Сирия оппозициясына АКШда даярдалган согушкерлер кошулду
АКШ куралдуу күчтөрүнүн борбордук командачылыгынын маалымат кызматынын кабар беришинче, америкалык инструкторлор тарабынан даярдалган 70 согушкер Түркия аймагы аркылуу Сирияга кирген.
Айтылышынча, “Сириянын жаңы күчү” деп аталып жаткан отряд мамлекеттин түндүгүндөгү оппозициянын иш-аракеттерине жетекчилик кылат.
Кабарда: “Сириянын жаңы күчтөрү эл аралык коалиция жардамында оппозициянын тандалма отряддары сабында согушат о.э. алар ири бөлүктөрдүн натыйжалуулугун күчөтүү үчүн болгон программалар учурунда топтогон тажрыйбаларын колдонушат”, – деп айтылат.
булак: “kun.uz”
Туркистон:
Керри Асаддын кетиши туурасында берилген суроого: “ Асад бийликтен кетиши керек. А бирок, анын кетиши биринчи күндөн же биринчи айдан болушу шарт эмес”, – деди.
АКШнын башкы катчысы Англияда болгон расмий сапару учурунда: “Сирияда көптөн бери уланып келе жаткан согуштарды токтотуу үчүн бардык мамлекеттер бир жакадан баш чыгарып аракет кылууну кечиктирип болбойт. Бул жаатта Хаммонд менен бир пикирдебиз”, – деди.
АКШ ИШИМ жана Асад режиминен өз кызыкчылыктары жолунда мүмкүн болушунча көбүрөөк пайдаланып калуу жолдорун издеп жатат. Асаддын ордуна оппозициялык өкмөт жана даярдыктан өтүп жаткан аскерий күчтөрдү да даярдап келе жатат. Бирок, учурдагы Асадга оппозицияда болгон күчтөрдү да өзү колдоп, кырдаалдагы теӊ салмактуулукту убактылуу кармап турат.
Европага проблема болуп жаткан качкындар маселесинде жана Сирияда жүрүп жаткан жыртыкчтыктарга себепкерлердин катарына Россияны дагы тарта баштаганы сезилип турат. Англиядагы билдирүүсүндө, Европадагы качкындар проблемасы Сирияда жүрүп жаткан согуштун натыйжаларынан экендигин айтып өткөн Керри “Россия ИШИМге каршы бир кыйла согушуусу керек окшойт” деп кошумчалады.
Сирия проблемасы жасалма проблема болуп, аны куфр системасы өзүнүн катуу көзөмөлү астында, келишкен абалда өздөрү үчүн ыӊгайлуу абалда жүргүзүп жатышат. АКШ жана ага кызмат кылып келе жаткан бир нече куфр мамлекеттери мусулмандарды жана бүтүндөй адамзатты чалгытуу максатында о.э. ал жердеги абалды бүтүндөй адамзат үчүн кооптуу кылып көрсөтүү максатында мусулмандарды өздөрүнө каршы провокация кылып, же өздөрү мужахиддердин атынан операцияларды уюштуруп, бүт дүйнөнү өздөрүнүн айланасына бириктирип алмакчы болушууда.
Көӊүл бурган болсоӊуз, Россияны талкалап жиберүүнүн астанасына келип калган АКШнын ИШИМге, Түндүк Кореяга, Израиль же Иранга күчү жетпей жаткан имиш. Түпкүлүгүндө, АКШ бул күчтөрдү өзү ар тараптуу колдоп, эл аралык мыйзам эрежелер жардамында ал жерлердеги режимдерди сактап келет. Максаты, алар аркылуу башка мамлекет же региондорду коркууда кармап туруу. Бул мамлекет же уюмдардын бирөө жарымы АКШнын уруксатынан четке чыгышы менен алардын башына да Саддам же Каззофий режимдеринин күнү түшөт.
АКШ Сирияда Асадга же ИШИМге каршы күрөшүп жаткан жок. Ал абалды өз кызыкчылыгы тарапка буруп, пайда болуп келе жаткан жаңы абалдардан дагы өз кызыкчылыктарын издөөнү улантып жатат.