Сирия майданындагы акыркы окуялар Париждеги чабуулдардын аларга тиешеси барбы?
Суроо:
Сириядагы абал, айрыкча орустардын Сирияга каршы жырткычтык баскынчылыгынан кийинки абал Америка, Россия, Сирия жана булардан башка мамлекеттердин самолёттору үчүн аскерий майданга о.э. аскерий күрөшкө айланып калды. Ошол эле учурда Вена-1, Вена-2 жана Вена-3 сүйлөшүүлөрү о.э. экинчи даражалуу сүйлөшүүлөр да күчөдү. Менин суроом төмөнкүдөй: Эмне үчүн бул самолёттор ортосунда асманда аскерий кагышуу жүз бербеди? Себеби, алар түрдүү мамлекеттерге караштуу эмеспи? Эмне үчүн аскерий иштер активдешүүсү менен бир учурда саясий иштер күчөшү да жүз берди? Сирия маселеси боюнча күтүлүп жаткан чечим эмнеден турат? 2015-жыл, 14-ноябрда Вена-3 сүйлөшүүлөрү өткөрүлүшүнөн бир нече саат мурда т.а. Парижде 2015-жыл, 13-ноябрь, жума күнү жүз берген чабуулдардын Сирия маселеси боюнча күтүлүп жаткан чечимге таасири барбы? Же бул чабуулдардын бул маселеге алакасы жокпу жана сүйлөшүүлөр менен чабуулдардын бир мезгилге туура келип калганы бир кокустук болдубу? Мен жооп беришиӊизди суранамын. Бирок, саясий талдоого өтө киришип кетпей, мага жана адамдардын көпчүлүгүнө жеӊил түшүнүктүү болгон жөнөкөй жоопту беришиӊизди суранамын. Аллах сизге бүт жакшылыкты тартууласын.
Жооп:
Жооп берүүнү суроодогу акыркы сөзүӊүздөн баштаймын. Эгерде жооп жөнөкөй болсун дегенден анын эч кандай күӊүрттүк болбогон анык болушу, ачык-айкын далалаттуу сөздөр менен болушу назарда тутулуп жаткан болсо бул – баракча болобу, же баянат болобу, же суроого жооп болобу, айырмасыз – биз чыгарып жаткан басылмалар айырмаланып туруучу өзгөчөлүктөр. Ал эми эгерде жооп жөнөкөй болсун дегенден көздөлгөн максат маселелердин мазмундары жана натыйжаларын үйрөнүп чыкпастык, алардын вакиъсин жана себептерин тереӊ билип албастык болсо, анда бул саясий кризистерде болбойт т.а. саясий кризистерде мындай жандашылбайт. Себеби, жооп көбүрөөк чын же туура деп күмөн кылына турган маалыматтар негизине курулушу керек. Бул (т.а. күмөндө чын же туура деген раъй үстөм болушу) болсо – эгерде вакиъ, анын факторлору, себепкерлери, ага тиешелүү далилдер үйрөнүп чыгылбай турган болсо – туура болбойт. Биз өзүбүз чыгарып жаткан басылмаларда мындан сактанабыз, жооптун туура болушуна күчүбүз жетишинче катуу аракет кылабыз. Бул жоопту окуп чыгуу менен биздин райыбыз, инша Аллах, чын жана туура экендигин ыктымал анык билип аларсыз. Суроолоруӊуздун жообу төмөнкүдөй:
Биринчи: Самолёттордун кагышпай жатканы темасы:
Туура, бул мамлекеттер – аталышы да, позициялары да ар түрдүү болгон мамлекеттер. Бирок, Сириядагы кризис темасында алардын «мугалими» бирөө. Ошондуктан, пландар жана ал тургай фитна жиптери да анык белгиленген. Муну сизге төмөнкүдөй түшүндүрөмүн:
а) Россиянын 2015-жыл, 30-сентябрда Сирияга баскынчылык кылышынан мурда Обама жана Путин 2015-жыл, 29-сентябрда жолугушту жана бул жолугушуу 90 минутка уланды. Жолугушуунун биринчи бөлүгүндө Украина проблемасы талкууланган болсо, калган бөлүгүндө эки президент бүтүндөй көӊүлүн Сириядагы кырдаалга қаратышты. Бул жолугушуунун натыйжалары тез эле көрүнүп калды. «2015-жыл, 30-сентябрда Россиянын Мамлекеттик Думасы Путиндин Сирияда орус аскерий аба күчтөрүн колдоо туурасындагы талабын бир добуштан макулдады». (Русиял Явм 2015-жыл, 30-сентябрь).
б) Ал тургай, Россиянын Сирияда көптөгөн позицияларга сокку бериши да Америка менен болгон келишүү негизинде болду. Себеби, Си-Эн-Эн 2015-жыл, 4-октябрда төмөнкү кабарды таркатты: «Орус армиясынын башкы штабынын аскерий жооптуусу генерал Андрей Картаполов 2015-жыл, 3-октябрь күнү кечинде «Сирияда орус аскерий аба күчтөрү тарабынан бутага алынган региондордун террорчулар жайгашкан аймактар экендиги туурасында бир аз убакыт мурда Америка аскерий командачылыгы тарабынан Москвага кабарланган болчу» деп билдирди. Орустардын ТАСС агенттиги билдиришинче, бул жооптуу «АКШ өз ара байланыштар аркылуу бизди бул региондордо террорчулардан башка эч ким жоктугу туурасында эскерткен эле» деп да билдирди».
в) Россия жана Америка самолёттору ортосунда Сирия асманындагы аракеттердин ылайыкташтырылганы. Муну, ал тургай машыгуу деп да аташты: «Америка коргоо министрлиги «Пентагон» 2015-жыл, 3-ноябрда төмөнкүлөрдү билдирди: Америкалыктар жана орустар өздөрүнүн Сирия асманында операцияларды өткөрүп жаткан самолётторуна ар кандай окуянын алдын алуу үчүн түздөн-түз байланышуу мүмкүнчүлүгүн бере турган механизмди сыноодон ийгиликтүү өткөрүштү. Пентагондун маалымат катчысы Жефф Дэвис «шейшемби күнү Америка самолёттору орус самолёттору менен биргеликте даярдап коюлган байланыш каражатын Сирия асманында сыноодон өткөрдү» деди. Ал бул сыноонун «үч мүнөт» уланып «өз максаттарына жетишкени»не көӊүлдү бурду». Өз кезегинде орус маалымат агенттиги да Россия куралдуу күчтөрү генералынын: «Америка жана орус аскерий аба күчтөрү Сирияда шейшемби күнү биргеликте машыгуу өткөрдү», – деген сөздөрүн келтирди. (Арабийя Нет: 2015-жыл, 3-ноябрь).
Ушуга ылайык, демек Америка жана орус самолёттору бардык тараптан тынч болгон асманда аракет кылууда: Америка авиациясы Сирияда тогут режимге кабарлап коюп бомбалап жаткан болсо, орус авиациясы да Сирия режимине кабарлап коюп бомбалап жатат. Орус самолёттору Сирия асманында Америка менен болгон келишүү негизинде ызгып жүрөт. Бул ызгып жүрүү Америка жана Россия аскерий аба күчтөрүнүн аракеттерди толук ылайыкташтырышы негизинде болууда. Ошентип, демек кагышуу күтүлбөйт. Себеби, Сирия асманында ызгып жаткандар бири-бирине дос. Алардын бүтүндөй айла-амалы Ислам жана мусулмандарга каршы каратылган.
قَاتَلَهُمُ اللَّهُ أَنَّى يُؤْفَكُونَ
«Аларды Аллах наалаттасын! Кандай гана адашууда!» [9:30]
А бирок, эгерде экөөнүн ортосундагы союздаштык бузулса ошондо кагышуу болот.
Экинчи: Саясий иштердин аскерий иштер менен бир учурда болуп жатканы:
Белгилүү болгондой, Сириядагы режим Американын малайы. Ошондуктан, Америка Сирияны өзүнүн кызыкчылыктарына кызмат кыла турган регион деп эсептейт. Америка азыр Башар алда качан эле кулаганын же кулоого жакын келип калганын, ошондуктан Америка кызыкчылыктарына кызмат кылууга жарабай турган бир абалда болуп калганын жакшы түшүнүп турат. Ошол себептен улам, Америка анын ордун баса турган жаңы малайды издеп жатат жана бул жаңы малайды таба элегинде эски малайы кулап кетишинен коркуп жатат. Ошондуктан да Америка эски малайын түрдүү ыкмалар менен, ошону менен бирге, аскерий иштер менен да колдоп-кубаттап жатат. Америка мунун менен төмөнкү эки ишке жетишмекчи:
Биринчи иш: Тогут Башарды – Америка анын ордуна жаңы малайды тапканга чейин кулабастыгы үчүн – колдоп-кубаттоо. Америка анын ордуна жаңы малайды тапса ошондо боштукту Американын эсептерине туура келбей турган көрүнүштө толтуруу жүз бербейт. Экинчи иш: Сирия калкына тынымсыз басым өткөрүп, аларды Американын коалиция жана ал муътадил деп атап жаткан топторду о.э. режимдин кээ бир жардамчыларынан турган куурчак альтернативаны кабыл алууга мажбурлоо.
Ошондуктан, Америка Сирияда башчылык кылып жаткан аскерий иштердин ыкмалары ар түрдүү болду. Ирандын, же анын Хизбинин, же Иран жардамчыларынын, же жакында бастырып кирген орус күчтөрүнүн ыкмалары ар түрдүү болсо да, бардыгы мына ушул багытка кызмат кылышат. Т.а. эӊ оболу Америка кызыкчылыктарын жүзөгө чыгарып турган жана Россияны да жаза-чараларын жеңилдетүү жана Украина маселеси боюнча ыраазы кыла турган саясий ишке чөйрө даярдоого кызмат кылат. Саясий чөйрөнү даярдоо үчүн аскерий иштер ушундай көрүнүштө күчөтүлүп жатат. Окуялар жараянын күзөтсөк бул иш ачык-айкын болот. Себеби, аскерий операциялар уланып жаткан бир мезгилде жолугушуулар да удаама-удаа болууда:
Мында Американын өзү менен союздаштары жана малайлары т.а. Россия, Түркия, Саудия жана Иран ортосунда жолугушуулар болушуна жан үрөп умтулуп жатканы көрүнүп турат. Мындан көздөгөн максаты, бул топту толтуруу жана мына ошондон кийин Америка пландарын Европанын тоскоолдуктарысыз беймарал жүргүзүү! Ошондуктан, Америка Иранды бул жолугушууларга чакырууга катуу аракет кылды: «Америка 2015-жыл, 27-октярбда Иранды Венадагы жолугушууда катышууга чакыргандыгын жарыя кылды. Иран тышкы иштер министрлигинин өкүлү Марзийя Афхам дароо «Биз бул чакырууну алдык жана бул сүйлөшүүлөргө тышкы иштер министри катыша турган болду» деп билдирди. (Шаркул Авсат 2015-жыл, 28-октябрь). Иш ушундан эле турбады, тескерисинче Америка Европаны – сүйлөшүүлөр учурунда анын проблема жаратышынан кутулуу үчүн жана мына ошондон кийин сүйлөшүүлөр өзүнүн союздаштары жана малайлары катышуусунда уланышы үчүн – биринчи жолугушуулардан алыстатууга аракеттенди. Франция мындан тынчсызданып калды. Ошондуктан каршы мамиле билдирүү катары француз тышкы иштер министри 2015-жыл, 27-октябрда «кечки тамакка» чакырды. Фабиус «кечки тамак» тышкы иштер министрлигинин штабында өткөрүлүшүн, анда Франциянын «Сирия кризиси менен мамиледе болуудагы шериктери» катыша тургандыгын айтты. Ал: «Чогулгандар бир бүтүн жана демократиялык Сирия үчүн калктын бардык катмарын урматтай турган саясий өткөөл мезгил жолдорун о.э. терроризмге каршы күрөшүбүздү колдоп-кубаттоо жолдорун талкуулашат» деп кошумча кылды. Бирок, Америка бул жыйынга көп маани бербеди. Себеби, Америка Жон Керринин ордуна анын орун басары Тони Блинкенди жиберди». (Би-Би-Си 2015-жыл, 27-октябрь). Франция өткөргөн бул жыйын Венадагы сүйлөшүүлөрдө орун ээлөө үчүн болгон бир аракет экендиги көрүнүп турат.
Эгерде сириялык качкындар кризиси жана анын таасирлери Европанын так борборуна көчүшү проблемасы жардырылбаганда эле (ал тургай качкындар кризиси европалыктарга Греция кризисин унуттуруп койду деген кеп-сөздөр да болду) Америка Европаны алыстатууну улантууга дээрлик жетишип калган эле. Акыркы төрт айдын ичинде Европадагы маалымат каражаттарында негизги этибар ушул качкындар кризисине каратылды. Айрыкча, Британия жана Францияда ушундай болду. Ошондон кийин бул проблема ого бетер күчөп Европа үчүн, айрыкча Франция жана Британия үчүн Сирия кризисин көздөй өтүп бара турган бир “өтмөккө” айланды. Натыйжада Европанын Сирия кризисине тиешелүү жолугушууларда катышуудан башка айласы калбады. Ошого карабастан, күзөтүүчү адам олуттуу талкуулар Америка менен анын союздаштары жана малайлары т.а. Россия, Саудия, Түркия жана Иран ортосунда жүрүп жатканын анык көрөт.
Бул жолугушуу жөнүндө келген эң көрүнүктүү нерселер төмөнкүлөр болду:
«Венада Сирия кризиси боюнча жаңы сүйлөшүүлөр бүгүн эртелеп жыйырма чакты мамлекеттин катышуусунда башталды. Алардын арасында Иран да бар. Бул сүйлөшүүлөр ушул кризисти жөнгө сала турган жана Асаддын өткөөл мезгил аркылуу кетишин кепилдей турган саясий чечимге жетишүүгө аракет кылуу боюнча өткөрүлүүдө. Жыйында Кошмо Штаттар, Россия, Саудия, Түркия, Кытай, Британия, Германия, Франция, Италия, Ливан, Иран, Иордания, Катар, Мисир, Амман, Ирак жана Эмираттардын өкүлдөрү катышууда. Анда БУУ жана Европа Союзунун өкүлдөрү да катышууда. Бул Сирия кризисин чечүүгө аракет кылып жаткан эл аралык жана регионалдык күчтөр менен Иран жанма-жан катышып жаткан биринчи сүйлөшүүлөр болуп эсептелет». (Ал-Жазира Нет 2015-жыл, 30-октябрь). Бул жыйын көбүрөөк ыраазы кылуу жыйынына, айрыкча Европага жакыныраак болду… Эки аптадан соӊ кийинки жыйын өткөрүлө тургандыгы жарыя кылынды.
«Германия министри да өз кезегинде төмөнкүлөрдү айтты: «Бул иш дагы деле жетишүү узак болгон иш болуп жаткан болсо да, бирок бардык тараптар сүйлөшүү столунун айланасында чогулушту». Керри болсо өзүнүн орус кесиптеши Сергей Лавров жана БУУнун Сирия маселеси боюнча өкүлү Стефан де Мистура менен биргеликте өткөргөн маалымат жыйынында мындай деди: «БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү Сирияда ок атууну токтотууну жана 18 айдын ичинде шайлоолорду өткөрүүнү жактап токтом чыгарууга ыраазылык берди». (Имаротул Явм 2015-жыл, 14-ноябрь).
Ошентип, демек аскерий иштер уланууда, сүйлөшүүлөр да уланууда. Булардын бардыгы Американын багыттоосу менен болууда. Американын мындан көздөгөн максаты, биз азыр эле айтып өткөн төмөнкү эки максатка жетишүү:
Биринчи: Тогут Башарды – ал Америка анын ордуна жаңы малайды тапканга чейин кулабастыгы үчүн жана мына ошондон кийин боштук Американын эсептерине туура келбей турган көрүнүштө толушу жүз бербестиги үчүн – колдоп-кубаттоо…
Экинчи: Сирия калкына тынымсыз басым өткөрүп, аларды Американын коалиция жана ал муътадил деп атап жаткан топтордон о.э. режимдин кээ бир жардамчыларынан турган куурчак альтернативаны кабыл алууга мажбурлоо.
Кошмо Штаттар Сирияда түшүп калган кыйын абал төмөнкүдөй, Америка бир нече куурчактарды даярдады. Мисалы, өзүнүн малайларынан турган коалиция деген нерсени жана башка түрдүү куурчактарды даярдады. Бирок, бул куурчактардын эч бири Сирия ичкерисинде кабыл алынбады. Ошондуктан, Америка өзүнүн аскерий операцияларын күчөтүп жатат. Бул операциялар түздөн-түз Американын өзү тарабынан, же Иран жана анын Хизби тарабынан ишке ашырылып жатат. Жакынкы күндөрдөн баштап болсо, Россия тарабынан ишке ашырылууда. Булардын бардыгы Америка тарабынан Сирия калкына – аларды мурдагы малай Башардын ордуна келе турган жаңы куурчак малайларды кабыл алууга мажбур кылуу максатында – басым өткөрүү үчүн болуп жаткан аракеттери.
Үчүнчү: Сирия боюнча күтүлүп жаткан чечим:
Сирияда болуп жаткан окуяларга, алардын эл аралык, регионалдык жана жергиликтүү майданга болгон алакасына терең назар таштоо күтүлүп жаткан чечим төмөнкүдөй болушун ачыктап берет:
Мына ушул ачыктоодон белгилүү болгондой, күтүлүп жаткан чечим төмөнкү үч иштин бири болот:
وَقُلْ جَاءَ الْحَقُّ وَزَهَقَ الْبَاطِلُ إِنَّ الْبَاطِلَ كَانَ زَهُوقًا
«Дагы айткын: Акыйкат (т.а. Ислам) келди жана батыл (т.а. куфр) өчүп- жоголду. Себеби, батыл жоголуучу нерсе» [17:81]
деп айткандай болот. Анткени, Шам калкы жана алардын Исламдагы бардык боордоштору Аллахтын күч-кудурети менен Шам жеринде Ислам башкаруусу гана болушуна ыраазы болот, андан башка бардык башкарууга эч качан жол беришпейт. Алар Укоб роясын т.а. Расулуллах A роясы болгон “ла илаха иллаллах Мухаммадур Расулуллах” роясын гана кабыл алышат, андан башка бардык рояны четке кагышат. Мына ошондон кийин алар Шам жерин малайлар жана колонизаторлор ыпыластыгынан тазалашат.
Төртүнчү: Париж чабуулдарынын таасири жана алардын Вена жолугушуусу менен бир мезгилге туура келгени:
Эми Вена жолугушуусунун Франциядагы жардыруулар менен бир мезгилге туура келип калганына келсек, жолугушуу жардыруулардан бир нече сааттан кийин болуп өттү. Бул бир мезгилге туура келүүнүн атайылап кылынганы же Вена жолугушуусуна күчтүү таасир кылышы ыктымалынан алыс. Ал болгону Американын бул чабуулдардан пайдаланып калышы көлөмүнчө гана таасирин тийгизиши мүмкүн. Америка Францияны Башар режимине каршы согушууну талап кылуудан тыйып коюу үчүн, балким Башардан алыста терроризм деп аталып жаткан нерсеге каршы согушуу менен алек болушу үчүн бул чабуулдардан пайдаланышы мүмкүн. Себеби, мына ошондо Башар – Америка анын ордуна жаңы малайды тапканга чейин – өз ордунда кала берет. Франция Американын режимге каршы эмес, тескерисинче, терроризм деген нерсеге гана абадан чабуул кылууга чектелишине каршы чыгып келе жаткан эле. Эми болсо Франция режимге эмес, терроризм деген нерсеге бүтүндөй этибарын карата турган болуп калды… Булардын бардыгы Американы Сирия жаатында Шам калкы талап кылып жаткан Халифалыктын ордуна өзүнүн «баштыгында» жаткан илманий чечимди пайда кылуу үчүн өзүнүн тил бириктирүү фитналары торун токууга аракет кылууга мажбур кылат. Америка Башардын – жаңы малайды тапканга чейин – бийликте калышына ишеним пайда кылып кадыржам болмоюнча ушуга аракет кыла берет. Кадыржам болгондон кийин фитна торун токуудан кутулат. Буга Башарды Иран жана анын Хизби, алардын топтору жана малайлары менен, жакындан баштап болсо Россия менен колдоп-кубатталгандан кийин о.э. Франция коркунучун режимден алыстаткандан кийин жетишмекчи.
Бул бир тараптан ушундай. Башка тараптан болсо Обама бул чабуулдардан өзүнүн демократиялык башкаруусунун жүзүн шайлоолордун астында чырайлуу кылып көрсөтүүдө пайдаланды. Себеби, Обаманын Франция менен анын террорчу уюм жана терроризмге каршы чараларында жанма-жан туруу жөнүндөгү билдирүүлөрү күчөгөнү күзөтүлдү! Обама Америкада болуп өтө турган шайлоо кампаниясы учурунда терроризмге каршы күрөштө бекем болуп көрүнмөкчү. Себеби, анын республикачы атаандаштары “Обаманын демократ өкмөтү терроризмге каршы зор кубат менен күрөшпөй жатат” деп айыптап келе жатышат. Бул болсо, шайлоодо коомчулуктун демократтарды колдоп-кубаттоосуна таасирин тийгизет. Америка тышкы иштер министри Жон Керринин 2015-жыл, 13-ноябрда, Тунисте айткан сөздөрү ушул мааниде болду. Париж чабуулдары ошол күнү жүз берди. Керри: «ИШИМдин саналуу күндөрү калды», – деди. Ал муну Жон Жихадий аттуу кимсе бутага алынганына коментарий берүү учурунда айтты. Американын өзү машыгуудан өткөрүп жаткан күчтөр жөнүндө жар салышы, Сирияда ИШИМ уюмуна каршы жеӊиштерге жетишип жатканы да кудум ушул мазмунда.
Бул жерде көӊүл буруу зарыл болгон дагы бир иш бар. Ал төмөнкүдөй, Батыш Париждеги чабуулдардан Исламга каршы «согуш жарыя кылууда» пайдаланды. Себеби, Батыш “карапайым жарандарды өлтүрүүнүн артында Ислам турат” деп дааба кылды. Акыйкатта болсо, согушпай жаткан карапайым жарандарды бутага алуу Ислам көз карашынан караганда шариятка тескери иш экендиги собит акыйкаттардан жакшы белгилүү. Анткени, Ислам бүтүндөй тарыхта жана Расулуллах A доорунан баштап согуштук абалда болбогон карапайым жарандарды согуш кырсыктарынан коргоого умтулуп келди. Т.а. Ислам өздөрүн коргоо үчүн зарыл болгон согуштук куралга ээ болбогон алсыз, карапайым жарандарды куткарууга буюрат. Ал тургай, согуштарда, душман менен бетме-бет келген учурда да Расулуллах A исламий кошуунга буйрук кылып:
«وَلاَ تَقْتُلُوا امْرَأَةً، وَلاَ وَلِيدًا، وَلاَ شَيْخًا كَبِيرًا»
«Бирер аялды, жаш баланы жана кары адамды өлтүрбөгүлө», – деген эле. Рошид халифалар да ушуга буюрушат эле. Мисалы, Абу Бакр G кошуун командачысына төмөнкүлөрдү насаат кылып буйруган эле: «Силер өздөрүн мына ушул ибадатканаларга туткун кылган (т.а. ибадатканалардан чыкпай турган) коомдорго дуушар болосуӊар, аларга да, ибадатканаларына да тийбегиле… бирер карыны, аялды, жаш баланы өлтүрбөгүлө, гүлдөгөн жайларды кыйратпагыла…». Умар G да кошуун командачысына төмөнкүлөрдү насаат кылган эле: «Кишенге салбагыла, алдап кыянат кылбагыла, мусла кылбагыла (өлтүрүлгөндөрдүн мүчөлөрүн кеспегиле), бирер аялды, жаш баланы жана карыны өлтүрбөгүлө…». Мусулмандар, ал тургай согуштарда да ушундай болушкан. Алардын душман менен согушуп жаткан атчан жоокери эгерде душмандын колунан кылыч түшүп кетсе, качан ал кылычын алганга чейин күтүп туруп, ошондон кийин гана бетме-бет алышууда азиздик, баатырдык даражасында туруп өлтүрөт эле. Булар Исламдагы собит-катъий акыйкаттар, Батыш аларды мусулмандар тарыхынан жана фатх-жеӊиштеринен өтө жакшы билет. Бирок, колонизаторлор мына ушул окуялардан Ислам жана мусулмандарга каршы кек-душмандыкты багыттоодо пайдаланышууда. Ал сокурларча кек-душмандык. Эгерде алардын өзү бул кылмышты кылышканда – алардын мындай кылмыштары болсо өтө көп – мындай ызы-чуу салбастан, тескерисинче аны актап жар салышат эле. Эгерде бирер мусулман кылмыш кылып койсо аны дароо өздөрүндөгү исламий диаспорага жабыштырышат, ошону менен эле чектелбестен Исламдын өзүнө чабуул кылышат. Муну кечээ да, бүгүн да күзөтүп турабыз. Бул эч бир шек-күмөнсүз сокурларча кек-душмандык болуп, ал Халифалык тикеленгенден кийин гана өчүрүлөт. Мына ошондон кийин Халифалык ар бир мазлум үчүн ар бир тогуттан өч алат. Натыйжада Халифалык нуру бардык тарапка жайылат, анын жакшылыгынан баары пайдаланат. Мусулмандар өлкөлөрү эле эмес, бул дүйнөдөгү ар бир тирүү жан андан пайдаланат.
وَاللَّهُ غَالِبٌ عَلَى أَمْرِهِ وَلَكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ
«Аллах өз ишинде үстөмдүк кылуучу, бирок адамдардын көпчүлүгү (муну)билишпейт» [12:21]
6-сафар, 1437-х.
18-ноябрь, 2015-м.
Ички дүң өндүрүш 1,5 триллион сомго жетти калктын жашоосу жеңилдедиби? Улуттук статистика комитети 2024-жылы Кыргызстандын…
Борбордук Азиянын Америка үчүн маанилүүлүгү АКШнын Борбордук Азияга болгон көз карашы башка мусулман өлкөлөрүнөн айырмаланып…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Бейиштин эшиктери кылычтардын көлөкөсүндө Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
Басма сөз баянаты Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент Козголоң башталгандан бери кооптуу прецедент ушул болду –…
Басма сөз баянаты «Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси…
Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү ﴿مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ…