Рашод кары Камалов Ош областтык соту тарабынан 10 жылга эркинен ажыратылды

 Редакциябызга келген кабарга ылайык, 25-ноябрь күнү Ош областтык соту Рашод кары Камаловду 10 жылга эркинен ажыратуу туурасында өкүм чыгарды. 2015-жылдын 7-октябр күнү Кара-Суу райондук соту Рашод карыны 5 жылга жатак абакка кескен эле. Бирок, прокурор Рашодго карата сот жеңил өкүм чыгарды деп эсептеп, жогорку инстанцияга апелляция бергендиги себептүү, анын иши Ош областтык сотуна өткөрүлгөн болчу.

Рашод карынын үстүнөн бир жылдан бери жүрүп жаткан юридикалык иш-аракеттер түпкүлүгүндө саясийлешип башталган эле. Рашод Камалов акыркы сотунан кийин “Азаттык” радиосуна берген билдирүүсүндө, 2014-жылы Кыргызстан күч түзүмдөрү тарабынан кармалып, соттун өкүмү менен 18 жылга эркинен ажыратылган Азиз деген Өзбекстан жараны жаза мөөнөтүнүн бир жылын да өтөбөстөн чыгарып жиберилгени туурасында айтты. Азиз деген ошол адам 2014-жылы Рашод кары Камаловду өлтүрүү үчүн жиберилгенин мойнуна алган жана дагы бир нече оор кылмыштарды ишке ашырууда айыпталып камакка алынган  эле.

Камаловдун үстүндө жүрүп жаткан саясий иштер өзбек режими тарабынан башкарылып жатат. Бул режим алгач Кыргызстан менен кызматташтыкта иш кылган болсо, кийинчерээк кыйыр түрдө башкарууга өттү. Бүгүнкү күнгө келип, иштер келишилген абалда да жүргүзүлүп жаткан жок. Өзбекстан режими кыргыз тергөөчүлөр үчүн, ал тургай бирер далил болууга жарамдуу материалдарды келтирип бере албады. Кыргыз өкмөтү болсо Өзбекстандын атайын кызматтары сунуштаган жасалма материалдарды сотто оозеки болсо да  айтып өтүүнү каалашпады. Ошондон кийин Өзбекстан өкмөтү телевидение жана интернет тармактары аркылуу Рашод Камаловду каралоочу, эч кандай далилдерге таянбаган документалдуу фильмдерди таркатып баштады. Бул Кыргыз өкмөтүнө басым өткөрүү ыкмасы болчу.

Кыргыз өкмөтү Рашод Камаловду өзбек тыңчыларынан коргой албастыгынан тынчсыздана баштады. Себеби, мамлекеттик структура ушунчалык алсыз жана коррупциялашкан болуп, ал тургай Кыргызстан өкмөтү ичиндеги уюшкан мафия камактан орган офицерин өлтүрүп чыгып кетсе да, өкмөт эч кандай чара таба албай жатат. Кыргыз өкмөтү Өзбекстандын атайын күчтөрүнөн коркту жана оӊой эле алардын жолуна түшүп Рашод карыны 10 жылга эркинен ажыратып жиберди.

Албетте, Кыргызстандын күч түзүмдөрү Рашод кары камакка алынышынын артынан мусулмандар тарабынан нааразылык акциялары уюштурулушун да күтүшкөн эле. Ал тургай, Рашод карыны камакка алуу боюнча план түзүлүп жатканда мусулмандардын кеӊири көлөмдүү нааразылык аракеттери күтүлүшүн эсепке алышкан болчу. Алар бул нааразылык акцияларынан өз максаттарында пайдаланууну көздөшкөн, Рашод карыны коргоого аракет кылып жаткан бир нече шаарларда кеӊири масштабдуу тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн чоӊ күч даярдап коюшкан эле. Бул да Өзбекстан күчтөрүнүн кеңеши менен сызылган долбоордун бир бөлүгү болчу.

 Аллахка хамду саналар болсун, мусулмандар алар күткөн катаны кетиришпеди. Кыргызстандын атайын кызматтары Өзбекстандын коркутуусуна ишенип, ал тургай бир нече жардыруу иштерин да күтүшкөн эле. Бирок, өзбек фитнакечтеринин бир да башараты оӊунан чыкпады. Аларга ашыкча баа берип, кыргыз өкмөтүн да ушул ыпылас жолго тартып келген орган кызматкерлеринин жүздөрү кара болуп, профессионалдык деӊгээли өтө төмөн экендиги ачылып калды.

Рашод кары Камалов Үммөттү таза исламий пикирлер менен тарбиялоого катуу аракет кылып келе жаткан эле. Ал өзүн коргоо үчүн өзүнчө топ түзгөн эмес. Кары ал тургай хутбаларында да өзүн көрсөтө турган бирер аракет кылган эмес. Ага душмандык кылып жаткан топ ушуну эсепке албады.

 Ички иштер министрлиги кызматкерлеринин бул операциясы жокко чыккан соӊ, иш УКМК тарабынан улантылды. Алар Рашод карынын пикирий, исламий чөйрөсүн сындыруу үчүн катуу аракет кылышты. Бирок, эч ким, эч качан пикирди күч менен жеӊе алган эмес. Алар пикирди күч менен убактылуу басып турууга ыраазы болушту.

Рашод карыны камакка алышкан болсо да, андан кийин эмне кылууну билбей аябай баштарын катырышты. Ошону менен бир катарда, аларга түшүнүктүү болушу үчүн Нельсон Манделла, Махатма Ганди, Ленин сыяктуу “көсөмдөр”дү мисал келтирүүгө болот. Алар да силер сыяктуу ката кетирип жаткан залимдердин камактарында кадыр-барк табышкан эле.

Рашод кары үчүн болсо бул бир сыноо болуп, анын жашоосу же ишмердүүлүгү бүттү дегени эмес. Тескерисинче, бул жашоонун уланышы үчүн жана ишмердүүлүгүнүн бийиктикке карай көтөрүлүшү үчүн Аллах тарабынан берилген өтө чоӊ мүмкүнчүлүк. Аллах боордошубузга жана ал сыяктуу мазлум боордошторубузга сабыр берсин. Вассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух.

turkistonkg

Recent Posts

Ички дүң өндүрүш 1,5 триллион сомго жетти калктын жашоосу жеңилдедиби?

Ички дүң өндүрүш 1,5 триллион сомго жетти калктын жашоосу жеңилдедиби? Улуттук статистика комитети 2024-жылы Кыргызстандын…

14 hours ago

Борбордук Азиянын Америка үчүн маанилүүлүгү

Борбордук Азиянын Америка үчүн маанилүүлүгү АКШнын Борбордук Азияга болгон көз карашы башка мусулман өлкөлөрүнөн айырмаланып…

14 hours ago

Бейиштин эшиктери кылычтардын көлөкөсүндө

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Бейиштин эшиктери кылычтардын көлөкөсүндө Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

1 day ago

Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент

Басма сөз баянаты Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент Козголоң башталгандан бери кооптуу прецедент ушул болду –…

2 days ago

«Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси

Басма сөз баянаты «Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси…

2 days ago

Таъзия

Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү ﴿مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ…

2 days ago