Сенин саясий ишмердүүлүгүң эч кимдин жакшылыгысыз Ислам сага берген укук!
Саудиядагы жана Саудия коомуна окшогон бардык коомдордогу аялдар шаръий өкүмдөрдүн туура колдонулбастыгы о.э. шаръий өкүмдөрдүн үрп-адат жана каада-салттардан турган калдыктар менен аралаштырып жиберилиши натыйжасында азап тартууда. Мына ушул калдыктарга аялга – кудум ал адамдык даражасында эркек кишиден төмөнкү даражада тургандай – төмөн назар менен кароону, анын раъйын кабыл албастыкты, же ал тургай аны менен талкуулашууну да кабыл албастыкты мисал кылып келтирүүгө болот. Алар аялга карата ал коомдо эч кандай рол жана орунга ээ болбогон бир караан катары карашат. Аял мурастан да куру калууда. Талак кылынган аялдар өздөрүнүн акы-укуктарына, ошону менен бирге баланы багып тарбиялоо укугуна ээ болбой жатышат. Аялдарга чоң муштумдук көрсөтүү, махрлардын өтө жогору экендиги о.э. үйлөнүүдөгү кээ бир адаттар жаштарды үйлөнүүдөн кача турган турган кылып койду. Булардын натыйжасында бир катар проблемалар келип чыгууда. Мисалы, үй-бүлөдөгү зомбулук, аялга турмушка чыгууга ыраазы болуу укугун бербестик, өз мал-дүйнөсүн иштетүү укугун бербестик сыяктуу проблемалар пайда болду. Бул жерде аялды – ал фитна, анын тышкарыга чыгышы ага тийиштик ылууга себеп болот деген далил менен – тышкарыга чыгуудан, билим алуу жана иштөөдөн тыйып жаткан кимселер да бар.
Өзүн исламий мамлекет деп дааба кылып жатканына карабастан шарияттан алыс болгон Саудияда аялдардын акы-укуктары тартып алынып жаткан жана жок кылынып жаткан мына ушундай шартта аялдар ушул күндөрдө баладия шайлоолоруна киришип жатат. Ал буга чейин болуп көрбөгөн бир кадам. Аялдар бул кадамды проблемага дабаа болуучу идеалдуу чечим деп кыялданууда! Аялдар бул кадам бийиктикке көтөрөт жана тартып алынган акы-укуктарды кайтарып берет деп кыялданууда! Добуш берүү укугуна ээ болушкандан кийин шайлоо учурунда алгачкы жолу катышып жаткан аялдар тарабынан болуп жаткан күтүү шартында 900 талапкер аял баладия мажлиси шайлоосуна киришүүдө.
Кудум бир чоң жеңиштей жар салып жатышкан бул шайлоолор менен Саудия аялдарына анын акы-укуктары чындап эле кайтарып берилеби? Транспорт каражаттарындагы же жолдордогу кайдыгерлик себептүү жолдордо каны төгүлгөн бир нече мугалим аялдардын кандары төгүлгөнүнө жоопкер болгон кимселер чындап эле ушул шайлоолор менен жоопко тартылабы? Бул аялдардын сураксыз, жоопкерчиликке тартылбастан, бирер чечим бербестен же ал тургай бул проблеманы чечүүгө аракет кылбастан калып кете берген мына ушул кандарынан жоопкер кимселер чындап эле ушул шайлоолор менен тергеп-тескелеби? Шайлана турган мына ушул аял камкордук жок болгон бул шартта жакырчылыкка дуушар кылынып, өзүн жана балдарын багуу үчүн мекемелер жана дүкөндөрдүн эшиктерин кагып тилемчилик кылып жаткан жакыр аял менен тилектеш болуп турабы? Өзүнө жана балдарына камкордук көрсөтүү жаатындагы, жок эле дегенде балдарынынын негизги муктаждыктарын камсыздоо туурасындагы өзүнүн акы-укугу кана, кайда деп сурап жаткан мына ушул жакыр аял менен тилектеш болуп, жанма-жан турабы? Шайланган аял белгилүү бир катмар үчүн эле эмес, тескерисинче бардык жарандар үчүн саламаттыкты сактоо, коргоо жана жетиштүү даражада камсыздоо тармагында камкордук көрсөтүлүшүн камсыздоого аракет кылабы? Аялдын ар-намысын, сый-урматын коргой турган жана анын бардык муктаждыктарын камсыздай турган камкордукту кепилдөөгө аракет кылабы?! Инфраструктура жамандыгы себептүү жамгырлардан кулап калган үй-жайларынан айрылып сарсанаа болуп жүргөн адамдарды баш баанек менен камсыздоого шайланган аял аракет кылабы же бул аял сауддар үй-бүлөсүнүн жүзүн жакшы кылып көрсөтө турган бир куру жасалма көрүнүш болуп тура береби? Белгилүү болгондой сауддардын бузуку иштери бардыгынын ачуусуна тийгени себептүү өздөрүнө каршы нааразылык добуштары барган сайын бийик көтөрүлө баштагандан кийин өздөрүнүн жүзүн аппак кылып көрсөтө турган ушундай жасалма көрүнүштөргө муктаж болуп калышкан эле!
Муслима аял кайда болбосун парламент же баладиядагы орундарга муктаж болбойт. Тескерисинче, ал өзүнө Аллахтын Китеби жана Расулунун сүннөтү менен саясат жүргүзө турган Раббоний түзүмгө муктаж. Раббоний түзүм боорунда ал азиз болуп сый урматта жашайт, ага камкордук кылынат, анын мээнетинен пайдаланылбайт, ал корголот, ар-намысы корголуп, урматы сакталат. Раббоний түзүм көлөкөсүндө аял өзүнүн социалдык, экономикалык жана саясий акы-укуктарына толук ээ болот.
Биз Хизб ут-Тахрирдин борбордук басма сөз бөлүмүнүн аялдар жааты бүт мусулмандарга, айрыкча аялдарга төмөнкүлөрдү баса белгилейбиз: Мусулмандар аялга анын акы-укуктарын берүү жаатындагы мындай алдамчы ыкмалар тузагына түшүп алданып калбашы керек. Анткени, бул төмөн түзүмдөр канчалык аракет кылбасын аялга таптакыр жакшы камкордук кыла албайт, анын урматын сактай албайт албайт. Себеби, бул төмөн түзүмдөр адам иштеп чыккан мыйзамдар болуп, бул мыйзамдар пайдапарастыктын жемиши. Аллахтын шариятында болсо адилеттүүлүк, азиздик жана укук бар. Биз тикелөөгө чакырып жаткан мамлекет – бул Ислам мамлекети т.а. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекети. Биз ушул мамлекетке умтулуп жатабыз, аны тикелөөгө аракет кылып жатабыз. Себеби, ушул мамлекет тикеленсе биз бул мамлекет акиминин көркөм камкордугу, байлыкты мол кылып бериши, ыкыласы, өз үммөтү Үммөтү жөнүндө, бул Үммөттүн мурунку азиздигин жана даражасын кайра тикелөө жөнүндө катуу кайгырышы булагынан чаңкообуз канганча иче турган болобуз. Ушундай болгон соң – эй аялдар – арзыбаган ушактарды кабыл албагыла, алар менен курсант болбогула. Тескерисинче, акы-укугуңарды толук колго алууга аракет кылгыла. Себеби, Ислам силердин башкарууга тиешелүү болбогон идарий мансаптарды ээлешиңерге, ошону менен бирге Үммөт мажлисинин мүчөсү болушуңарга он төрт кылым мурда эле уруксат берип койгон. Силер Үммөт мажлисинде акимди тергеп-тескей турган, аны менен талкуулаша турган болосуңар. Болгону бир баладия мүчөсү гана болуп калбайсыңар. Ушундай болгон соң, мына ушул улуу сарайды тикелөөгө аракет кылгыла. Себеби, мына ушул улуу сарайда, инша Аллах, бул жакшылыктардын бардыгына ээ болосуңар.
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُواْ اسْتَجِيبُواْ لِلّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُم لِمَا يُحْيِيكُمْ وَاعْلَمُواْ أَنَّ اللّهَ يَحُولُ بَيْنَ الْمَرْءِ وَقَلْبِهِ وَأَنَّهُ إِلَيْهِ تُحْشَرُونَ
«Эй момундар, Аллах жана Анын Расулу силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге даъват кылган убакта аны кабыл алгыла жана билип койгула, Аллах ар бири киши менен анын дили ортосун ээлеп турат жана шек-күмөнсүз, Анын алдына топтолосуңар» [8:24]
Хизб ут-Тахрирдин борбордук басма сөз бөлүмүнүн аялдар жааты
Дареги: алМазраа – «Колумбиа Центр» – блок б – экинчи кабат
Бейрут-Ливан
Почта кутусу 145010
телефон: 00961 1 30 75 94
уюлдук телефон: 00961 71 72 40 43
электрондук почта: media@hizb-ut-tahrir.info
Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…