Суроого жооп: Түркия тарабынан Россия учагы самолёту атып түшүрүлүшүнүн натыйжалары!

Суроого жооп: Түркия тарабынан Россия учагы самолёту атып түшүрүлүшүнүн натыйжалары!

Менин суроом, Орусия согуштук учагынын Түрк реактивдүү учактары тарабынан уруп түшүрүлгөнү тууралуу: Бул окуя Сирия аба мейкиндигинде аба күчтөрүнүн операциялары көбөйүшүнө жол ачабы? Oперациялар Tүркия аба мейкиндигине чейин жайылабы?

Жооп:

1- Сирия аба мейкиндигине токтолсок;

– Сирия аба мейкиндигинде операциялардын көбөйүшү дегенде, баардык жердин бомбаланышын назарда тутуп жатсаңыз, мындай кыргындар ансыз деле жүрүп жатат.

– Эгерде учактардын өз-ара келишпөөчүлүктөрү жана кагылышуулары тууралуу айтып жатсаңыз, мындай чыңалуу жакынкы келечекте болушу күтүлбөйт. Мунун себебин 11-октябрдагы билдирүүдө жана 18-ноябрдагы суроо-жоопто түшүндүрүп өткөнбүз.

2- Операциялардын Түрк аба мейкиндигине чейин жайылуусуна келсек, Орусия менен Түркия арасындагы аба согушу тууралуу айтып жатат окшойсуз. Биздин анализибизге ылайык, төмөндөгү себептерден улам мындай абалдын болушу күтүлбөйт:

– Орусия аба күчтөрүнүн Сириядагы операциясы Aмерика менен түзүлгөн келишимдин негизинде жүрөт. Tүркиядагы учурдагы бийлик Aмериканын таасири астында. Ушундан улам, бул бийлик Американын  келишимин жокко чыгара албайт.

– Мындай келишимдин бар экени анык. Муну жогоруда айткан билдирүү менен суроо-жоопто деталдуу түрдө баяндаганбыз. Путин, 2015-жылдын 24-ноябрында, Сочидеги маалымат жыйынында, учактын уруп түшүрүлүшү “далыбызга урулган сокку” деп ортодо келишим болгондугун билдирди. [24.11.2015 радио Сива] Бул билдирүү ортодо бир келишим болгонун жана бул келишимдин бузулганын түшүндүрөт.

– Чындыкка жакын нерсе ушул, учак Tүрк саясий лидерлеринин буйругу менен эмес, Эрдогандан башка саясий максатты көздөгөн жана чегарада түркмөн бир туугандарынын бомбалануусуна чыдай албаган түрк аскерийлери ичиндеги айрым командирлердин буйругу менен урулду.

Мунун далилин башбакан Давутоглунун берген маалымат жыйынынан кезиктирүүгө болот. Давутоглу: “Tүрк аба мейкиндигин бузган учактарга каршы куралдуу күчтөрүбүздүн убагында кылган аракетин колго алуу зарыл”,- деди. [24.11.2015 Radio Siwa]

– Орусия Түркия өкмөтүнүн коопсуздук келишимин бузбаганын билет. Себеби, Орусия учактары мындан мурун да түрк аба мейкиндигин кесип өткөн. Бирок, түрк өкмөтү чек араны бузган учактарга эскертүү берүү менен гана чектелген. Орусия да уруп түшүрүлгөн учактын өкмөттүн буйругу менен эмес, айрым аскерий жетекчилердин талабы менен болгонун билет. Ушундан улам жагдай оңдолуп кетиши мүмкүн. Ошондуктан, Орусия менен Түркия арасында согуштун болушу күтүлбөйт.  Учак кризиси, экономикалык же дипломатиялык алакалар менен, же болбосо, учак урулган аймакта Орусиянын аба соккуларын күчөтүү сыяктуу саясий жолдор менен чечилиши күтүлөт. Окуяны тынчытууда Aмерика негизги ролду аткарат, айрыкча, түрк аскерлеринин аракетке келбешин катуу көзөмөлдөйт. Aмерика учактын каерде жана кантип урулганы тууралуу билдирүү берүү менен эки тарапты тең канааттандыруучу бир жолду табышы мүмкүн. Кечээ 24-ноябрда Америкалык чиновник: “Вашингтон Орусия учагы түрк аба мейкиндигин кыска убакытта кесип өткөн жана Сирия ичинде уруп түшүрүлгөн деп эсептейт”, – деди. [25.11.2015 Deutshe Welle]. Мындан көрүнүп тургандай, Aмерика эки тараптын тең көңүлүн алууга аракет кылууда.

– Демек, анализибиз боюнча, жакынкы аралыкта Түркия менен Орусия ортосунда катуу чыңалуу күтүлбөйт. Тескери түрдө, эгер саясий күрөштөрдүн катарында аскерий операциялар да активдеше баштаса, анда окуялар чыңалат жана алар күтүлбөгөн жыйынтыктарга жол ачылышы мүмкүн.

– Тыянактап айтканда, ушундай бир исламий өлкөдө бул сыяктуу окуялардын жана алардын жыйынтыгы колонизатор каапырлар менен алардын агенттери көзөмөлүндө болушу өкүнүчтүү! Бирок күндөр алмашып туруучу. Алланын уруксаты менен бул абал узакка барбайт. Халифалык нуру Ислам өлкөлөрүн, жада калса, дүйнөнүн ар бир көчөсүн жарык кылат. Ислам душмандарын өз өлкөлөрүнө кууп кирет, эгер өлкөлөрү калган болсо…

Аллах таала айтат: “Албетте, Анын берген кабарынын туура экенин бир аз убакыттан кийин эң жакшы билип аласыңар”. [Сод 88]

Хизб-ут Тахрир амири шейх Ата ибн Халил Абу ар-Раштанын жообунан кыскартып алынды.

turkistonkg

Recent Posts

Ички дүң өндүрүш 1,5 триллион сомго жетти калктын жашоосу жеңилдедиби?

Ички дүң өндүрүш 1,5 триллион сомго жетти калктын жашоосу жеңилдедиби? Улуттук статистика комитети 2024-жылы Кыргызстандын…

14 hours ago

Борбордук Азиянын Америка үчүн маанилүүлүгү

Борбордук Азиянын Америка үчүн маанилүүлүгү АКШнын Борбордук Азияга болгон көз карашы башка мусулман өлкөлөрүнөн айырмаланып…

14 hours ago

Бейиштин эшиктери кылычтардын көлөкөсүндө

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Бейиштин эшиктери кылычтардын көлөкөсүндө Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

1 day ago

Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент

Басма сөз баянаты Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент Козголоң башталгандан бери кооптуу прецедент ушул болду –…

2 days ago

«Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси

Басма сөз баянаты «Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси…

2 days ago

Таъзия

Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү ﴿مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ…

2 days ago