АКШ планы негизинде пайда болгон “Ислам Мамлекети”не каршы күрөшүү үчүн түзүлгөн Америка башчылыгындагы эл аралык коалициянын негизги максаты шаръий негиздеги Халифалык мамлекетинин пайда болушуна жол бербестик экендиги айкындашып барууда. 30-сентябрдан баштап “ИШИМ”ге каршы аскерий операцияларды баштаган Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров да муну тастыктап өттү.
Сергей Лавровдун айтымында, биргелешкен операциялардан Халифалык мамлекетинин пайда болушуна жол бербестик максаты көздөлгөн.
Ушундай максатта Россия БУУнун Коопсуздук кеңешинде Сирия боюнча атайын долбоор иштеп чыкты. Лавровдун айтымында, долбоордон көздөлгөн максат “ИШИМ”ге каршы күрөшүп жаткан бардык күчтөрдүн ишмердүүлүгүн ылайыкташтыруудан турат.
Лавров Россия АКШ, Саудия, Иран, Мисир, БАЭ жана Катар мамлекеттери менен кызматташууга даяр экендигин айтып, Европа Союзу менен Кытай да кызматташууга макул экендигин билдирди.
Сергей Лавровдун айтымында, “ИШИМ”ге каршы күрөштө Ирактын, Сирия куралдуу күчтөрүнүн, күрт согушкерлеринин жана Сирия куралдуу оппозициясынын аракеттерин бириктирүү зарыл.
Лавровдун билдиришинче, биргелешкен аракеттерден көздөлгөн максат “Халифалык мамлекетинин пайда болушуна жол бербестик”тен турат.
Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев да “Россия 24” телеканалына берген интервьюсунда Россиянын Сирияда аскерий аракеттерди баштоодон көздөлгөн негизги максатын билдирди.
“Биз Россия калкын террорчулук коркунучунан коргоп жатабыз, анткени бул ишти мамлекеттин ичинде кылганга караганда чет элде кылган жакшыраак”, – деди Медведев.
Анын эскертип өтүшүнчө, Россия “акыркы 20 жылда террорго каршы күрөштө өтө чоӊ тажрыйбага ээ болгон”.
Туркистон:
Россия өкмөтү, дүйнөнү чалгытмакчы болууда. Халифалык – тарыйкаткаылайык – жихадий аракеттер менен тикеленбейт.
Шамдагы жихадий аракеттер коргонуу жихады болуп, исламий өлкөгөтышкарыдан бастырып кирип келе жаткан аскерий күчкө каршы же ичкеридегизалим өкмөт мусулмандардын үстүнө аскерий жүрүш кылса, аларга каршыжүргүзүлөт. Бул жихад Халифа менен да, ал жок болгондо да жүргүзүлө берет. Т.а. коргонуу жихады Халифалыкты тикелөө тарыйкаты (сүннөткө негизделген жол) эмес. Бул өз алдынча шаръий жактан важиб амал болуп, куфркүчтөрү бастырып кириши менен бул жихадды турмушта колдонуу иллетитабылган болот. Т.а. бул жихадды белгилүү бир аймактагы мусулмандар үчүн фарз кылган абалга келип калышы, белгилүү бир аймакка куфр негизидеги аскерий уюмдун бастырып кириши натыйжасында, аларды өз мекендерин, үй-бүлө жана жарандарды коргоодогу шаръий милдеттери натыйжасында пайда болот.
Куфр дүйнөсү жихадий кыймылдарды өздөрү атайылап күчөтүп жатышат деп айтсак да болот. Себеби, алар баскынчылыктарын токтотушпаган соӊ,мусулмандар ыймандарынан келип чыгып, бул зулумдарга каршы жихад менен чыгууга мажбур боло беришет.
Бирок, Лавров айтып жаткан Халифалык мамлекети көрүнүшүндөгү Исламдын турмушка кайтышы үчүн аны Мабдаъ (система) катары кабыл ала турган үммөттүн даяр болушу зарыл. Бул үммөт мужахиддер болобу, армия аскерлериби, физика же фикх аалымыбы, же болбосо башка тармактагы мусулмандарбы айырмасы жок, бардыгы бир тараптуу пикирлеп, исламий мафкура негизинде жашоону талап кыла баштоосу керек болот. Т.а. үммөт Ислам негизинде ойгонуп, коомдун ар бир тармагында исламийлешүүнү талап кыла баштайт. Бул абалдын пайда болушунун аягына чыгышы, куфрдүйнөсүнүн үстүбүздөгү зулумдары аяктаганын түшүндүрөт.
Лавров жана башка куфр негиздөөчүлөрү бизди “Ислам мамлекети мына ушул ИШИМ уюму сыяктуу жихадий кыймылдар аркылуу турмушубузга кирип келет”деп адаштырмакчы болуп жатышат. Бул сыяктуу жихадий кыймылдардыбиздин көз алдыбызда кырып жиберип, мусулмандарды рухий түшкүндүккө түшүрүп коюшмакчы болушат. Бирок, биз мусулмандар жакшы түшүнүшүбүз керек болгон нерсе, Исламдын турмушка кайтып келиши өзүнчө шаръий өкүмболуп, Пайгамбарыбыз САВдын сүннөтүнө ылайык ишке ашат. Ошондуктан,биз мусулмандар куфр жетекчилеринин сөздөрүнөн таасирленбестен, бүтдүйнөдө исламий пикирий жана саясий күрөштөр аркылуу сүннөткө ылайыкаракет кылууну улантышыбыз важиб.
Куфр дүйнөсү мусулмандарды “бизге каршы күрөш Сирияда аскерий каршылыктар негизинде гана активдүү жүрүп жатат” деп ишендирмекчи болуп жатышат. Бирок андай эмес, куфр учурда бүт дүйнөнү басып алды. Сирияда болсо, мусулмандарга каршы ачык эле аскерий куугунтук жүргүзүп жатат.
Исламды турмушубузга Халифалык мамлекети жардамында алып келүү үчүн болгон аракеттер Сирияда эле эмес, дүйнөнүн жарымынан көп бөлүгүндө Хизб ут-Тахрир жана аны колдоп келе жаткан мусулмандар тарабынан жүргүзүлүп жатат. Куфр дүйнөсү өздөрүнө караштуу маалымат каражаттарын бул маалыматты ал тургай терс көрүнүштө жарыя кылуудан да тыят. Себеби, куфр системасы Ислам мафкурасына каршы күрөштө жеӊилген. Ошондуктан, бүгүнкү куфр системасы өзүнүн бардык аракеттерин ушул жеӊилүүсүн ашкере кылып жиберүүдөн жана дагы бул идеологиялык күрөшкө кайрадан кирип калуудан этият болуу негизинде жүргүзөт.