Кумарканаларга кайрадан уруксат берүү сунушталууда

Кыргызстан өкмөтү башынан өткөрүп  жаткан экономикалык кыйынчылыктарды жеңип өтүү жана бюджеттеги дефицитти жабуу чарасы катары дагы кайрадан кумарканаларга уруксат берүү сунушу көтөрүлүүдө. Мындай сунуш экономика министрлиги тарабынан билдирилди жана тийиштүү мыйзам долбоору 18-декабрдан баштап коомдук талкууга коюлду. Министрликтин билдиришинче, мыйзам долбоору мамлекеттин экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында кабыл алынган. Коомдук талкууга чыгарылган мыйзам долбоорунда кумарканаларды Ысык-Көл, Чүй областтарында жана мамлекеттин түштүгүндө ачуу сунушталган.

 Экономика министрлиги киргизген сунуш премьер-министр Темир Сариев тарабынан да колдоого алынды. Парламенттеги бюджет жана финансы боюнча комитеттин 21-декабрь күнү болуп өткөн кеңейтилген жыйынында Темир Сариев өкмөт “Манас” аэропортунда туристтер үчүн кумаркана ачуу маселесин карап жаткандыгы тууралуу билдирди.

 Премьер-министр тарабынан көтөрүлгөн бул демилгеге депутат Төрөбай Зулпукаров каршы чыкты. Зулпукаров өкмөт башчыны эки ишкердин кызыкчылыктарын элдин кызыкчылыгынан жогору койбостукка чакырды.

“V чакырылыштын депутаттары казино элдин ден соолугуна, каржылык, психикалык абалына терс таасирин берип келгени үчүн жапкан. Бүгүн өкмөт башчы кайра ачууну көздөп жатканы уят, Темир Аргенбаевич, сиз каршы чыгышыңыз керек.

Биз казинолорду жапкандан кийин ишкерлер миллиондогон акчаларын парламентке сунушташкан, бирок кире алышкан эмес. Бүгүн өкмөткө барыптыр. Эгерде казино ачыла турган болсо, бул парламент, бул өкмөт тарыхта эң жаман парламент, өкмөт болуп калат. Эки бизнесмендин кызыкчылыгы элдин кызыкчылыгынан өйдө болуп жатабы? Парламент деле элдин каршы чыкканынан улам кресло сатып алуудан баш тартып койду. Өкмөт казынаны толтурууну максат кылганы менен, казино иштетүү – кылмыш”, – деди Зулпукаров.

Расмий отчётторго ылайык, 2015-жылдагы бюджеттин дефицити 25 миллиард сомго барабар болгон жана кийинки жыл үчүн да бюджеттин дефицити 27,4 миллиард сомдун тегерегинде болушу күтүлүүдө.

Туркистон: 

Темир Сариев башчылык кылган Кыргызстан өкмөтү ахлакий жана рухий жактан өтө караңгы экендигин көрсөтүүнү улантып жатышат. Алар Кыргызстан жарандарынын рухий жана ахлакий баалуулуктары көтөрүлүшүнүн кепилдиги болгон исламий даъват иштерине жана исламий баалуулуктарыбыз болгон хижаб, сакал сыяктуу бир катар ахлакий көрүнүштөргө каршы иш-чараларды колдонуп келе жатышат.

Моралдык төмөндүк жана ахлакий бузукчулуктардын кепилдиги болгон кумаркана же Батыш дүйнө карашынан кирип келе жаткан дагы башка бузукчулуктарга болсо, дагы да кеңири жол ачып берүү үчүн аракет кылып жатышат. Кумар ойноо мусулмандар үчүн арам иш. Бирок, Сариев айтып жаткандай мусулман эмес адамдарга кумаркана кылып кызмат көрсөтүү да арам жана паскечтик болуп эсептелет.

Кумардан канчалаган адамдар зыян тартышат. Үй-бүлөлөр бузулуп, адамдар үй-жайсыз көчөлөрдө калышат. Бул нерсе статистикалык фактылардан көрүнүп турган акыйкат. Исламий даъваттан болсо, тескерисинче, өтө көптөгөн мусулмандар ошол кумарканалар сыяктуу бузукулуктан кайтып, үй-бүлөлөр бейпилдиги сакталып, коомдо жетимдер азаят.

Буларды бардыгыбыз катары эле, өкмөт да жакшы билет. Бирок, алар коомубузга жана жарандарыбызга кандай акыбеттерди алып келишине карабастан, материалдык кызыкчылыктары үчүн бул ыпылас долбоорду көтөрүп чыгуудан уялбай жатышат.

Кумарканалардын қоррупция жана экономикалык кылмышкерлерге болгон мааниси өтө чоң. Ал жерлерде корупциялашкан мамлекеттик кызматкерлердин арамдан тапкан акчалары жуулат. Андан соң, алар пара алуу менен же башка мыйзамсыз жолдор менен тапкан акчаларын кумарканалардан “кумардан утуп алды” деген документ кылып алып, заңгыраган үйлөрдү салып башташат. Бүт дүйнөдө кумарканалардын негизги кирешеси, ушуга окшогон ыпылас иштерди аткарып берүү менен өнүгүп барат. Алар белгилүү бир тараптан келишкен абалда атайын акча утуп алып, экинчи тарапка атайын уткузуп берүү менен, Нарымбаев сыяктуу паракорлорго пара алуу жараянын коопсуз кылып беришет. Кумаркана мамлекеттик кызматкерлер үчүн коррупция иштерин өнүктүрүүдө өтө маанилүү тармак болуп эсептелет. Кыргызстанда эле эмес, АКШнын Лас – Вегас шаарындагы дүйнөлүк кумарканаларда да кудум ушундай ыпылас акча жуумай о.э. пара берүү жана алуу жараяндарын жеңилдетүү операциясы аткарылат.

Кыргызстан өкмөтү коомубуздагы моралдык бузук абалды өнүктүрүү менен Батыш дүйнөсүнө демократияны өнүктүрүп жаткандай болуп көрүнүп жатып, өз калкынын алдында моралдык жактан төмөн өкмөт деген атка ээ болуп жатат. Алар ушуга ыраазы болгондой, коркпостон беймарал иш жүргүзүп жатышат. Кыргызстан калкы моралдык жаткан бийиктеп бара жатат. Ал болсо, демократия негиздерине таянган бузукчулук негизинде эмес, исламий идеология талап кыла турган тазалык тарапка көтөрүлүп бара жатат.

Сариев башкаруу ишин жакшы түшүнө албай жатат. Антпесе, жогорудагы кумаркана долбоорун элдин алдына көтөрүп чыгууга батына албайт болчу.

turkistonkg

Recent Posts

Камсыздандыруу калктын кыжырына тийүүдө

Камсыздандыруу калктын кыжырына тийүүдө Кыргызстанда камсыздандыруу компанияларынын кирешелери акыркы беш жылда эки эседен ашты. Алардын…

1 day ago

Насаат айтууда жек көргөн нерсеге ачуулануу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Насаат айтууда жек көргөн нерсеге ачуулануу Урматтуу бир туугандар…

2 days ago

Жапаровдун Италияга сапарынын максаты эмне?

Жапаровдун Италияга сапарынын максаты эмне? Президент Садыр Жапаров Италияга жасаган расмий сапарынын алкагында өлкөнүн президенти…

2 days ago

Туруктуулук менен ыймандын ортосундагы амал

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Туруктуулук  менен ыймандын ортосундагы амал Урматтуу бир туугандар “Асыл…

2 days ago

Жетим-Тоо кенинде чалгындоо иштери башталат

Жетим-Тоо кенинде чалгындоо иштери башталат 2025-жылы Нарындагы Жетим-Тоо кенинде чалгындоо иштери башталат. Бул тууралуу “Кыргызгеология”…

3 days ago

Эй, мусулман өлкөлөрүндөгү өкүмдарлар, уялбайсыңарбы?

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Эй, мусулман өлкөлөрүндөгү өкүмдарлар, уялбайсыңарбы? Бул дүйнөдөгү жамандыктан жана акыреттеги азаптан…

5 days ago