Наваз Шариф: АКШ 5 миллиард доллар сунуштады, мен албадым

Пакистан президенти Наваз Шариф ядролук куралды сыноону токтотуунун акысына АКШ беш миллиард доллар сунуштагандыгын билдирди. Наваз Шарифтин айтымында, ал улуттук кызыкчылыкты ойлоп бул каражатты алуудан баш тарткан.

 “Ядролук сыноодон баш тартышымдын акысына АКШ мага беш миллиард доллар сунуштаган эле. Мен тышкы басымдарга көӊүл бурбастан, мамлекеттин өнүгүүсү жана кызыкчылыгы үчүн токтом кылган элем. АКШнын мурдагы президенти бир нече жолу мага телефон чалып, ядролук сыноодон баш тартышым үчүн беш миллиард доллар акча сунуштаган эле”, – деди фермерлер жыйынында катышкан Пакистандын президенти.

Мамлекетте террордук окуялар азайгандыгын жана экономикалык абал оӊ тарапка өзгөргөндүгүн айткан Шариф, өкмөт биринчи орунда айыл чарбасына көӊүл буруп жаткандыгын жана Пакистанда фермерликти өнүктүрүү үчүн 3,4 миллиард доллардык жардам пакети даярдалгандыгын жарыя кылды.

“Айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн фермерлер продукцияларынын камсыздандыруусу, электр төлөмдөрүндөгү ыӊгайлуулук, банктан алган карыздарды төлөө, заманбап айыл чарба технологиясын импорт кылуу үчүн бажы жана киреше салыктарын өз ичине алган 341 миллиард рупилик жардам пакети бүгүнкү жыйында тастыкталды”, – деди Пакистан президенти.

Туркистон:

Пакистан исламий өлкөлөр ичинде ядролук куралга ээ болгон бирден-бир ядролук исламий өлкө болуп эсептелет. Калкынын саны боюнча дүйнөдөгү чоӊ мамлекеттердин арасында алтынчы орунда турат. Жер аянты Британия жана Франциянын жер аянтын кошуп эсептегенде да алардан чоӊдук кылат. Анын куралдуу күчтөрү дүйнөдөгү эӊ чоӊ куралдуу күчтөрдүн катарында жетинчи орунда туруп, алыскы аралыкка учуучу ракеталар,  ядролук куралдар менен куралданган. Пакистан ушундай өлкө болсо да, Американын буйруктары алдында ийилүүгө мажбур. Бул болсо, өлкөнүн алсыздыгынан эмес, тескерисинче, бир ууч чыккынчылардын кыянаты аркылуу ишке ашырылып жатат. Мына ошол бир ууч чыккынчылар Американын өлкөлөрүбүз үстүнөн өкүмдар болуп алышына шарт түзүп беришти, Американын өзү буга жетише албайт болчу. Пакистан дүйнөдөгү ири күчтөр ээ болбогон ресурстарга ээ болушуна карабастан, мына ушундай абалда. Шек-күмөнсүз, НАТОнун жардамчы күчтөрүнө жол ачып бергендер да, Америкага караштуу «Blackwater», ЦРУ тыӊчыларынын Пакистанга визасыз киришине уруксат бергендер да, Америка элчиканалары жана консулдук офистери кеӊейишине уруксат бергендер да, Америка аскерлеринин Пакистан  аскерий башкы штабдарында болушуна жол бергендер да мына ушул чыккынчы акимдер.

Аллах Пакистанга нефть, газ, кен-байлыктар, суу, түшүмдүү топурак жана эр жүрөк адамдарды эсепсиз кылып бергенине карабастан, чыккынчы акимдер бул мамлекетти колонизатор Батыш мамлекеттери жана Эл аралык Валюта Фондунун буйругуна ылайык башкарууда! Электр тогу жана жаратылыш газынын таӊкыстыгы адамдардын жашоосун бүтүндөй караӊгылыкта калтырган. Пакистандыктардын теӊ жарымы дагы деле жакырчылыкта жашап жатышат. Негизги муктаждык товарларынын баасы асманда. Мисалы, баалар көтөрүлүшүнүн натыйжасында 50 миллиондон ашуун пакистандык ачка абалда таӊ атырууга мажбур. Өлкө болсо чет өлкөлүк карыздарга батып, Американын камкордугу астында калган. Булардын баары ядролук куралга ээ болгон о.э. дүйнөдөгү эӊ чоӊ армияга ээ мамлекеттердин жетинчиси болуп эсептелген Пакистанда жүз берүүдө!

Ал эми Халифалык мамлекети бар убакта Пакистанда мусулмандардын абалы башкача эле. Мисалы, индиялык мусулмандарга мушриктер чабуул кылган кезде Мухаммад ибн Косим башчылыгындагы Халифалык мамлекетинин куралдуу күчтөрү Булуӊдан аттандырылган жана зулумду жок кылып, Исламий башкаруу нурун таркатышкан. Ал тургай, Халифалык мамлекети өтө эле алсырап кеткен доорунда да Американы жизя төлөөгө мажбурлай алган. Ал Американы миладий 1795-жыл, 5- июнь, хижрий 1210-жыл, 21-сафарда жизя төлөө туурасындагы келишимге кол койдурган. Бул келишим боюнча Америка Халифалык мамлекетине жыл сайын 642.000 алтын доллар о.э. 12.000 усманийлер алтын лирасын төлөп турган. Бул келишим Американын тарыхында биринчи жолу өзүнүн тилинен башка тилде түзүлгөн келишим болгон. Демек, Халифалык гана Пакистанды колонизаторлор чеӊгелинен куткара алат. Халифалык мамлекети гана үммөттүн кудуретин душмандын карамүртөздүгүнөн мусулмандарды коргоого жумшай алат.

Ошондой болгон соӊ, колонизатор кафирдин чеӊгелинен куткара турган жана Аллах түшүргөн дин менен өкүм жүргүзө турган Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн аракет кылуу зарыл. Ошондо момундар Аллахтын нусраты себептүү шаттанышат, Ислам жана анын калкы азиз, куфр жана анын калкы болсо кор болот. Мына ошондо Пакистан кошуунунун куралдары жана арсеналдары мусулман боордошторго каршы иштетилбестен, тескерисинче, жийиркеничтүү кафир колонизатор мамлекеттер тарабынан басып алынган исламий өлкөлөрдү куткаруу жолунда иштетилет.

turkistonkg

Recent Posts

Түрк мамлекеттер уюму кимдин кызыкчылыгына кызмат кылат?

Түрк мамлекеттер уюму кимдин кызыкчылыгына кызмат кылат? Кыргызстанда 6-ноябрда Түрк мамлекеттери уюмунун XI саммити өтөт.…

11 hours ago

Силерге аз гана илим берилген

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Силерге аз гана илим берилген Урматтуу бир туугандар “Асыл…

11 hours ago

Бир жыл болду, бирок 57 мамлекет эч бир чара көрүшкөн жок!

Басма сөз баянаты Бир жыл болду, бирок 57 мамлекет эч бир чара көрүшкөн жок! Яхудийлердин…

3 days ago

«Аллах жолунда (жихадда) өлтүрүлгөндөрдүн амалдарын (Аллах) эч качан текке кетирбейт»

Басма сөз баянаты ﴿وَٱلَّذِينَ قُتِلُواْ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ فَلَن يُضِلَّ أَعۡمَٰلَهُمۡ﴾ «Аллах жолунда (жихадда) өлтүрүлгөндөрдүн…

3 days ago

Убактылуу бийлик Хизб ут-Тахрир мүчөсүн камакка алуу менен шерменде үлгү көрсөттү

Басма сөз баянаты Убактылуу бийлик Хизб ут-Тахрир мүчөсүн камакка алуу менен шерменде үлгү көрсөттү 2024-жылы…

3 days ago

Европа Союзу мамлекеттеринин позициялары яхудий вужудуна жана анын региондогу баскынчылыгына кандай таасир кылат?

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Европа Союзу мамлекеттеринин позициялары яхудий вужудуна жана анын региондогу баскынчылыгына кандай…

3 days ago