Иран президенти Хасан Роухани Нью-Йоркто уюштурулган БУУнун башкы ассамблеясында сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө Сирияда терроризмди (Исламды) жок кылуу жана демократияны өнүктүрүү үчүн ар бир ишке даяр экендигин билдирди.
“Ирак жана Афганистанда демократиянын орношуусуна жардам бергенибиз сыяктуу эле Сирия жана Яманда да демократиянын өкүмдар болушуна жардам берүүгө даярбыз”, – деди Иран президенти.
О.э. Хасан Роухани үстүбүздөгү жылдын ажылык мезгилинде ажылардын жагымсыз окуялар себептүү өлүшүндө Саудия өкмөтүн айыптады. Шайтанга таш атуу ырасымында жүздөгөн ажылардын өлүмүнө себеп болгон окуя табигый кырсык деп эсептелбестигин айткан Роухани бул окуя Саудия өкмөтүнүн шалаакылыгы себептүү жүз бергендигин баса белгиледи. Кабарларда айтылышынча, Минада тебеленип өлгөндөрдүн көпчүлүгү ирандыктар болгон.
“Ажылыкта өлгөндөр үчүн аза күтүп жаткан элдин атынан сүйлөп жатам. Моралдык максатта чогулган жаш-кары, эркек-аял ажылар шалаакылык жана жаман башкаруунун курмандыгы болушту”, – деди Хасан Роухани.
Иран президенти ажылык мезгилинде өлгөн жаш-кары, эркек-аял ажылар тууралуу айтты го, бирок Сирияда Иран аскерлери тарабынан атайылап өлтүрүлүп жаткан миӊдеген бейкүнөө жаш-кары, эркек-аялдар тууралуу бир ооз да сөз айтпады. Акыйкатта болсо, Асаддын кошуунуна жардам берүү үчүн барган Иран аскерлери Сирияда кандай жийиркеничтүү иштерди кылып жатканына бүт дүйнө күбө болуп турат.
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Исламдагы сыпааттардын негизи Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?! Мусулман болбогон адамдар да…
Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы? Кыргызстан президенти Садыр Жапаров 4-февралда Кытай лидери Си Си Цзиньпиндин чакыруусу…
﷽ Мына ошентип, яхудийлер Газада жасаган үрөй учурган массалык кыргындан жана ойрондулуктардан кийин, мусулман акимдери…
Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу? Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда көз…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу Суроо: “Аль-Жазира” 2025-жылдын 26-январында өзүнүн сайтына төмөнкү…