Бул тууралуу АКШ Финансы министрлигинин алдындагы Чет өлкөлүк активдерди көзөмөлдөө башкармалыгы (OFAC, Office of Foreign Assets Control) билдирген.
“Кара тизмеге” (SDN List) Крымда активдүү иштеп жаткан компания жана банктар, тизмеге мурда киргизилгендер менен т.а. Генбанк, Крайинвестбанк, Инресбанк, Мособлбанк, “Технопромэкспорт”, “Волгограднефтемаш” жана башкалар менен алакада болгондор кошулган.
Тизмеде келтирилген 34 компаниянын арасында ВТБ-24 жана ВТБ, Сбербанк, жана анын аймактык бөлүмдөрү, Сбербанк Социалдык фонду, “Яндекс.Деньги” системасы, “Луч”, Станкоимпорт, Рособоронэкспорт, “Вертолеты России” компаниясы, Крымдагы Ликер-арак заводу, “Массандра” ишканасы, “Магарач” мамлекеттик вино институту, Севастополь деңиз банкы, Нижний Ореанда курорту, Ялта киностудиясы жана башкалар бар.
АКШ тараптын билдиришинче, ушул чаралар иш жүзүндөгү санкциялардын натыйжалуулугун сактап калуу максатында колдонулууда.