АКШ президенти Барак Обама АКШ аскерийлерин Афганистандан алып чыгуу мөөнөтү узартылгандыгын билдирди. Обаманын билдиришинче, 9800 аскер 2016-жылдын аягына чейин Афганистанда калат. 2017-жылдын башында болсо аскерлердин саны 5500гө кыскартылат.
Обама Ак үйдө АКШнын жаңы планы тууралуу берген билдирүүсүндө: “Мамлекетибизге чабуул кылгандар Афганистанды башбаанек кылып алышына дагы бир жолу жол бере албаймын”, – деди.
Президент Обама АКШ аскерлеринин бир бөлүгү афган коопсуздук күчтөрүнө аскерий билим берүүнү жана Ал-Каида сыяктуу топторго каршы күрөшүүнү уланта тургандыгын билдирди. Афганистан армиясы кээ бир утуштарга жетишкендигин айткан Обама алар мамлекетти коргой ала турган даражада кубатка ээ эместигин да эскертип өттү.
Обаманын бул чечими НАТО тарабынан алкыштанды. НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг афган күчтөрүн ар тараптуу, ошону менен бирге, финансылык жактан да колдоп-кубаттоого чакырды.
АКШнын жогорудагы токтому тууралуу билдирүү чыгарган Хизб ут-Тахрир – Пакистан вилаяты НАТОнун Афганистанда бар болуп турушуна региондогу малай акимдердин салымы чоӊ экендигин билдирди. Билдирүүдө айтылышынча, эгерде малай акимдер тоскоолдук кылышпаганда, Пакистан армиясынын өзү эле АКШ армиясын региондон кууп чыга алат болчу.
“Эгерде Пакистандын жардамы болбогондо, АКШ эч качан Афганистанды басып ала албайт болчу. Кудум ушундай эле, эгерде Пакистандын жардамы болбосо, АКШ Афганистандагы вужудун да сактап кала албайт. АКШ армиясынын күчтүү курал-жарагы болбогон, а бирок (акыйдасы үчүн) өлүмгө да даяр болуп, жогорку максатка умтулган бир нече миӊ мужахиддерди жеӊе албагандыгы мунун акыйкат экендигин көрсөтүп турат. Бирок өкүнүчтүүсү, учурдагы акимдер мужахиддерге теӊ келе албаган АКШ армиясын дүйнөнүн эӊ күчтүү армиясы кылып көрсөтүп, мусулмандарды коркутууга аракет кылып жатышат”, – деп айтылат Хизб ут-Тахрир – Пакистан вилаяты тарабынан чыгарылган билдирүүдө.
Билдирүүдө айтылышынча, АКШ аскерлери да, ал жасаган афган күчтөрү да, НАТО аба күчтөрү да, миӊдеген жалданма АКШ аскерлери да – эгерде Пакистандын жардамы болбосо – АКШ вужудун Афганистанда таптакыр кармап тура албайт. Мына ушунун өзү региондогу кырдаалды өзгөртө ала турган күч АКШда эмес, тескерисинче Пакистанда жашынып жаткандыгын көрсөтүп турат.