Эрдогандын Россияга каршылыгы

Түркия президенти Режеп Таййиб Эрдоган 23-сентябрь күнү Россия президенти Путин менен Москвадагы мечиттин ачылышына катышты. Андан кийин Сирия маселесинде Түркия, Россия жана Америка мамлекеттери ортосунда ортоктош топ түзүү туурасында пикирлеш экендиктери билдирилди.

Эрдоган Россиядан кайтып келгенден кийин “Бул жерде Асадсыз жараяндын уланышы же өткөөл мезгил Асад менен уланышы мүмкүн” деп сөздү айландырды. Манёвр кылуу үчүн башка билдирүүлөрүндөгү сыяктуу эле ачык-айкын сүйлөбөдү. Туурасын айтканда, Эрдоган “Убактылуу өкмөттүн курамында мындан кийин Асад да болушу мүмкүн” демекчи эле.

“Адилет жана өнүгүү” партиясынын өкүлдөрүнүн бири Ясин Актай болсо “Ал тургай, Асаддын колу адамдардын канына булганган болсо да, Түркия ага мүмкүнчүлүк берүүдө” деп Сирия маселесинде өздөрүнүн көз карашы кандай экендигин далилдөөгө аракет кылды.

БУУнун башкы ассамблеясында болсо Обама-Путин жолугушуп, жасалма каршылык көрсөтүү менен кызматташтыкта аракет кылууга келишип алышты. Мунун артынан Россия кемелери Түркиядагы кысыктардан тез-тез өтө баштады. Россиянын узундугу 112,5 метр болгон аскерий кемеси Чанаккала кысыгынан өткөндүгү туурасында кабарлар таркады.

Биринчи октябрда болсо Россия чабуулду баштады жана бул тууралуу АКШга маалымат берди. Удаама-удаа уюштурулган чабуулдардын натыйжасында Хама, Хумс жана Халабда бир нече карапайым жарандар өлдү.

Мунун артынан АКШ жана айрым Батыш мамлекеттери “кайгыда” экендиктерин оозеки айтып коюшту. Эрдоган болсо “Путинге телефон кыламын”, “Россиянын Сирия менен чектеш жери бар бекен?”, “Аларда канча качкын бар? Бизде эки миллион”, “Ырасында достук мамиледеги өлкөлөр болгондон кийин, бул жаатта таштаган кадамдарын, кылып жаткан иштерин кайрадан карап чыгышын талап кыламын”, – деп Россиянын чабуулдарына каршылык билдирди.

Мындан мурда Түркияны да өз ичине алган коалиция курамындагы АКШ, Франция, Британия сыяктуу мамлекеттердин кайсы бири Сирия менен чектеш эле?! Бири да Сирия менен чектеш эмес го. Ошондой болгон соӊ, АКШ башчылыгындагы коалиция бир жылдын ичинде миӊдеген мусулманды өлтүрүп жатканда эмне үчүн Эрдоган бир жолу болсо да үнүн чыгарбады.

Эрдоган Россия көптөн бери канкор Асадды колдоп келе жатканын билбейт беле? Курал-жарак жүктөлгөн Россиянын кемелери Түркия кысыктарынан өтүп жатканын жана бул жаатта АКШ-Россия ортосунда келишим бар экендигин билбейт беле? Албетте, баарын билет болчу.

Булардын баарынан кабардар болушуна карабастан, Путин тууралуу сүйлөгөндө аны “досум” деп атады жана ошол эле убакта Россия менен ар кандай алакалар уланып жаткан эле.

Сирия оппозициясы АКШнын планына ыраазы болушу үчүн Россиянын чабуулдарына көз жумулууда. Т.а. бул иштер убактылуу өкмөттүн курамында Асад да катышуусуна оппозицияны ыраазы кылуу үчүн ишке ашырылууда.

Эрдоган ички саясатта ишке ашырганы сыяктуу эле, тышкы саясатта да айыпты башкага жүктөмөкчү болууда. Түпкүлүгүндө, булардын баары эл аралык түзүмдүн бир бөлүгү жана ал өзүнө берилген ролду гана аткарууда.

Сирияда беш жылдан бери массалык кыргын уланып келе жатат. Ишке ашырылып жаткан кылмыштардын жоопкерчилигин эч ким моюнга албай жатат о.э. эч ким жардам бербей жатат.

Ислам үммөтү баарыӊардын чыныгы жүзүӊөрдү көрдү. Эч нерсени жашыра албайсыӊар. Бул кылмыштарда баарыӊар шериксиӊер.

Осман Юлдуз.

turkistonkg

Recent Posts

Исламдагы сыпааттардын негизи

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Исламдагы сыпааттардын негизи Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

4 hours ago

Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?!

Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?! Мусулман болбогон адамдар да…

1 day ago

Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы?

Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы? Кыргызстан президенти Садыр Жапаров 4-февралда Кытай лидери Си Си Цзиньпиндин чакыруусу…

1 day ago

Трамп ок атууну токтотуу туурасында кырсыктуу абстрактуу планды жолго коюуда

﷽  Мына ошентип, яхудийлер Газада жасаган үрөй учурган массалык кыргындан жана ойрондулуктардан кийин, мусулман акимдери…

3 days ago

Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу?

Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу? Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда көз…

4 days ago

Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу Суроо: “Аль-Жазира” 2025-жылдын 26-январында өзүнүн сайтына төмөнкү…

5 days ago