Дмитрий Медведевдин Кытайга болгон сапары аякташы менен “Синьхуа” мамлекеттик агенттиги Россия экономикасынын абалы жөнүндө катуу сындаган макала жарыя кылып, аны дүйнөлүк негизги жаӊылыктардын катарына жайгаштырды. Кытайдын расмий маалымат каналынын мындай аракети россиялык журналисттерге түшүнүксүз туюлду.
Макалада айтылышынча, Россиянын саясаты стратегиялык жактан туӊгуюкка, экономикасы болсо системалы кризиске кирип калган о.э. мындан чыгуу жеӊил болбойт.
Макалада: “Россия оор мезгилден өтүп жатат. Нефтиден келе турган долларлар, мурункудай эле экономиканын негизги бөлүгүн түзөт. Экономикалык өнүгүү министрлигинин эсептөөлөрүнө ылайык, нефтинин баасы 40 доллар болгон учурда мамлекетте ИДП 5 пайызга түшүп кетет. Финансы министрлигинин билдиришинче, мындай абалда бюджетте 3 трлн рубль дефицит болот. А бирок, эң олуттуу корунуч мында эмес. Эксперттердин айтымында, Россияда 2014-2015-жылы экономикалык туруксуздуктун күзөтүлүшү 2012-жылы башталган структуралык кризиске байланыштуу. Анын мааниси экономика деиндустриализациясында о.э. айыл чарбасынын төмөндөп кетишинде, кризис аяктагандан кийин болсо адатта өнөр жай жана агрардык секторду дароо эле жакшыртуу мүмкүн эмес”, – деп айтылат.
Бул макала Медведев Кытай жетекчилиги менен келише албагандыгын көрсөттү, – деп эсептейт Ыраакы Чыгыш институтунун директорунун орун басары Андрей Островский.
“Медведевди кабыл алышты, курсагын тойгузушту, экскурсияларды өткөрүштү, ошону менен бүттү. Эми кытайлыктар: “Мамлекетиӊизде эмне болуп жатканын караӊыз. Бизде Кытайча арзуу бар, сизде эмне бар?” – деп жазып жатышат. О.э.: “Биз менен кандай кызматташасыз?” – деп сурап жатат. Бардык божомолдорго ылайык, биз “эч кандай” деп жооп берүүдөбүз”, – деп баса белгиледи адис.
“Агенттик (“Синьхуа”) биздин Пекинге жалган сүйлөп жатканыбызды айтты. Кытай жоопкерчилиги күчтүү тараптар менен иштешет. Азыр алар Россияда эмнелер болуп жатканын түшүнүп тургандыгын билдиришти”, – деди Островский.
Ошону менен бирге, анын оюнча Россия калкына карата Кытайдын мамилеси жакшы.
“Кытайлыктар биздин элибизди эсептен чыгарган жок. Алар Медведев жана өкмөттү эсептен чыгарууда”, – деп ишендирди эксперт.
Туркистон:
Островскийдин талдоосу дээрлик акыйкатка жакын. Пекин Россияны үлкөн базар деп эсептейт. Проблема Россияны ушул абалда кармап турган Путиндин режиминде. Кытайдын бул режимге ишеними жоктугу жана Россия экономикасынын азыркы абалы т.а. Кытай менен кызматташа албай тургандыгы жана Кытай инвестициясынын көлөмүн көбөйтүү мүмкүнчүлүгү жоктугу Кытай өкмөтүн канааттандырбайт. Бирок, Путиндин режими Россиянын кызыкчылыктарына тескери барышы менен мамлекеттин эл аралык майдандагы өтө көп кызыкчылыктарын жоготуп жатат. Кытайды ар кандай кызматташтыктан тосуп кабатыр кылып жаткан факторлордун бир ушул.
Экинчи фактор: Россиянын азыркы экономикалык жана саясий абалында Кытай менен тең ата кызматташуу мүмкүнчүлүгү жоктугунда. Орустар Кытайдан өзүнө карата эски жетекчи катары мамиледе болууну, же болбосо, жок эле дегенде тең ата мамиледе болууну суранып жатышат. Себеби, Кытайды Россия СССРдин кубаты менен өзүнө союздаш кылып, капиталисттик Батыш дүйнөсүнө каршы эл аралык саясий майданга алып чыккан эле. Ошондуктан, Кытай азыркы Россия менен үчүнчү дүйнө мамлекеттери менен мамиле кылына турган долбоорлор негизинде мамиле кылышы мүмкүн экендигин азырынча ачык айта албай жатат. Ал орус дипломаттарына – жогоруда айтылгандай – жакшы мамиле кылып, кайтарып жиберип жатат. Кудум Кыргызстандын премьер-министрин экскурсияларды уюштуруп, курсагын тойгузуп, жакшы сөздөр менен узатып жибергени сыяктуу.
Үчүнчү фактор: Кытай Россиянын огороду болгон Кыргызстанга бастырып кирүүгө батына баштады. Ал Кыргызстандын премьер-министри Т. Сариев менен эки мамлекеттин ортосунда виза системасын бекер кылуу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштады. Бул Кыргызстанды да кудум Уйгурстан сыяктуу басып алууга ташталган кадам. Бул путиндин сөзү менен айтканда далыдан урулган сокку болот.
Кытай Россиянын азыркы начар абалынан о.э. Кыргызстандын экономикалык кризис абалынан пайдаланып калмакчы. Сариев болсо тарыхий ката кетирүү менен улутка кыянатчы болуп тарыхта калуунун астында турат. Бул колония кылуу ыкмасы дүйнөнүн бардык тарабында кеӊири жайылган. Алгач Европа Американы ушундай ыкма менен колония кылган болсо, кийинчерээк Израиль Палестинаны, Батыш Африка мамлекеттерин, Кытай Уйгурстанды, Россия Борбор Азияны… ушундай ыкма менен колония кылган. Эң жаман жери, Россия бул сыяктуу келишимдерден кийин Кытайга эмес, Кыргызстанга басым өткөрөт.
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…