Түркия аба мейкиндигин бузган Россиянын су-24 самолёту атып түшүрүлүшү себептүү Россия президенти Владимир Путин Түркияга каршы экономикалык чара колдонуу туурасындагы буйрукка кол койду. Кремль тарабынан чыгарылган билдирүүдө келишинче, буйрукка ылайык түрк товарлары үчүн бажы көзөмөлү күчөтүлөт. О.э. Түркия менен визасыз режим да бекер кылынат.
Бул арада Түркия президенти Режеп Таййиб Эрдоган бул окуя боюнча сүйлөшүп алуу үчүн Россия президенти Владимир Путинге телефон чалган, бирок Путин телефонго жооп бербеген. Бул тууралуу анын өзү Франциянын 24-каналына билдирди.
Эрдоган кечирим суроону четке каккан болсо да, бирок бул окуядан катуу өкүнүчтө экендигин билдирди. Түркиянын Балыкесир шаарында уюштурулган жыйында сөз сүйлөгөн Эрдоган Путин менен тил табышуудан үмүттөнө тургандыгын билдирди.
“Бул окуя бизди кайгыга салды. Мен бул окуядан аябай капаландым. Биз мындай болушун эч бир каалабайт элек. Бирок, болор иш болду. Эми башка кайталанбайт деп үмүттөнөмүн. Бул маселе жөнүндө териштирип, проблеманы чечебиз. 30-ноябрь күнү Париж шаарында климаттын өзгөрүшүнө арналган саммит пландаштырылган. Менин оюмча, бул Россия менен алакабызды кайрадан тикелөө үчүн Путин менен жолугушууга ыӊгайлуу учур болот”, – деди Түркия президенти.
Түркиянын вице-премьери Нуман Куртулмуш да Россия жана Түркия ортосундагы алака кайрадан тикеленишинен үмүттөнө тургандыгын билдирди.
“Самолёттун атып түшүрүлүшү атайылап ишке ашырылган эмес. Түркия эгерде бул самолёт Россияга караштуу экендигин билгенде аны атып түшүрбөйт эле”, “Россия менен ортобузда бир нече экономикалык алакалар бар. Кирүү визасын бекер кылуу да экономикалык алакалардын түрүнө кирет. Анкара менен Москва ортосунда эмоциялардан келип чыгып, кээ бир иш-чаралар көрүлүшү мүмкүн. Бирок, бул иш-чаралар көпкө созулбайт деп үмүттөнөбүз”, – деди Куртулмуш.
Россия су-24 самолёту атып түшүрүлүшүнүн натыйжасында Түркияга каршы согуш жарыя кылышы ыктымалдан узак болсо да, бирок өзүнүн аброюн сактап калуу үчүн түрдүү иштерди кылууда. Ал эми Түркия башында окуя боюнча кечирим суроону четке кагып “эгер кимдир кечирим сурашы керек болсо, биз эмес, аба мейкиндигибизди бузгандар кечирим сурашы керек” деп турган болсо да, кийинки билдирүүлөрүндө ыйлагыдай болуп жалынууга өттү.

Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?! Мусулман болбогон адамдар да…
Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы? Кыргызстан президенти Садыр Жапаров 4-февралда Кытай лидери Си Си Цзиньпиндин чакыруусу…
﷽ Мына ошентип, яхудийлер Газада жасаган үрөй учурган массалык кыргындан жана ойрондулуктардан кийин, мусулман акимдери…
Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу? Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда көз…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу Суроо: “Аль-Жазира” 2025-жылдын 26-январында өзүнүн сайтына төмөнкү…
Бисмиллаахир рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Абу Жахилдин өлтүрүлүшү Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…