Палестинада баскынчы яхудий күчтөрү 18 жаштагы муслима кызды эч бир себепсиз атып өлтүргөндүгү туурасында кабарлар таркаган эле. Бүгүн да Израиль аскерлери дагы бир муслима аялды көчөнүн так ортосунда, элдин көзүнчө атып өлтүрдү.
Эгерде яхудий күчтөрү бул муслима аялдан шектенген болсо, аны оӊой эле колго түшүрүшү мүмкүн болчу. Бирок ошого карабастан, жакын аралыктан ырайымсыздык менен атып ташташты. Израиль аскеринин куралынан жараат алган палестиналык муслима аял жерге жыгылгандан кийин кудум мурункусу сыяктуу эле, узак убакыт кыйналган абалда абалда калып кетти. Айланадагы адамдардын жабырлануучу муслимага жардам беришине Израиль аскерлери жол беришпеди.
Яхудий аскерлери бул эки муслиманы өлтүрүү кылмышынан тышкары ушул күндөрдө дагы башка бир нече массалык кыргындарды ишке ашырышты. Батыш жээкте Израилге каршы демонстранттарга карата ок атышты. Натыйжада алты киши ошол жердин өзүндө жан берди. Алардын арасында жаш балдар да бар. Алтымыш адам ар түрдүү даражада жараат алышты. Мындан тышкары, Ханюнус шаарында 15 жаштагы бала атып өлтүрүлүп, 22 адам жарадар болду.
Ушул жерде бир суроо пайда болушу табигый. Эмне үчүн дүйнөнүн эң коркок калкы болгон яхудийлер мусулмандарга карата көчөнүн так ортосунда кылмыштарды ишке ашырууга өтүштү. Анын үстүнө мусулмандардын намысы болуп эсептелген муслима аялдарды жарадар кылышып, өлгөнгө чейин жардамдан тосуп аларды кордоп жатышат. Ушул кезге чейин журналисттердин сүрөткө алышына катуу каршылык көрсөтүп келген Израиль аскерлери азыр эч нерсе көрбөгөндөй турушат. Ишке ашырылып жаткан кылмыштар кеӊири эле сүрөттөргө жана видеого тартылып жатат. Мунун себеби эмнеде?
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Исламдагы сыпааттардын негизи Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?! Мусулман болбогон адамдар да…
Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы? Кыргызстан президенти Садыр Жапаров 4-февралда Кытай лидери Си Си Цзиньпиндин чакыруусу…
﷽ Мына ошентип, яхудийлер Газада жасаган үрөй учурган массалык кыргындан жана ойрондулуктардан кийин, мусулман акимдери…
Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу? Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда көз…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу Суроо: “Аль-Жазира” 2025-жылдын 26-январында өзүнүн сайтына төмөнкү…