсо, алардын козголоңу Батыш ыраазы боло турган нерсе менен эмес, Аллах ыраазы боло турган нерсе менен аякташы. Шам өлкөсүндөгү мусулмандар алардын перзенттеринин кандарын малайлык жана чыккынчылык базарында сатмакчы болуп жаткан кимселерди четке кагышы керек. Анткени, шейиттерибиздин каны жана калкыбыздын курмандыгы сатып жиберүү үчүн берилген эмес. Залим кимселер болсо жакында кандай акыбетке карай бара жатканын билип алышат.

 

Ахмад Абдулваххаб

Хизб ут-Тахрир-Сирия вилаяты

басма сөз бөлүмүнүн төрагасы

turkistonkg

Recent Posts

Камсыздандыруу калктын кыжырына тийүүдө

Камсыздандыруу калктын кыжырына тийүүдө Кыргызстанда камсыздандыруу компанияларынын кирешелери акыркы беш жылда эки эседен ашты. Алардын…

20 hours ago

Насаат айтууда жек көргөн нерсеге ачуулануу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Насаат айтууда жек көргөн нерсеге ачуулануу Урматтуу бир туугандар…

2 days ago

Жапаровдун Италияга сапарынын максаты эмне?

Жапаровдун Италияга сапарынын максаты эмне? Президент Садыр Жапаров Италияга жасаган расмий сапарынын алкагында өлкөнүн президенти…

2 days ago

Туруктуулук менен ыймандын ортосундагы амал

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Туруктуулук  менен ыймандын ортосундагы амал Урматтуу бир туугандар “Асыл…

2 days ago

Жетим-Тоо кенинде чалгындоо иштери башталат

Жетим-Тоо кенинде чалгындоо иштери башталат 2025-жылы Нарындагы Жетим-Тоо кенинде чалгындоо иштери башталат. Бул тууралуу “Кыргызгеология”…

3 days ago

Эй, мусулман өлкөлөрүндөгү өкүмдарлар, уялбайсыңарбы?

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Эй, мусулман өлкөлөрүндөгү өкүмдарлар, уялбайсыңарбы? Бул дүйнөдөгү жамандыктан жана акыреттеги азаптан…

4 days ago