Россия Сирияга абадан чабуул кылып баштады. Бирок, бул согушка ким кызыкдар
Россия авиациясы Сириядагы Ислам мамлекети уюмунун аскерий запастары деп шектелген 8 чекитке ракеталар менен чабуул кылды. Россия тараптын баса белгилешинче, аскерий самолёттор бир күндүн ичинде 20 жолу асманга көтөрүлгөн. Ар бир бутага алынган чекиттер Асад армиясынын разведкасы тарабынан аныктап берилген имиш. Бомбаланган буталар Хома жана Хомс шаарларында ишке ашырылган.
Сирия улуттук коалициясынын башчысы Холид ажынын баса белгилешинче, ракеталуу бомбалардын дээрлик бардыгы карапайым калктын үстүнө түшүп, натыйжада 36 тынч жаран өлгөн. Алардын арасында аялдар жана жаш балдар да бар. Холиддин айтымында, бул аймактын калкынын демилгеси жана жардамы менен ИШИМ армиясы бул жерден бир жыл мурда кууп чыгарылган экен.
Россия менен Путиндин режими ортосунда кызыкчылыктар эки айрылыш жолго түшүп барууда. Путин Россияны жардын кырына карай тарта баштады. Максаты, ички чатактарга алып барып жаткан тышкы саясаттагы ар тараптуу кысымдардан кутулуу. Россия азыркы абалында узак тура албастыгы белгилүү. Батыш болсо, Путиндин бийликте ушул өжөрдүгү менен, мурункудай өнөктөш абалга кайтышына мүмкүнчүлүк бербейт. Россия экономикасын оңдоп жиберүүгө убакыт да, мүмкүнчүлүк да жок. Ошондуктан, Путин Россияны максатсыз жана кызыкчылыксыз согушка багыттап жатат.
АКШда болуп өткөн БУУнун кезектеги жыйынынан кийинки Обама менен Путиндин жолугушуусунун натыйжасында, Россияга Сирия проблемасына аскерий аралашуусуна уруксат берилди. Путин бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып алууга аракет кылат. Ал өзүн эл аралык коомчулук дагы деле эсептешүүгө мажбур болгон фигура сыяктуу кармоого аракеттенип жатат. Мындан тышкары, ички саясатында да, кудум дүйнөнүн проблемасы Путиндин колдоосуна муктаж болуп жаткандай көрүнүүгө аракет кылып көрөт. Ошону менен бир катарда, исламий терроризм коркунучу орус калкынын мекенчилдик жана патриоттук туйгуларын ойготушунан үмүттөнөт.
Бирок, эл аралык маалымат тармагы Россиянын аскерий операцияларынын натыйжасындагы жоготууларды жана карапайым калктын арасында жүрүп жаткан жырткычтыкты каралап бара беришет. Алар Россияга каршы жүргүзүп жаткан маалыматтык чабуулду таптакыр токтотушпайт.
Муну билип турган Путиндин режими ички проблемаларды чиелештирип бара жаткан маалыматтык чабуулду чалгытып, Россия менен орус калкын мамлекет жана жарандарынын кызыкчылыктарына тескери келе турган өтө кооптуу согушка алып кирип бара жатат. Бул согуштун натыйжасында Россия ичкерисинде исламий козголоңдор келип чыгуу коркунучу өтө күчөп барат. Бул болсо, учурда Россияны айла-амал менен Сирияга тартып кирип бара жаткан АКШ үчүн Россияны талкалап жиберүүдө өтө ыӊгайлуу абалды пайда кылат.
Путин Россиянын кризисин жашырууга канчалык аракет кылбасын, эми муну жашыруунун мүкүнчүлүгү калбады. Бул кризистердин пайда болушунда Путиндин каталары ушунчалык көп экендиги ашкере болуп жатат. Эми Путинге согуш керек болуп калды. Ал керек болсо Кавказга көчүп өтүшү мүмкүн болгон исламий куралдуу кагышууларга да каршы эмес. Тескерисинче, бул согуштар орус калкындагы мекенчилдик туйгуларын козгойт деп үмүттөнөт. Болбосо Шамдагы согуш Россиянын согушу эмес, АКШнын согушу жана проблемасы болчу. Кудум Афганистан сыяктуу. АКШ дагы кайрадан өзүнүн чыгындысын Росяга тазалатып алууга аракет кылып жатат.
Бирок, Ислам жана мусулмандарга каршы жүрүп жаткан бул согуштар Россияны талкалап жибериши мүмкүн. Путин муну билип туруп да, өз жанын сактап калуу үчүн Россияны күрөөгө коюп жибермекчи болууда.
Мигрантарды эсепке албаганда деле Россиянын өзүнүн жарандарынын көпчүлүгү мусулмандардан турат. Ошондуктан, орус калкынын өзү Путинден Россияны тазалап албаса, жакында Россия өтө чоӊ согуштар агымында калып кетиши мүмкүн. Бирок, анда кеч болот. Бул жакында орус туристтери, мигранттары жана чет өлкөдө ишкердик кылып жаткан жарандары коопсуздугунда проблемаларды пайда кыла баштайт. Ошол күн өтө чоӊ проблемалардын башталган күнү болот. Орус калкы ошондо чыныгы изоляцияны башынан өткөрөт. Путин ошол күндө да согуштан башка нерсени сунуштай албайт. Путин күч түзүмүнүн адамы болгондуктан, анын бир гана улутташтыруу саясатындагы катасы Россияны экономикалык кризиске алып келип койду. Эгерде Россия жарандары Путинди токтотуп калышпаса, алар үчүн өтө жаман натыйжалар болушу мүмкүн.
Абдураззак.
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Исламдагы сыпааттардын негизи Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?! Мусулман болбогон адамдар да…
Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы? Кыргызстан президенти Садыр Жапаров 4-февралда Кытай лидери Си Си Цзиньпиндин чакыруусу…
﷽ Мына ошентип, яхудийлер Газада жасаган үрөй учурган массалык кыргындан жана ойрондулуктардан кийин, мусулман акимдери…
Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу? Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда көз…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу Суроо: “Аль-Жазира” 2025-жылдын 26-январында өзүнүн сайтына төмөнкү…