Эгерде жетекчи наалатка татыктуу болсо, аны наалаттоо жаиз, бирок, андан алыс болгон жакшы. Себеби, биз ар бир ишибизге да, кеп-сөздөрүбүзгө да жооп беребиз. Аллах Таала айтат:
إِذْ تَلَقَّوْنَهُ بِأَلْسِنَتِكُمْ وَتَقُولُونَ بِأَفْوَاهِكُمْ مَا لَيْسَ لَكُمْ بِهِ عِلْمٌ وَتَحْسَبُونَهُ هَيِّنًا وَهُوَ عِنْدَ اللَّهِ عَظِيمٌ
“Ошондо силер аны тилден тилге алып, ооздоруӊар менен өзүӊөр анык билбеген нерсени сүйлөп жана муну жеңил иш деп ойлойт элеӊер. Акыйкатта болсо, ал Аллахтын алдында чоӊ (күнөө)”. [24:15]
Абу Хурайра(р.а) Пайгамбарыбыз(с.а.в)дан риваят кылат: “Кимде-ким ээлеринин уруксатысыз бир коомго саййид болуп алса, ага Аллахтын, периштелердин жана адамдардын; баарынын наалаты болсун. Алардан кыямат күнү адилеттүүлүгү да, тассаруфу да кабыл алынбайт”. Абу Давуд риваяты.
Пайгамбарыбыз(с.а.в): “Алар Роббилерине жалган токушту. Эсиӊерде болсун, залимдерге Аллахтын наалаты болсун”, – деген. Термизий риваяты.
Язид ибн Абу Суфян айтат, мени Абу Бакр(р.а.) Шамга жибергенде мындай деди: Эй Язид, албетте, сенин тууганчылыгыӊ бар, балким ушул тууганчылыгыӊ аларга амир дайындашыӊда таасирин тийгизер. Бул нерсе сен үчүн коркуп жаткан нерселеримдин эӊ чоӊу. Себеби, Расулуллах(с.а.в): “Кимде-ким мусулмандардын ишинен бирер нерсеге ээ болуп, аларга ушул алган нерсесин этибарга алып бирөө-жарымын амир кылса, анда ага Аллахтын наалаты болсун. Аллах андан адилеттүүлүгүн да, тасарруфун да кабыл албайт, ал тургай, аны тозокко киргизет. Кимге Аллахтын коргоосу астындагы орун берилсе, акыйкатсыздык менен андагы нерседен бирер нерсени кыйроого учуратса, ага Аллахтын наалаты болсун же Аллах Азза ва Жалла андан өз зиммасын алып коёт”, – деген. Имам Ахмад риваяты.
Абу Мусаббех ал-Химсийден Расулуллах(с.а.в) асхабдарынын арасында отуруп айкан төмөнкү сөзү риваят кылынат: “Албетте бир киши жакшылыктардан балан-балан иштерди кылат жана албетте ал мунафиқ”, – деди. Ошондо асхабдары: Кандай мунафик болсун, акыйкатта болсо ал сизге ыйман келтирген го? – деп сурашты. “Ал имамдарды (т.а. жетекчилерди) наалаттайт жана аларга наалат айтат”, – деди. Табароний риваяты.
Абу Дардодон риваят кылынат: “Наалаттоочу шейит болбойт жана Кыямат күнү шафаатчы да болбойт”. Ибни Хиббан риваяты. Ибни Аббас(р.а)дан риваят кылынат: Бир киши шамалды наалаттаганда ага “шамалды наалаттаба, себеби ал буюрулган, кимде-ким акыйкатсыздык менен бирер нерсени наалаттаса, бул наалат өзүнө кайтат” деген. Ибни Хиббан риваяты.
Наалатка татыктуу болгон адамдарды наалаттаган далилдер бар болсо да, биз амирлерибизди наалаттоонун ордуна аларды эсеп-китеп жана амри маъруф, нахий мункар кылышыбыз керек. Себеби, амри маъруф жана нахий мункар ар бир вакиъге тиешелүү шаръий өкүмдү билип, ага амал кылбай жаткан мусулмандарга карата, ал тургай амирлерге карата да колдонулат о.э. аларды акыйкатка бурулууга мажбур кылат. Ал эми шариятка тескери иштерге ыраазы болуп, ушундай абалда жүрө беришибиз жана бул иштерге сүкүт сакташыбыз болсо Аллах Тааланын наалатына жана каарына дуушар болушубузга, алар себептүү Аллах Таала жалпы азап жиберишине жана күнү-түнү кылып жаткан дубаларыбыз кабыл болбостугуна себеп болот, мындан Аллах сактасын. Анткени, Расулуллах(с.а.в) Абу Масъуд(р.а)дан риваят кылынган хадисте: «Бани Исраилге эң алгач кирген кемчилик төмөнкүдөй болчу, бир киши башка кишиге жолуккан кезде: «Эй баланчы, Аллахтан корккун жана бул кылып жаткан ишиӊди таштагын, себеби, бул нерсени кылуу сен үчүн адал-дурус эмес»,- деп айтар эле. Андан соӊ эртеси күнү аны менен менен жолугушкан кезде аны дагы ошол абалда көрөт эле. Бирок, бул нерсе аны менен бирге жеп-ичүүдөн, бирге отуруудан кайтарбайт эле. Демек, алар ушундай кылышкан соӊ, Аллах алардын кээ бирлеринин дилдерин кээ бирлери менен урду», – деген. Андан соӊ Расулуллах(с.а.в) төмөнкү аятты окуду:
لُعِنَ الَّذِينَ كَفَرُوا مِنْ بَنِي إِسْرَائِيلَ عَلَى لِسَانِ دَاوُودَ وَعِيسَى ابْنِ مَرْيَمَ ذَلِكَ بِمَا عَصَوْا وَكَانُوا يَعْتَدُونَ كَانُوا لاَ يَتَنَاهَوْنَ عَنْ مُنكَرٍ فَعَلُوهُ لَبِئْسَ مَا كَانُوا يَفْعَلُونَ تَرَى كَثِيرًا مِنْهُمْ يَتَوَلَّوْنَ الَّذِينَ كَفَرُوا لَبِئْسَ مَا قَدَّمَتْ لَهُمْ أَنفُسُهُمْ أَنْ سَخِطَ اللَّهُ عَلَيْهِمْ وَفِي الْعَذَابِ هُمْ خَالِدُونَ وَلَوْ كَانُوا يُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ وَالنَّبِيِّ وَمَا أُنزِلَ إِلَيْهِ مَا اتَّخَذُوهُمْ أَوْلِيَاءَ وَلَكِنَّ كَثِيرًا مِنْهُمْ فَاسِقُونَ
“Бани Исраилден кафир болгон кимселер Давуд жана Иса бинни Мариям тилинде наалатталышкан. Алардын наалаттанышына себеп, кылган күнөөлөрү жана чектен чыккандыктары. Алар бири-бирин кылган ылайыксыз иштеринен кайтарышпайт эле. Бул кылмыштары кандай гана жаман иш! Алардын көптөрү кафир болгон кимселерди дос туткандыктарын көрөсүн. Аларга напис-каалоолору кандай гана жаман нерсени – Аллахтын азабын алып келди. Эми алар түбөлүк тозокто калуучулар. Эгерде Аллахка, пайғамбарына жана ага түшүрүлгөн китепке ыйман келтиришкенде, аларды дос тутпаган болушаар эле. Бирок, алардан көптөрү итаатсыз кимселер”. [5:78-81]
Андан кийин мындай деди: «Аллахка ант болсун, силер албетте жакшылыкка буюрасыӊар жана жамандыктан кайтарасыӊар. Силер албетте залимдин колунан кармап, аны акыкатка ийилүүгө мажбур кыласыӊар жана албетте аны акыйкатка бекем байлап коёсуӊар. Же албетте Аллах кээ бириӊерди кээ бириӊердин дили менен урат, андан соӊ аларды наалаттагандай, силерди да наалаттайт ».
Абу Саид ал-Худрий(р.а)дан риваят кылынат, Расулуллах(с.а.в): «Силерден кимде-ким мункарды көрсө, аны колу менен кайтарсын. Буга кудуреттүү болбосо тили менен, буга да жарабаса, дили менен өзгөртсүн. Бул ыймандын эң алсызы», – деген.
Адий ибн Умайр(р.а)дан риваят кылынат, Расулуллах(с.а.в): «Албетте Аллах жеке адамдардын амалы себептүү омманы азаптабайт. Качан гана алар өз арасында мункарды көрүп туруп, аларды четке кагууга кудуреттүү болуп туруп да четке кагышпаса, ошондо Аллах жеке адамды да, омманы да бирдей азаптайт»,– деген.
Хузайфа ибн Яман(р.а)дан риваят кылынат, Расулуллах(с.а.в): «Жаным Анын колунда болгон Затка ант болсун, албетте силер маъруфка буюруп, мункардан кайтарасыӊар, же Аллах силерге Өзү тараптан азап жиберет. Андан кийин силер Ага дуба кыласыӊар, Ал болсо кабыл кылбайт ».
Ушул хадистердин баары амри маъруф, нахий мункардын важибдигине далалат кылат. Булар акимди да амри маъруф, нахий мункар кылуу важиб экендигине далалат кылат. Чындыгында, Расулуллах(с.а.в) акимдин ката иштерин четке кагууга буйруду жана бул четке кагууну кудуреттүү болгон ар кандай ыкма менен – кылыч көтөрүү даражасына жетпестик шартына ылайык, қол менен, тил менен т.а. ар кандай сөздөр менен, эгерде кол жана тилде алсыздык кылса, дил менен четке кагууну (ага жылмаюуну эмес, тескерисинче ага капа экендигин, анын иштерине ыраазы эместигин көрсөтүүнү) важиб кылды. Ким четке какпаса, күнөөдө акимге шерик деди. Себеби, “ким акимдер кылып жаткан иштерге ыраазы болсо, аларды ээрчисе, күнөөдөн таза да, саламат да болбойт” деди. Ошондуктан, ал фарз. Мункар бар болгон соӊ, демек мойнубузда негизги милдет да турат. Мусулмандардын иши мойнунда болгон “имамды”(т.а. жетекчини) амри маъруф жана нахий мункар кылуу болсо, амри маъруф жана нахий мункардын, ал тургай шаръий өкүмдөрдүн “таажысы” болуп эсептелет, себеби, бул ишти Аллахка тобокел кылган чыныгы “рижал”дар гана кылышы мүмкүн. Анткени, мында Үммөттүн иштеринин тартипке түшүүсүнө жана өнүгүүсүнө о.э. өзүнүн дүйнө алдындагы милдетин чырайлуу аткарууга кепилдик бар. Ошондуктан, Аллах Таала мындай момунга эң улуу сыйлыкты убада кылып жатат. Расулуллах(с.а.в) айтат: “Шейиттердин саййиди – Хамза; о.э. залим акимге каршы туруп, аны маъруфка буюруп, мункардан кайтарган, кийин залим аким аны өлтүрүп жиберген киши”.
Ислам Үммөтүнүн жакшы үммөт болушундагы негизги сапаты – бул ыйман менен бирге амру-маъруф жана нахий-мункар. Бул сапат бизде жоголушунун натыйжасында о.э. фасиктердин мункарларын колубуз менен токтотуу же аларды мункардан кайтара турган сөздөрдү айтуу, жок эле дегенде дилибизден жаман көрүүнүн ордуна, учурашканда кучакташып көрүшүп, жүрөгүбүздүн төрүнөн орун беришибиздин натыйжасында кор болдук. Наалаты яхудийлерден айырмабыз калбай бара жатат. Аллах Таала айтат:
كُنْتُمْ خَيْرَ أُمَّةٍ أُخْرِجَتْ لِلنَّاسِ تَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَتَنْهَوْنَ عَنْ الْمُنكَرِ
“(Эй Мухаммаддын үммөтү), “Силер адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы үммөт-жамаат болдуңар, маъруфка буюрасыңар, мункардан кайтарасыңаржана Аллахка ыйман келтиресиӊер”. [3:110]
Аллах Таала айтат:
وَكَذَلِكَ جَعَلْنَاكُمْ أُمَّةً وَسَطًا لِتَكُونُوا شُهَدَاءَ عَلَى النَّاسِ وَيَكُونَ الرَّسُولُ عَلَيْكُمْ شَهِيدًا
“О.э. (т.а. туура жолго хидаят кылганыбыз сыяктуу эле) силерди башка адамдар үстүнөн күбө болушуӊар үчүн жана пайгамбар силердин үстүӊөрдөн күбө болушу үчүн орто (адилеттүү) бир үммөт кылдык”. [2:143]
Бир аз пикирле, башка жакындарыӊа жеткирүү сенин мойнуӊда! Билгенимче жеткирдим! Аллахым Өзүӊ күбө бол.
Муттакий.
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Исламдагы сыпааттардын негизи Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?! Мусулман болбогон адамдар да…
Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы? Кыргызстан президенти Садыр Жапаров 4-февралда Кытай лидери Си Си Цзиньпиндин чакыруусу…
﷽ Мына ошентип, яхудийлер Газада жасаган үрөй учурган массалык кыргындан жана ойрондулуктардан кийин, мусулман акимдери…
Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу? Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда көз…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу Суроо: “Аль-Жазира” 2025-жылдын 26-январында өзүнүн сайтына төмөнкү…