Кабар:
Газадагы Палестина режимине караштуу Мисир дипломатиялык өкүлканасынын алдында түштүктөгү Рафах кургактык көзөмөл пунктунун дайым жабык калышына каршы нааразылык акциясы өткөрүлдү. Акцияны «Газа курчоосун жарып өтүү» комитети уюштурду.
Акциянын катышуучулары Газа калкы башынан өткөрүп жаткан адамдык кризис көлөмүн азайтуу үчүн өтмөктү ар дайым ачык калтырууга аракет кылуу зарылдыгын талап кылышты.
О.э. катышуучулар Араб Мамлекеттери Лигасы менен БУУдан Рафах көзөмөл пунктун ачуу жана бул өтмөк Газаны дүйнө менен байланыштыруучу жападан-жалгыз дарбаза болгондуктан, ал жердеги транспорттук каттам жана аракет кылуу эркиндиги камсыздалышын Мисирден талап кылууга чакырышты.
Мындан бир апта мурда газалык студенттердин бир тобу Рафахты ачып берүүнү о.э. университетке каттап, токтоп калган окууну улантууга уруксат берүүнү Мисир өкмөтүнөн талап кылышкан эле. Алар Рафах көзөмөл пунктунун алдында Исламий уюм тарабынан уюштурулган акцияда «Биздин билим алууга байланыштуу болгон келечегибиз Рафах көзөмөл пунктунун жабык турушу менен коркунуч астында калды» деген сөздөр жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышты (Ал-Жазира нет).
Газа калкынын яхудийлер курчоосунда калып, кыймыл аракет чектеп коюлганы исламий өлкө болгон Азхар Мисирине жетиштүү болбогон окшойт! Ал Сиси жана анын кылмышкер тобунун буйругу негизинде газалыктар курчоосун күчөтүүдө. Мисирдин акимдери Ислам душмандарынын саясатын жүргүзө турган малай болгондуктан Газанын мусулман калкы исламий өлкө тарабынан курчоого алынууда. Бирок, бул иштеги жоопкерчилик Мисир калкынан көтөрүлөбү? Алар Газа калкынын диндеш боордошу болуп туруп, алардын Мисир өкүмдарлары тарабынан курчоого алынып жатканына сүкүт сакташы туурабы? Албетте, жок! Ислам аларга өз акимдеринен эсеп-китеп талап кылып, аларга туура жолду көрсөтүүгө буюрат. Антпесе алар, оор күнөөгө батып, Аллахтын каарына калышат. Расулуллах A мындай деген:
«كَلاَّ، وَاللهِ لَتَأْمُرُنَّ بالْمعْرُوفِ، وَلَتَنْهوُنَّ عَنِ الْمُنْكَرِ، ولَتَأْخُذُنَّ عَلَى يَدِ الظَّالِمِ، ولَتَأْطِرُنَّهُ عَلَى الْحَقِّ أَطْراً، ولَتقْصُرُنَّهُ عَلَى الْحَقِّ قَصْراً، أَوْ لَيَضْرِبَنَّ الله بقُلُوبِ بَعْضِكُمْ عَلَى بَعْضٍ، ثُمَّ لَيَلْعَنكُمْ كَمَا لَعَنَهُمْ»
«Аллахка ант болсун, силер албетте жакшылыкка буюрасыӊар жана жамандыктан кайтарасыӊар. Силер албетте залимдин колунан кармап, аны акыйкатка ийилүүгө мажбур кыласыӊар жана албетте аны акыйкатка бекем байлап коёсуӊар. Же албетте Аллах кээ бириӊерди кээ бириӊердин дили менен урат, андан соӊ Бану Исраилди наалаттагандай, силерди да наалаттайт» (Абу Давуд жана Термизий риваяты).
Роя гезитинин 2015-жыл, 16-декабрдагы 56-санынан
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…