Назарзода Тажикстан өкмөтүн коопсуздук күчтөрүнө болгон чабуулдарды уюштургандыкта айыптады

Тажикстан коргоо министринин мурдагы орун басары Абдухалим Назарзоданын билдирүүсүнө ылайык, Душанбе жана Вахдат шаарларында ИИМ кызматкерлерине каршы уюштурулган куралдуу чабуулдар өкмөт тарабынан Бириккен тажик оппозициясынын мурдагы талаа командирлерин айыптоо максатында ишке ашырылган.

 Тажик оппозициясынын порталы “tajinfo. тj”нын кабар беришинче, Душанбе жана Вахдатта ишке ашырылган куралдуу чабуулдарды уюштурууда айыптуу катары каралып жаткан коргоо министринин мурдагы орун басары Абдухалим Назарзода өзүнүн чабуулдарга тиешеси жоктугу туурасында билдирүү берген. Анын билдирүүсүн “Facebook” социалдык тармагына Назарзоданын досторунун бири жайгаштырган.

Порталдын кабар беришинче, “Генерал өзүнүн өкүлдөрү аркылуу билдирүү жөнөткөн жана аны ЖМКлар аркылуу таркатууну суранган”.

“Генерал Назарзоданын кайрылуусуна ылайык, Бириккен тажик оппозициясынын командирлерин айыптоо максатында өкмөттүн өзү бир нече милиция бөлүмдөрүнө чабуул уюштурган. Өкмөт бул чабуулдар артынан окуя болгон жерлерге алда качан эле өлтүрүлгөн талаа командирлеринин денелерин таштап, бүт дүйнөгө алар куралдуу кагышуу учурунда жок кылынгандыгын жарыя кылышмакчы болгон. Муну алар Вахдатта гана ишке ашыра алышкан, себеби, ал жерге чабуулду Тажикстандын атайын кызматтары уюштурган”, – деп айтылат оппозиция порталынын кабарында.

Назарзода кайрылуусунда баса белгилешинче, Бириккен тажик оппозициясынын мурдагы талаа комнадирлери Тажикстан Исламий кайра жаралуу партиясын жок кылууга кошулбаганы себептүү мына ушундай куугунтуктарга учураган.

Мурда кабар берилгендей, өткөн жуманын таӊында Вахдат шаардык ички иштер бөлүмүнө жана Тажикстан коргоо министрлигинин борбордук аппаратына куралдуу чабуул уюштурулган болчу. ИИМ бул эки чабуулдун натыйжасында сегиз аскер кызматкери жана тогуз согушкер өлгөндүгү тууралуу кабар таркаткан.”РИА Новости” булактары болсо, 33 адам өлгөнү, алардан 25 адам аскер кызматкерлери экендиги туурасында кабарлаган болчу.

Өкмөт ушул чабуулдарга 1997-жылдагы жарашуу келишимине ылайык Куралдуу күчтөрдүн курамына киргизилген о.э. оппозиция үчүн бөлүнгөн 30 пайыздык квота негизинде республиканын коргоо министрине орун басар болуп дайындалган генерал-майор Абдухалим Назарзода жетекчилик кылганы туурасында кабарлаган болчу.

turkistonkg

Recent Posts

Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?!

Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?! Мусулман болбогон адамдар да…

16 hours ago

Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы?

Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы? Кыргызстан президенти Садыр Жапаров 4-февралда Кытай лидери Си Си Цзиньпиндин чакыруусу…

16 hours ago

Трамп ок атууну токтотуу туурасында кырсыктуу абстрактуу планды жолго коюуда

﷽  Мына ошентип, яхудийлер Газада жасаган үрөй учурган массалык кыргындан жана ойрондулуктардан кийин, мусулман акимдери…

3 days ago

Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу?

Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу? Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда көз…

4 days ago

Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу Суроо: “Аль-Жазира” 2025-жылдын 26-январында өзүнүн сайтына төмөнкү…

5 days ago

Абу Жахилдин өлтүрүлүшү

Бисмиллаахир рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Абу Жахилдин өлтүрүлүшү Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

7 days ago