ИШИМ шылтоосунда Сирияга кирген орус армиясы мужахиддерди бутага алууда

Сирияда Россия күчтөрү Асад режимине каршы согушуп жаткан мужахидерге каршы абадан чабуул кылууга жана Сирия топурагын канга бөлөөгө токтом кылды. Айрыкча, Асад режимин жок кылуу үчүн күрөшүп жаткан жана Асад күчтөрүнөн тартып алынган Идлиб шаары жана Лазкия-Хама жолдорун ээлеп турган мужахидерди бутага ала баштаганы айтылууда.

Россия күчтөрү ИШИМге каршы күрөштү дааба кылып Сирияга кирген эле. Россия президенти Владимир Путиндин маалымат катчысы Димитрий Песков эгерде Сирия Россиядан аскер жиберүүнү сураса, бул маселе көрүп чыгылышын билдирди.

Песков журналисттерге берген билдирүүсүндө: “Эгерде Дамаск ИШИМге каршы күрөш үчүн бизден аскер жиберишибизди сураса, бул маселе өз ара алакабыздын алкагында сүйлөшүүгө коюлат”, – деди.

Ал эми Россия күчтөрү ИШИМге каршы күрөштү дааба кылып Сирияга кирген болсо да, ИШИМге жана Асад күчтөрүнө оор соккуларды берген жана согушта ийгиликке жетишип бара жаткан “Фатх” тобуна каршы согушту баштады. Сириянын стратегиялык чекиттеринен болуп эсептелген Идлиб шаары о.э. Латакия жана Хама провинциялары жогорудагы топтун көзөмөлү астында.

Россиянын мужахидерге каршы күрөшүү чечими АКШ менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр уланып жаткан бир мезгилде ишке ашырылышы о.э. бүт дүйнө ИШИМге каршы бириккен бир убакта дал ушул ИШИМге каршы күрөшүп жаткан оппозициянын бутага алынышы көӊүл бурууга арзыйт.

Туркистон:

Демек, Россия АКШга расмий эмес түрдө кызмат кылмакчы. Бул кудум мурдагыдай эле Асадды коргоп, АКШ менен бирге ойногон оюндун уландысына окшойт.

Россиянын жогорудагы операциялары Керри менен Лавровдун телефон аркылуу болгон бир катар сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында келишкен долбоорлору негизинде жүрүп жаткан окшойт. Россия Сирияга өз алдынча жана өз кызыкчылыктары негизинде кирип бара албайт болчу. Эми ал Асадды эле эмес, белгилүү бир убакытка ИШИМди да коргоону өз мойнуна алат. Бул аракеттердин дээрлик бардыгы АКШнын көзөмөлү жана кеӊеши менен жүргүзүлөт.

АКШ Россияны эки түрдүү абалга алып барышы мүмкүн.

Биринчиси: Россиянын аскерий кубатынан пайаланат. Т.а. Сириядагы өзү үчүн ыӊгайсыз болгон күчтөрдү тазалоо иштеринде пайдаланат. Убагы келгенде ИШИМдин өзүн да Россиянын кубаты менен жок кылышы мүмкүн.  

Экинчиси: Россия үчүн эки абалда теӊ колдонула турган операция болуп, анда Россияны бүт дүйнөнүн алдында, айрыкча мусулмандардын көз алдында жырткыч, канкор кылып көрсөтүп алат. Россиянын ички саясий абалын эсепке алганыбызда бул өтө жаман натыйжаларга алып барышы анык. Бирок, АКШ бул жараянды тездетип жибериши, же болбосо өзүнө ыӊгайлуу учурду аӊдып бир аз кечиктирип турушу да мүмкүн.

Эки абалда теӊ Россиянын Сирия ишине аскерий жактан аралашуусу аны туӊгуюкка кептеп коёт. Акыры бул ыпылас иштердин бардыгы Путинге жана анын режиминин мойнуна жүктөлөт.

turkistonkg

Recent Posts

Мазаммат кылынган хулктар

 بسم الله الرحمن الرحيم  АДЕП-АХЛАК  Мазаммат кылынган хулктар (момундар жоготушу керек болгон хулктар) Кыянат, бапаасыздык:…

2 hours ago

Түрк мамлекеттер уюму кимдин кызыкчылыгына кызмат кылат?

Түрк мамлекеттер уюму кимдин кызыкчылыгына кызмат кылат? Кыргызстанда 6-ноябрда Түрк мамлекеттери уюмунун XI саммити өтөт.…

15 hours ago

Силерге аз гана илим берилген

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Силерге аз гана илим берилген Урматтуу бир туугандар “Асыл…

15 hours ago

Бир жыл болду, бирок 57 мамлекет эч бир чара көрүшкөн жок!

Басма сөз баянаты Бир жыл болду, бирок 57 мамлекет эч бир чара көрүшкөн жок! Яхудийлердин…

3 days ago

«Аллах жолунда (жихадда) өлтүрүлгөндөрдүн амалдарын (Аллах) эч качан текке кетирбейт»

Басма сөз баянаты ﴿وَٱلَّذِينَ قُتِلُواْ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ فَلَن يُضِلَّ أَعۡمَٰلَهُمۡ﴾ «Аллах жолунда (жихадда) өлтүрүлгөндөрдүн…

3 days ago

Убактылуу бийлик Хизб ут-Тахрир мүчөсүн камакка алуу менен шерменде үлгү көрсөттү

Басма сөз баянаты Убактылуу бийлик Хизб ут-Тахрир мүчөсүн камакка алуу менен шерменде үлгү көрсөттү 2024-жылы…

3 days ago