Холид Машъал: Биз чыныгы козголоӊдо жашап жатабыз, башка топтор аны колдоп-кубатташы керек!!!

Роя гезитинин 2015-жыл, 9-декабрь, шаршембидеги 55-санынан:

Холид Машъал: Биз чыныгы козголоӊдо жашап жатабыз, башка топтор аны колдоп-кубатташы керек!!!

«Хамас» исламий каршылык кыймылынын саясий бөлүмүнүн башчысы Холид Машъал “Куддус жана Палестинадагы түрдүү аймактар чыныгы козголоңдо жашап жатат” деди. Андан соӊ, Палестина жарашуу документтерин иргеп отурбастан бардыгын чечүү үчүн Фатх менен жолугушууга даяр экендигин баса белгиледи.

Ал Палестина жетекчилигине кайрылып, ага: «Бул тарыхий ирмем, Куддус козголоңуна таяныч болушуӊуз зарыл», – деди. Фатх жана башка Палестинадагы уюмдарды бүгүнкү козголоңду кабыл алууга чакырды о.э. «Бул козголоң жетекчилер жана саясатчылар аталыкка албагандыгынан арызданып жатат» деди. Андан соӊ, айрым чөйрөлөр козголоңго кошулуудан экиленип жатканын баса белгиледи.

Машъал Ал-Жазиранын «Атайын жолугушуу» деген аталыштагы программасында бул жерде төгүлгөн шейиттер каны Аксаны бөлүп таштоо долбоорун токтотуп калгандыгын айтты. О.э. «Адамдар козголоң сөзүн кандай түшүнүшпөсүн, баары бир бүгүнкү көрүнүш козголоң көрүнүшү» экендигин билдирди.

Андан соӊ, бүгүнкү окуялар күрөш жана каршылыктын мазмуну экендигин, бул окуялар Куддус, Батыш Жээк шаарлары, лагерлер, ал тургай – бүгүн баскынчылык жок болсо да – Газадагы жана 1948-жылдагы региондордогу калктарды бириктирүүчү козголоң экендигин баса белгиледи.

Машъалдын пикиринче, козголоңдун формасы ар бир баскычта өзгөрүп тургандай эле, бүгүнкү козголоңдун формасы да мурунку козголоңдордон айырмаланат жана бул «чыныгы козголоң болуп эсептелет».

Ал «Бул чыныгы козголоң» деп кошумча кылып, ушул козголоң Палестина маселесин зээндерибизге кайрадан орноштурууда деди. Саясий топторду, айрыкча, Фатх кыймылын козголоңго кошулууга чакырды о.э. Хамастын козголоңго киргенин баса белгилеп: «Биз Хамастагылар ушул козголоңду аягына чейин улантабыз», – деди (Ал-Жазира нет).

Роя гезитинин комментарийи:

Бул Хамастын саясий бөлүмүнүн башчысы Куддус козголоңуна таяныч болууну талап кылуу үчүн Палестина жетекчилигинен башкасын таппады. Акыйкатта болсо, бул жетекчилик коопсуздук маселесинде яхудийлер мамлекети менен келишкен абалда иш жүргүзүп жатат. О.э. бул жетекчилик Американын яхудийлер коопсуздугун камсыздоодогу бир куралы болуп эсептелет! Хамас саясий бөлүмүнүн башчысынын козголоң үчүн таяныч жөнүндө сөз кылып туруп, Палестина калкы жана алардын козголоңдору үчүн чыныгы таянычты тилге албастыгы өтө аӊ калычтуу, ал тургай каралоого татыктуу! Анткени, бул таяныч – бардык күч-кубатка, негизинен, армияга ээ болгон Үммөт. Ушул орунда, биз Холид Машъал мырзага суроо бермекчибиз: Яхудийлер мамлекети Батыш мамлекеттери тарабынан ортого ташталган тынчтык чечими боюнча жүрүшү үчүн силер ушул бычактар козголоңун ага басым өткөрүү каражаты деп эсептейсиӊерби жана ошондуктан, каршылыкты куралдар менен эмес, тескерисинче бычактар менен улантуунун эч бир зыяны жок деп билесиңерби? Палестинанын яхудийлер тарабынан басып алынгандыгы, демек, аны толук азат кылуу важибдиги о.э. бул иш мусулмандардын чыныгы күчтөрүн аттандыруу менен ишке ашуусу маселенин негизи эмеспи? Эмне үчүн Палестина маселесинин бирден-бир туура чечими катары мына ушул ишке бардык көӊүлүӊүздү буруп, аны кабыл албайсыз жана ага чакырбайсыз? Колунда бычактан башка куралы жок адамдын Аллахтын алдында үзүрү бар. Себеби, ал Палестинаны куткарууга алсыз. Бирок, сиз айрымдары менен алака орнотуп келе жаткан Түркия, Иран сыяктуу исламий өлкөлөрдүн армиялары кайда калды?

turkistonkg

Recent Posts

Кыргызстанда бай-кедей ажырымы үч жылда эки эсе өстү

Кыргызстанда бай-кедей ажырымы үч жылда эки эсе өстү Кыргызстанда үч жыл мурун калктын эң бай…

1 day ago

Газа жалгыз калдыбы?!

Басма сөз баянаты Газа жалгыз калдыбы?! Кыргын, ойрондулук жана курчоо Газада кадыресе көрүнүшкө айланып калды.…

1 day ago

Шам тогутунун камактарында ачыкталган үрөй учурган көрүнүштөр Уммат перзенттеринин жүрөгүндө өкүмдарларды жок кыла турган жалынды алоолонтушу керек

Басма сөз баянаты Шам тогутунун камактарында ачыкталган үрөй учурган көрүнүштөр Уммат перзенттеринин жүрөгүндө өкүмдарларды жок…

1 day ago

Электрондук соода

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Электрондук соода Ассаламу алайкум уа рахматуллоохи уа баркатуху. Аллахым өмүрүңүзгө береке…

1 day ago

Бардык мусулмандарга, өзгөчө Шам калкына кайрылуу!!!

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Бардык мусулмандарга, өзгөчө Шам калкына кайрылуу!!!  Аллахка мактоолор, Расулуллахка жана Ал…

1 day ago

Жаңы жылды майрамдоо – харам

Жаңы жылды майрамдоо – харам! Мусулмандардын коргоочусу, шариятты колдонуучу Ислам мамлекети жок болгон бүгүнкү учурда Ислам…

2 days ago