Өзбекстандагы акыркы саясий окуялар

Суроого жооп

Өзбекстандагы акыркы саясий окуялар

Суроо:

2015-жылы 27-август күнү Америка мамлекеттик катчысынын Борбор Азия иштери боюнча жардамчысы Өзбекстанга келди. Мындан бир ай мурун т.а. 2015-жылы 27-июлда Америка куралдуу күчтөрүнүн борбордук командачысы Өзбекстанга келген болсо, андан бир аз мурун т.а. 2015-жылы 12-июнда БУУнун башкы катчысы Өзбекстанга сапар жасады… Бул удаама-удаа сапарлар Америка-Өзбекстан алакаларынын бекемдигине далилби? Же алакалардын алсыздыгына жана ишенимдин жоктугуна далилби? Америка Россия бул алсыздыктан пайдаланып Өзбекстанга өз таасирин өткөрүшүнөн тынчсызданып, алакаларды күчөтүү үчүн бул сапарларды тездетип жатабы? Бул, суроонун бир бөлүгү, суроонун экинчи бөлүгү – тогуттун кызы жана Россия жөнүндө. Себеби, тогуттун кызы атасынын ордун ээлеши туурасында имиш сөздөр тарап, тогуттун башкаруусу дагы узартылгандан кийин азыр анын кызы үй камагында жатат. Бул нерсе тогуттун кызы Россия менен алакада болгонун, бул алака ашкере болуп калгандан кийин үй камагына алынганын түшүндүрөбү же башка себептер барбы? Суроо ар түрдүү болуп калганы үчүн кечирим сураймын. Тезирээк жооп беришиӊизди суранамын, ал тургай, Жакынкы Чыгыштагы окуялар буга караганда маанилүү болсо да, бирок, бул, өз регион региону үчүн абдан маанилүү жана таасирге ээ. Аллах сизге жакшылык тартууласын.

Жооп:

Сизди айыптабайбыз, инша Аллах, сурооӊузго жооп беребиз:

Биринчи: Сапарлар маселеси:

Суроого жооп берүү үчүн бул сапарларды жана алардын маалымдалган максатын, бул максаттын артында эмне турганын карап чыгабыз:

  • Америка мамлекеттик катчысынын Борбор Азия иштери боюнча жардамчысынын орун басары Дэниэль Розенблюм 2015-жылы 27-августта Өзбекстандын борбору Ташкентте болгон учурунда берген билдирүүсүндө: «Кошмо Штаттар Өзбекстандан эл аралык коалицияга кошулуп, «ИШИМ» экстремисттик уюмуна каршы согушууну талап кылды», – деди. Ал дагы: «Кошмо Штаттар башчылыгында Сирия жана Иракта «Ислам Мамлекети» уюмунун мүчөлөрүн бомбалап жаткан коалиция аскерий курамдан турат, андан тышкары террорчуларга агып келип жаткан каражаттарды токтотууну көздөгөн иш-аракеттер да алып барылууда, коалиция адамдардын чегаралардагы кыймыл-аракети тууралуу маалыматтарды чогултат, коалициянын иш-аракети мындан башка дагы беш же алты багытты камтыйт, Өзбекстан же башка ар кандай мамлекет ушул курамдык бөлүктөрдүн бирине же көбүрөөгүнө салым кошууну тандай алат», – деди. («Рейтер», 2015-жыл, 27-август.)…
    • Демек, Америка Өзбекстанды «Ислам Мамлекети» уюмуна жана «терроризмге» каршы күрөш деген шылтоо менен өзүнүн коалициясына тартмакчы болууда. Мындан, Өзбекстанды өзүнө жакшыраак байлап алуу жана өзүнүн жетекчилиги астына алуу көздөлгөн. Америка муну Афганистанды басып алган кезде да тажрыйбадан көргөн. Себеби, ошондо Америка Өзбекстанды ушул согушта ал тарапта турууга, анын Афганистанга өтүү кыймылын жеӊилдетүүгө мажбур кылган. Ошол кезде Америка Афганистанга аскерий жардамдар жеткирилишин камсыздоо үчүн Өзбекстанда бир аскерий база да курган болчу. Ал эми, азыр Америка ИШИМ уюмуна каршы согушту шылтоолоп, Өзбекстан менен болгон алакаларын бекемдеп алмакчы. Америка мындан Өзбекстанда өзүнүн таасирин күчөтүүнү жана Өзбекстанды өзүнүн коалициясындагы өкүмдарлык-кожоюндугу астына киргизүүнү көздөгөн.
  • Өзбекстандын расмий маалымат агенттиги 2015-жылы 27-июлда Америка куралдуу күчтөрүнүн борбордук командачысы Ллойд Остин Өзбекстанга келип, өзбек президенти Каримов менен жолугушканы тууралуу кабар таратты. Каримов аны алкыштап: «Түрдүү даражадагы жана багыттардагы үзгүлтүксүз диалогдор Өзбекстанга жана Кошмо Штаттарга түрдүү тармактарда өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн берет», – деди. Агенттик дагы кошумчалап: «Жолугушуу учурунда кээ бир эл аралык маселелер, айрыкча, региондо тынчтыкты жана туруктуулукту камсыздоо үчүн өз ара кызматташтык маселелери талкууланды о.э. Афганистан маселесин тынч жолдор менен чечүү туурасында пикир алмашуу болду», – деди.
    • Бул болсо, Америка «өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү» деген чүмбөт астында Өзбекстанда түрдүү тармактарда өз таасирин бекемдөө үчүн жаңы ыкмаларды издеп жатканына ишара кылат. Бул кызматташтык бир тармакка гана чектелип калбастан, түрдүү тармактарды өз ичине алат. Себеби, ал – кабарда келгендей – Американын Афганистанда турушун колдоп-кубаттоо үчүн кызматташууну жана Өзбекстанды Американын Сирияда алып барып жаткан согушундагы коалициясына кошууну о.э. Өзбекстан Американын таяныч базасына айланып Американын Орто Азия регионунда турушун бекемдөөнү камтыйт. Мына ошондо Америка бул базадан туруп Өзбекстанга коңшулаш мамлекеттерге т.а. Казакстан, Түркмөнстан, Кыргызстан жана Тажикстанга тумшугун сала турган болот. Себеби, бул региондун байлыгы көп болгондуктан ал мамлекеттердин бардыгы Америка үчүн абдан маанилүү… Мисалы, Германиянын «Дер Шпигель» гезити 2015-жылы 15-апрелде өзүнүн Ташкенттеги кабарчысынын отчётунда төмөнкүлөрдү билдирди: «… Өзбекстан өтө чоӊ өлчөмдөгү уран жана жаратылыш газынын запастары менен бирге көптөгөн байлыктарга ээ, мындан тышкары, ал жерде алтын кендери да бар. Өзбекстан дүйнөдө пахта өстүрүлгөн эң чоӊ булактардын бири…». Дагы бир маанилүү нерсе – бул Россиянын атаандаштыгы. Себеби, Россиянын вужуду жана таасири бул региондо түрдүү деӊгээлде дале сакталып калууда. О.э. бул регион Кытай менен чектешет. Ошондуктан, Америка Кытайды ушул тараптан курчоого алып, ал жердеги ишмердүүлүгүн көзөмөл кылмакчы.
  • Өзбекстан маалымат агенттиги 2015-жылы 13-июнда БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мундун Өзбекстанга келгени жөнүндө кабар таратты. Өзбекстан президенти Каримов «БУУнун башкы катчысынын Борбор Азия мамлекеттерине, айрыкча, Өзбекстанга региондогу кырдаалды жакындан үйрөнүү жана маанилүү маселелер боюнча пикир алмашуу максатында жасаган бул сапары маанилүү экенин» баса белгилеп алкыштады. Агенттик Пан Ги Мундун «Өзбекстан миӊ жылдык өнүгүү, мыйзам үстөмдүгүн камсыздоо, адам, эне жана бала укуктарын коргоо жана билим берүү системасын өнүктүрүү максаттарына жетишүүдө бир катар утуштарга жетишкенин, бул утуштарга адам кызыкчылыктарын камсыздоону көздөгөн социалдык жана экономикалык реформаларды жүргүзүү аркылуу жетишилгенин» көрсөтүп өткөнүн билдирди. Пан Ги Мун «Афганистанда тынчтыкты камсыздоо жаатындагы Өзбекстандын ролун жана БУУнун 2016-2020-жылдарга болжолдонгон өнүгүүнү колдоп-кубаттоо программаларына кол коюу маанилүүлүгүн» да көрсөтүп өттү. Агенттик мындай деп кошумчалады: «Сүйлөшүүлөр учурунда регионалдык жана эл аралык маселелерге тиешелүү бир нече маселелер, Өзбекстандын БУУ, анын бөлүмдөрү жана атайын фонддору менен кызматташуу жолдору талкууланды»…
    • Пан Ги Мун адам укугу жөнүндө айткан болсо да, бирок, муну баса белгилебестен уялуу менен айтты. БУУ радиосу 2015-жылы 12-июнда өзүнүн сайтында «Пан Ги Мун Өзбекстанда» деген темада ушуларды билдирди: «БУУ башкы катчысы Пан Ги Мун Өзбекстан борбору Ташкентте өлкө президенти менен жолугушуу учурунда мындай деди: «Адам укуктарысыз тынчтыкка жана өнүгүүгө жетишүү мүмкүн эмес…». Пан Ги Мун президент Ислам Каримовду «мыйзам үстөмдүгүнө амал кылып жатканы» үчүн алкыштады, бирок, ал «жазып коюлган мыйзамдар адамдардын турмушунда болушу зарыл экендигин» айтты. Пан Ги Мун «БУУ Өзбекстанга негизги эркиндиктерди колдоп-кубаттоодо жана коргоодо жардам берүүгө даяр экендигин» баса белгиледи».

Бирок, Пан Ги Мун – жогоруда айтып өткөнүбүздөй – Каримовду жана анын башкаруусун көккө көтөрүп мактады. Буга таӊ калуунун кажети жок. Себеби, Пан Ги Мун – Америка жүгүртөктөрүнүн бири. БУУ башкы катчысы Американын буйругу менен иш кылышы жана саясаттарын ишке ашырышы баарыбызга белгилүү. Демек, анын бул сапары да мына ушул алкакта болду. Бул сапардан, Өзбекстанды Америка тарапка дагы да көбүрөөк тартуу көздөлгөн. Пан Ги Мундун бул сапары Каримов режиминин жүзүн жасап-түзөп көрсөтөт, бул тогуттун адам укугу деген нерсени тебелөө деп эсептелген кылмыштарын жаап-жашырат жана бул тогуттун жаңы мөөнөткө «шайланганын» куттуктап алкыштайт. Америка бул тогуттун ыплас жүзүн Пан Ги Мундун бул сапары аркылуу жакшы көрсөтүүгө аракет кылуу менен гана чектелбестен, мындан бир аз мурун мыйзамчылар делегациясын да жиберди. Бул тууралуу Өзбекстан маалымат агенттиги 2015-жылы 4-июнда мындай деп билдирди: «Ташкент мамлекеттик юридикалык университетинде АКШ федералдык мыйзамчылык борборунун директору Жереми Фогел башчылыгындагы Америка мыйзамтаануучулары делегациясы менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушуу учурунда Өзбекстанда демократиялык реформаларды жана жарандык коомду өнүктүрүү алкагында укуктук мыйзамчылык түзүмүндө түптөн реформалар жүргүзүлүп жатканы жана бул тармак үчүн кадрлар даярдалып жатканы көрсөтүлүп өттү». Бул нерселерден, бул тогуттун ыплас жүзүн – кудум, ал залим жана жырткыч эместей т.а. анда сот жана мыйзам бар сыяктуу – жакшы кылып көрсөтүү көздөлгөн!

Обама жакында эле тогут Каримовду куттуктаган болчу. Т.а. Обама бул тогутту 2015-жылы 29-мартта жасалма, ыплас, жалган «шайлоо» өткөрүп бийлигин беш жылга узартып алгандыгы менен куттуктады. Бул «шайлоо» ушунчалык «таза» өткөрүлгөндүктөн улам тогуттун шайлоодогу «атаандаштары» шайлоо кампанияларында тогуттун пайдасына агитация кылышты!!! Ошого карабастан, Америка да, БУУ да бул шайлоону сындап чыккан жок, тескерисинче куттуктап алкыштады!!! Ал тургай, бул «шайлоодон» бир ай мурун т.а. 2015-жылы февралда Вашингтон Өзбекстанды 300 бронетехника менен камсыздоого макулдук берди. Тогут Каримовдун Өзбекстан калкына каршы куралдуу күчтү колдонгонун Вашингтон билмексен болуп калды!!! Булардын бардыгы Американы жана БУУну шайлоолордун таза жана олуттуу өткөрүлүшү таптакыр кызыктырбастыгын, тескерисинче, бул шайлоолордун натыйжалары ушул экөөнүн пайдасына, аныгыраак айтканда, Американын пайдасына чечилиши гана кызыктырышын даана көрсөтүп турат. О.э. бул айтылгандар Америка Каримовду бул региондогу өзүнүн бир таянычы деп эсептешин да көрсөтөт. Ошондуктан, Америка бул тогутту өз чеӊгелинен чыгарбоо үчүн болгон күчүн жумшап жатат.

  • Бирок, бул нерселер Америка «Россия Өзбекстанга таасир өткөрө албайт» деп кадыржам деген маанини түшүндүрбөйт. Себеби, Россия Өзбекстан менен алакаларды бекемдөөгө жана Каримовду өзү тарапка тартууга аракет кылып келген, дагы эле аракет кылып жатат. Өзбекстан КМШнын аскерий-коопсуздук канаты болгон «Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунан» 2012-жылдын жарымында чыгып кеткен болсо да, бирок, ал «Шанхай кызматташтык уюмуна» дале мүчө. Ал эми, Россиянын бул уюмдагы таасири баарыбызга белгилүү, бул уюм 2015-жылы 8-июлда жыйын өткөрдү. Бул жыйында Путин 2015-жылы 10-июлда Өзбекстан тогуту Каримов менен жолугушту, жолугушуу учурунда эки мамлекет ортосундагы алакалар талкууланды жана Путин Каримовго Россияга расмий сапар менен барууну сунуштады. Белгилүү болгондой, бул эки мамлекет быйыл эки мамлекеттин ортосунда союздаштык алакалар келишими түзүлгөнүнүн 10 жылдыгын белгилейт. Россия Өзбекстандын соода-экономикалык жана инвестиция тармактарындагы эң маанилүү шериктеринин бири болуп эсептелет. Ошондуктан, эки мамлекет ортосундагы өз ара соода көлөмү көбөйүп бара жатат. 2014-жылы бул көрсөткүч 6 миллиард Америка долларынан ашкан!

Эскерте кетүүчү нерсе, орус президенти Путин өткөн жылдын аягында Өзбекстанга келип, Өзбекстан карызынын 860 миллион долларын кечип жибергендигин жарыялады. Бул болсо, Россия Өзбекстанга таасир өткөрүү үчүн таштаган кадамдарынын бири болушу мүмкүн. Кремлдин билдирүүсүндө келгендей, Каримов ошол сапар учурунда Путинге мындай деген: «Россия ар дайым Орто Азияда бар болот жана анын кызыкчылыктары туруктуулукту бекемдөөдө маанилүү роль ойноп келген». («DPA», 2014-жыл, 11-декабрь). Россиянын бул аракеттери күзөтүүчүлөргө анык байкалып турат. «Франс Пресс» агенттиги 2015-жылы 29-мартта «шайлоо» жөнүндө кабар берип, мындай деп жазды: «Американын Каримовго жардам көрсөтүүсү уланууда. Россия болсо Каримовду өзү тарапка тартууга дагы аракет кылды. Себеби, Путин декабрда Ташкентке келип, Каримовду Москва башчылык кылып жаткан Евразия экономикалык биримдигине кирүүгө көндүрүүгө аракет кылды. Бирок, Каримов муну четке кагып «өз мамлекетинин эгемендүүлүгүн саясий уюмдардан алыс туруу менен сактап калмакчы экенин» айтты». Демек, Россия Каримовду өзүнүн «огуна» кайтарууга үмүтүн үзбөй аракет кылып жатат. Ушул максатта Россия – Америка менен бекем алакада экенин билсе да – бул тогут менен алакаларын күчөтүүгө аракет кылууда.

  • Шек-күмөнсүз, Америка Россия менен Өзбекстан ортосундагы бул тартышууларды жакшы билет. Бирок, «тараза ташы» күчтүү көрүнүштө Америка тарапка басып жатат. Ошондуктан, Америка өзүнүн Өзбекстандагы таасири күчтүү экенине ишенет. Бирок, Америка учурда Россия Өзбекстандан оӊойлук менен баш тартпашын жакшы билет. Ушуга ылайык, күчтүүрөөк ыктымал мындай: америкалык жооптуулардын Өзбекстанга бул удаама-удаа сапарларынан тогутту колдоп-кубаттоо, аны бекемдөө, анын жүзүн жакшы кылып көрсөтүү, мына ошондон кийин ага күчөп баруучу зарядды берүү көздөлгөн. Америка бул тогутка: Россиядан коркпо… себеби, биз сени бардык тарабыӊдан коргойбуз, – деп айтып жаткандай! Булардын баарынан Америка өз таасирин Өзбекстанга өткөрүүнү улантып, бул тогутту Россия тараптан келе турган ар кандай коркунуч же зыяндан сактап калуу максат кылынган.

Экинчи: Сиздин тогуттун кызы жана анын Россия менен алакасы о.э. анын үй камагына алынгандыгынын себеби туурасындагы сурооӊузго келсек, бул ыктымалдан алыс. Себеби, тогуттун кызынын иш-аракети орустар өз таасирин Өзбекстанга киргизүүдө таянууга арзыбайт. Тогуттун кызынын бул иш-аракеттери, ал саясат жана башкаруу адамы экенинен көрө көбүрөөк алаңгазарлыкка, бузгунчулук жана коррупцияга жакыныраак. Ошондуктан, күчтүүрөөк ыктымал ушул: тогуттун кызынын бул иш-аракети акмак алаңгазарлык болуп эсептелет. Анын коррупцияга малынгандыгы атасы аны үй камагына алууга мажбурлады. Себеби, тогут өз кызынын коррупцияга малынгандыгы анын бийлигине зыян жеткиришинен коркуп жатат. Себеби, кызынын финансылык шерменделиктери Өзбекстандан чыгып Европа жана Америкага чейин жетти, ал тургай, бул шерменделиктер куураган чөпкө түшкөн учкун сыяктуу тез жайыла турган болуп калды. Мисалы, «Франс Пресс» агенттиги 2015-жылы 29-марттагы «шайлоону» ачыктап, мындай деди: «Президенттин кызы кылмыштуу топ жана өзүнүн шериктери арасындагы ишкер адамдар менен алакада болгондуктан ага тергөө иши ачылды». Бул агенттик мындай деп кошумчалады: «… Кээ бир эксперттердин айтымында, Каримова өзүнүн өкүмдарлыгына өтө эле ашынып баа берген, президент өз кызынын келечегин алдын ала ойлонуп жана эрктүүлүк менен алыстаттыбы же өз каалоосуна каршы көрүнүштө алыстаттыбы, бул белгисиз. Бирок, ал кызынын бул абалы өз режиминин туруктуулугуна зыян жетишине алып келиши мүмкүн деп эсептеди, ошондуктан, өз режиминин кызыкчылыктарын бардык нерседен үстөм койду». Агенттик дагы мындай деп жазды: «Президенттин кызы коррупция менен айыпталууда, ал Орто Азияда ишмердүүлүгүн жүргүзгөн «Телиасонера» шведдик байланыш компаниясынан 300 миллион долларды өзүмдүк кылып алууда айыпталып, бир катар Европалык соттор тарабынан куугунтуктала турган болуп калды». Швецариянын юстиция бюросунун өкүлү да тогуттун кызын коррупцияда айыптап, Каримовдун кызына таандык эсептердеги активдердин өлчөмүн ачыктоону четке какты (анын мамлекети бул акчаларды сактап келүүдө), бирок, юстиция бюросу бул каражаттар – бир нече гезиттер маалымдагандай – 640 миллион доллардан азыраак экенине ишара кылды.

Корутунду: Бул кыз коррупцияга малынган. Ошондуктан, ал Россия менен болгон алакасы себептүү үй камагына алынгандыгы ыктымалдан алыс. Тескерисинче, анын шерменделиктери бардыгынын ачуусуна тийди, ошондуктан, анын тогут атасы бул иш анын таажы-тактысына таасир кылып, натыйжада аны кулатышынан коркуп калды, ошол себептен улам өз бийлигинин өмүрүн узартуу үчүн кызын мажбурий үй камагына алуу менен тыйып коюу пикирине келди!

Акырында айтарыбыз, адам укуктары жөнүндө ооз көбүртүп сайраган Американы жана башка Батыш мамлекеттерин Каримов режими бул укуктарды эң жийиркеничтүү көрүнүштө тебелеп жатканы кыпындай да тынчсыздандырбайт. Бул колонизаторлорду алар ооз көбүртүп сайраган демократия негиздеринин эч бири кызыктырбайт, тескерисинче бул колонизаторлор үчүн бул мамлекеттеги өз кызыкчылыктарына жетишүү эң маанилүү. Ушундай максатта Америка бул режимди өзүнө бекем байлап алууга аракет кылууда, Америка бул режимди тияк-биякка ообой турган кылып, биргеликте иш алып баруудан алыстабай турган кылып, же дагы кайрадан Россиянын кучагына кайтпай турган кылып өзүнө байлап алмакчы. Себеби, Россия Өзбекстанды дагы кайрадан өзү тарапка тартуудан үмүтүн үзө элек…

Акырында айтаарыбыз, Өзбекстан калкы өз Исламын бекем кармаган, алардын эркин коммунисттердин зулуму жана зомбулугу сындыра албаган, бул коммунисттердин илманийлик жана либерализм тонун кийген калдык-саркындысынын зулум, зомбулугу да Өзбекстан калкынын эркин сындыра албады… Себеби, Өзбекстанда ушундай бир эр кишилер бар, аларды ишкердик жана соода-сатык Аллахтын зикиринен чалгыта албайт. Алар Аллахка берген убадаларына ишенимдүү кишилер. Алар Аллахка берген – ал заттын жолунда шейит болуу туурасындагы – убада-шертерине бекем турган кишилер, алардын айрымдары өз убадасына туруп, шейит болушту, дагы айрымдары болсо шейит болууга ынтызар. Алар мунафыктарга окшоп Аллахка берген убада-шерттерин өзгөртүшкөн жок. Алар даъватты бекем жеткирип жаткан эр кишилер. Алар – рошид Халифалык мамлекетин тикелеп исламий жашоону кайрадан баштоо үчүн күнү-түнү тыным албай олуттуу аракет кылып жаткан кишилер. Өзбекстан тогутунун зомбулугу жана кыргындары алардын кайратын таптакыр күчсүздөнтө албайт. Тескерисинче, Кудуреттүү, Азиз Зат бул тогутту о.э. анын колонизатор кожоюндарын жана жардамчыларын кыйрата турган убакыт, инша Аллах, алыс эмес. Ошол күндө Бухара, Термиз жана Самарканд дагы кайрадан нурга толот, Халифалык Өзбекстанга, бүтүндөй Орто Азия жана мусулман өлкөлөрүнө нурун чачат.

وَيَوْمَئِذٍ يَفْرَحُ الْمُؤْمِنُونَ * بِنَصْرِ اللَّهِ يَنْصُرُ مَنْ يَشَاءُ وَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ

«Ошол күндө момундар Аллахтын нусраты себептүү шаттанышат. (Аллах)Өзү каалаган кишилерге нусрат берет. Ал кудуреттүү, ырайымдуу».       [30:4-5]    

  22-зул-каъда, 1436-х.

 6-сентябрь, 2015-м.

turkistonkg

Recent Posts

Түрк мамлекеттер уюму кимдин кызыкчылыгына кызмат кылат?

Түрк мамлекеттер уюму кимдин кызыкчылыгына кызмат кылат? Кыргызстанда 6-ноябрда Түрк мамлекеттери уюмунун XI саммити өтөт.…

4 hours ago

Силерге аз гана илим берилген

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Силерге аз гана илим берилген Урматтуу бир туугандар “Асыл…

4 hours ago

Бир жыл болду, бирок 57 мамлекет эч бир чара көрүшкөн жок!

Басма сөз баянаты Бир жыл болду, бирок 57 мамлекет эч бир чара көрүшкөн жок! Яхудийлердин…

2 days ago

«Аллах жолунда (жихадда) өлтүрүлгөндөрдүн амалдарын (Аллах) эч качан текке кетирбейт»

Басма сөз баянаты ﴿وَٱلَّذِينَ قُتِلُواْ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ فَلَن يُضِلَّ أَعۡمَٰلَهُمۡ﴾ «Аллах жолунда (жихадда) өлтүрүлгөндөрдүн…

2 days ago

Убактылуу бийлик Хизб ут-Тахрир мүчөсүн камакка алуу менен шерменде үлгү көрсөттү

Басма сөз баянаты Убактылуу бийлик Хизб ут-Тахрир мүчөсүн камакка алуу менен шерменде үлгү көрсөттү 2024-жылы…

2 days ago

Европа Союзу мамлекеттеринин позициялары яхудий вужудуна жана анын региондогу баскынчылыгына кандай таасир кылат?

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Европа Союзу мамлекеттеринин позициялары яхудий вужудуна жана анын региондогу баскынчылыгына кандай…

3 days ago